Путин дагы, Трамп дагы, Акаев, Бакиев, Атамбаевдер дагы өтөт дүйнөдөн. Бирок Кыргыз деген эл, Кыргызстан деген жери менен миңдеген кылымдар бою чыныгы көз карандысыз өлкө болуп турса экен деген изги тилегим бар.   

   

Акыркы бир жумадан бери массалык-маалымат каражаттарында Орусиянын президенти Владимир Путиндин февраль айынын аягында Бишкеке жумушчу иш сапары менен  келүүсү “Кыргызстандагы өлкө башчысын шайлоого официалдуу старт берет” деген өңдүү билдирүүлөр менен чыгып жатышкан биздеги айрым саясатчы сөрөйлөрдүн серептери ушул маселе боюнча өз оюмду билдирүүгө мажбурлады. Биз эмне Орусияга караштуу автономдуу область же республикабызбы? Эмне эле биздин “эл башчысы болом” деген билермандардын дээрлик көпчүлүгү “ай караган Текеден”  бетер эле жалдырай Москваны же Вашингтонду карашып, “андагы катталардын мага дагы көз кыры тийип калабы” деген үмүттө,  шайлоодогу жеңишти эң биринчиден баардык жандуу-жансыздын эгеси болгон жараткандан эмес, өз добуштарын берип келечектен ишеним арта турган элинен эмес,  тилекке каршы Путинден, Трамптан, деги койчу ж.б толгон токойлордон издешет.

 

Ушунун баарын көрүп олтуруп деги Кыргызстан чындап эле өз алдынча эгемендүү өлкөбү, же биздеги мамлекеттик башкаруу системасындай эле кагаз жүзүндө эгемендүү, ал эми иш жүзүндө баардык жагынан ар кимге көз каранды бир байкуш мамлекетпи (?) деген суроого жооп издеп, баш маң болууда. Орусия менен АКШ геосаясий чөйрөдө өздөрүнүн  таасирин күчөтөбүз деген максаттары аркылуу түндүк-түштүк, оң-сол кылып бир элди экиге бөлүп алып согуштуруп, уруштуруп коюп, бири бир жагын куралдандырса, экинчиси экинчи жагына курал сатып  акчага туйтунуп, “эмне болот экен” деген таризде сырттан көз салып мыйыктарынан күлүп турушарын сокур эле адам көрбөй, дүлөй эле адам укпай калбаса баарыбызга белгилүү эле болду окшойт. Буга далилдер Сирия, Украина, Түркия ж.б. толгон токой мамлекеттердеги тилекке каршы кечээги тарыхый эмес, бүгүнкү саясий абалдар күбө. Ал эмес союздун убагында СССР деген улуу держава менен АКШ баарынан так эл делген Германиянын немецтерин экиге бөлүп, бир мамлекеттин ортосуна бийик тосмо койдурууга жетишкен. Дал ушундай саясий оюнчулардын кесепетинен улам түндүк-түштүккө бөлүнгөн Корей эли бүгүнкү күнгө чейин түндүгү түштүгүн, түштүгү-түндүгүн көрөйүн деген көздөрү жок жашоо кечирип келишүүдө. Мына эки чоң державанын тарыхта калтырган чоң издери ушундай. Мындай саясий оюнчулардын бир гана максаты, дүйнө айдыңында өздөрүнүн таасирлерин күчөтүү болуп эсептелет.

Ушунун баарын көрүп-билип турушуп эле, биздин эл эсебинен байышып, алды соттолгон, арты соттолбогон аткаминерлер баардыгы байма-бай Москвага, Вашингтонго учушуп, “Барып жолугуп келдим. Мени колдой турган болушту”  таризинде кептерди кыйытып, өз тегерегине саясий күчтөрдү топтоо менен алек. Ал эле эмес айрым тар чөйрөлөрдө мурдунун учунан алысты көрө албаган, бийлик десе элин, жерин кошуп сатчу айрым эл башы болом деген маңкурт саясатчылар “Кыргызстандын дагы түндүгүн өзүнчө бөлүп, түштүгүн өзүнчө бөлүп алып башкарса деле болот”,- деген чолок ойлорун кыйытып жүргөндөрүн угуп калып жатабыз. Минтип өздөн чыккан жаттар пайда болуп жатканда кичинекей Кыргызстаныбызды экиге бөлүп, майдалап акыры барып жок кылып жиберүү чон державалар үчүн андай деле кыйын иш эмес. Бүгүн мамлекетке башчы болом деген эр азаматтар өздөрүнүн ушундай кылыктары менен миңдеген жылдар тарыхы, өз жүзү, өз улуту, өз тили бар улуу Кыргыз элинин намысын башка элдердин алдында тепсеп берип жаткандарын түшүнүшөт болду бекен. Манас атабыз чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, курамадан журт жыйнап берсе, биздин азыркы баатырмын деп эл бакчу  сөөрөйлөр жыйналганды чачып, үзүлгондү андан ары дагы майдалап үзүп,  журт бузгандан башка колдорунан келбей калды көрүнөт. Болбосо өз  бактысын сыртта аңдып турушкан үчүнчү күчтөрдөн эмес, акыйкатты, чындыкты издеп чыркырап, учурдагы кыйынчылыктан чыгарып кетер уул-кызын таппай жаткан карапайым өз элинен издеп, аймак-аймактарды кыдырып, андагы оорчулуктарды өз көздөрү менен көрүшүп, журт башы болом деген изги тилектерин элге ортого салып, алдыга койгон пландарын элге тааныштырып, ынандыра алса батасын алып, эл ишенимине ээ боло албаса, “кой” деп жылкысына карап ышкырчу аткаминерлер барбы деги?! Өздөрү айтып жүрүшкөндөй, алакандай Кыргызстанды кыйынчылыктан, талап-тоноочулуктан чыгаруу үчүн деги биздикилерге дагы канча жыл керек? Туура 25 жылдан бери эле өз мыктыларыбыз чалып кеткен ылайдан чыга албай бир ордубуздан жылбай, сырттын көзүн караганыбыз караган. Же биз эмне, мүмкүнчүлүгү чектелген, тубаса дарты бар, ууру-кескилерге жык толгон  эгемендүүлүктү энчибизге алганбызбы? Бала деле жарык дүйнөгө келгенден кийин ата-эненин кароосунда, багуусунда болуп, акыры 18 жаштан өтүп эрезеге жеткенде өз алдынча түтүн булатып, керек болсо көпчүлүгү кайра ата-энесине жардам берип кетет го. Биздин эгемендүү жаш Кыргызстаныбыз болсо ичибиздеги ууру-кески, ырыс кыйдылардын азабынан 25 жылдан бери тамтаңдап баса албай, майып болуп олтурабыз. Азыр карап олтурсаң кайра эле ошол эл ырыскысына кол салып, чөнтөктөрүн кампайтышкандар мамлекет башчысы болом менен убара болуп, сырт жактан колдоо издеп чуркап жүрүшөт. Акыры келип алардын  тагдырларын  чечип жеңишке жеткирүүчү дагы, жеңилтүүчү дагы Путин же Трамп эмес, кыргыз эли  го. Же эмне эл байкуш капчыктуу аткаминерлер үчүн  үчүн шайлоого келгенде каалаган акчасына сатып алчу товар катары эле бааланып калганбы?

 

Эмнеси болсо дагы Кыргызстандын ар бир жараны өз добушун коргоого алып, “менсиз деле шайлап коюшат” деген арсар, көңүлкош мамилелерин өзгөртүп, эгемен Кыргызстандын келечеги үчүн мыйзамдуу жол менен шайлоо аркылуу күрөшө турган мезгил келгендигин сезиши керек. Эгерде ар бирибиз “менин берген  добушум эртеңки жашоомду аныктайт” деген сезим менен шайлоого келип, ууруларга уурдатпай, акчалууларга сатпай, өз аң-сезимибизди туура жолго багыттасак гана биз дал бүгүнкүдөй сыртты карап жалдыраган, намыссыз  күнкарама саясатчылардан арыла алабыз. 

 

Ал эми “Кыргыз элине башчы болом, көз карандысыз Кыргыз мамлекетин жетектейм”,- деген изги тилеги бар азаматтар шайлоодо колдоону сырткы күчтөрдөн, акчадан эмес, киндик каны тамган жеринен, касиеттүү элинен издесе, Путинден, Трамптан эмес, Алладан үмүт кылса гана тилеги орундаларын көкүрөгүнө түйсө ишинин жыйынтыгы жакшы болмок. Сыртка карап уулугундарга  даанышман элибиз тээ илгертен эле “өз агасын агалай албаган, жат агасын сагалайт” деген акылман баасын берип койгон. Эгер биздин мыкчыгерлер түшүнсө Путин менен Трамп деле Кыргызстанга окшогон эгемендүү эки өлкөнүн башчылары гана. Алар дагы жөн гана шайлоодо өз элинин колдоосун таап эл добушу менен шайланган пенделер. Мүмкүн алар өз эли үчүн жан үрөп иштеп жатышкан мыкты, көрөгөч жетекчилердир. Бирок биз үчүн биздин келечегибизди аныктоочу таасирге ээ болбошу керек. Анткени Кыргызстан дагы өз эли, жери, тили, маданияты, чек арасы бар көз карандысыз эгемен өлкө. Биз өз киндигибизди өзүбүз кесип, өз тагдырыбызды өзүбүз чечип келген элбиз. Кыргызстандын президентин кыргызстандыктар гана шайлоого укуктуу. Анан минтип шайлоо башталбай жатып аларга барып жалдырап колдоо издеп жүргөн биздин саясатчы сөрөйлөр эртең эл аралык саясатта кантип Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт? Бул жагдайдын дагы бир жагы – президенттик шайлоо болгон сайын Москвага же Вашингтонго чуркаганды адат кылып алган саясатчылар кийинки өсүп келе жаткан келечек муунга кандай тарбия калтырып жатат? Алар да, “президент болуш үчүн Москванын батасын алышыбыз керек турбайбы”,- деген шайтан азгырыкка үйрөнүп жатпайбы. Бул өтө коркунучтуу симптом. Бара-бара өсүп келаткан муун азыркы саясатчылардан да өткөн кошоматкор болушуп, Кыргызстаныбызды “жалдырап кайра-кайра бара бергенден көрө составына кирип алалы, алар дайындап атышкан соң, дайындалып эле кете берели”,- десе эмне болот? Эгемендүүлүгүбүзгө коркунуч келип жатпайбы!

 

“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” деген экен даанышман элибиз. Путин дагы, Трамп дагы, Акаев, Бакиев, Атамбаевдер дагы өтөт дүйнөдөн. Бирок Кыргыз деген эл, Кыргызстан деген жери менен миңдеген кылымдар бою чыныгы көз карандысыз өлкө болуп турса экен деген изги тилегим бар.      

 

Улукбек Маматаев,

“Ак Калпак” саясий партиясынын лидери

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл