Адыл Жекшеев: “Жамандын коногу бийлейт” дегизбейли...

 

Кечээ “Вечерний Бишкек” гезитинин пресс-борборунда сот системасындагы  реформасы тууралуу тегерек үстөл болуп, катышуучулардын бири “соттордун реформасы ойдогудай ишке ашпай жатат” десе,  экинчиси соттордун эркин чечим чыгарышына тоскоолдук жаратып,  соттордун имараттарынын алдына элдер нааразычылык акцияларга чыгып, сотторго ишеним артпаган жагдайлар орун алып жатканына токтолушту. Биздин көңүлдү  соттордун реформасынан мурун сотторго тоскоолдук жаратып митингге чыккандар көпчүлүк учурда имараттын сыртында башка маселени көтөрсө, ичинде аларга тааныш эмес маселеге чекит коюлуп, чечим чыгып жатпайт дегени жана кытайлык инвесторлордун мүлкүн тартып алды деп жалган маалыматты “Дело№” гезитине жарыялап жибериптир деген “Баткен Майнинг” компаниясынын ишенимдүү өкүлүнүн сөзү бурду.

 

“Кандайча кытайлык инвесторлордун мүлкүн тартып алышты, ал кандай жол менен ишке ашты, ага кимдер көмөктөштү? Ал компания кандай иштер менен алектенет?”- деген суроолорго жооп алуу үчүн “Баткен Майнинг” компаниясынын ишенимдүү өкүлү Адыл Жекшеевди кепке тарттык.

 

- Адыл мырза, “Дело№” гезитиндеги кытайлык инвесторлордун мүлкүн тартып алды деп бир эмес, эки жолу жалган маалымат чыкты дедиңиз. Ал маалымат калп экенин кантип далилдейсиз?

 

- Туура “Дело №” гезитине 21.12.2016-жылы жана 1.02.2017-жылы рейдерлик жол менен кытайлык инвесторлордун мүлктөрүн тартып алышты деген аталыштагы автору жок макала жарыялап, президентке кайрылып, коңгуроо какканга, кыргыз мамлекетинде инвесторлордун мүлкү тартылып алынып  жатат дегендей коомдук пикир жаратууга аракет кылышкан. Чынчынына  келгенде “Дело№” гезитинде жабырлануучуга айланган Чен Мао Чун менен Гао Жин Вей мүлкүн тартырып жиберип, как талаада калган инвестор эмес. Алар башкача айтканда, алдамчылык жол менен башка компаниялардын мүлкүнө ээ болгусу келген адамдар. Сөзүм куру болбош үчүн мисал келтирейин. 2012-жылдын  сентябрь айында Гао Жин Вей менен Чен Мао Чун бишкекке келип, “Алтын жылга” кенин казуу үчүн   “Баткен Майнинг” компаниясынын 80 пайыз акциясын сатып алмак болот. Алар “Алтын жылга” кениндеги алтындын запасынын көптүгүнө кызыгышат да, кенди иштетүүгө “30 миллион доллар салабыз. Бизге 80 пайыз акцияны бергиле” дейт. Аталган алтын кенинин 10 пайызы мамлекетке таандык болот. Ары ойлонуп, бери ойлонушуп,  келишим түзүүгө токтолушат.  Келишим “Баткен Майнинг” компаниясы менен кытайлык инвесторбуз деген Чен Моу Чундун “Син Хуа” компаниясынын ортосунда түзүлөт. “Баткен Майнинг” компаниясында 90 пайызына  ээ болгон Кань Ман деген кытайдын тил  билбегенинен пайдаланып, жанагы инвестициялык келишимди аткарыш үчүн “80 пайызды сен бизге өткөрүп берип жатканың үчүн бул келишимге кол кой” деп кол койдуртуп алат. Жыйынтыгында, жанагы 80 пайыз “Син Хуа” компаниясына өтпөй эле Чен Мао Чунга өтүп калат. Башкача айтканда, “Алтын Жылга” кенинин 80 пайызы 30 миллион доллар салам   деген “Син Хуа” компаниясына  эмес, “Син Хуа” компаниясынын ээси  Чен Мао Чунга өтүп  калат. Тагыраак айтканда, “Алтын жылга” кенинин 80 пайызы физикалык жатан жеке жакка өтөт. Башкача айтканда, Чен Моу Чун өзүнүн фирмасына эмес, өзүнө алдап өткөрүп алат. Качан гана Чен Мао Чундун калпы чыгып калганда 80 пайыз акция мага эмес, “Син Хуага” өтсүн деген келишимди калыбына келтирип бергиле деп сотко кайрылат. Бирок, бул убакта келишимди аткарбаганы үчүн убада кылынган 30 миллион долларды бербегени үчүн  сот ал келишимди түп тамырынан бери жокко чыгарып, “Баткен майнинг” компаниясынынын мурунку ээлерине 80 пайыз акцияны  алып берет.  Бирок, бүгүнкү күндө акыйкаттуу чечим кабыл алып, ишти адилеттүүлүк менен караган сотторго капа болуп, Чен Мао Чун менен Гао Жин Вей сотторду жана укук коргоо органдарын каралаганга аракет кылып, өздөрү алдамчылык иштер менен алектенгенин унутушуп, жабыр тарткан инвесторлордун  кейпин кийип, коомдук пикир  жаратуунун айласын издеп жатышат. Барынан кызыгы, жокко чыккан келишимдерди калыбына келтирүүнүн аракетин көрүп, аталган кытайдын жарандары жаңы жагдайлар жок экенине карабай жаңы ачылган жагдайлардын негизинде деп ишти кайра каратууга аракет жасап жүрүшөт. Айтайын дегеним, соттон утулган ызаасына чыдабай  7-апрель боюнча түзүлгөн “Айкөл-Ала Тоо” коомдук кыймылын сот 7-апрель боюнча туура эмес, жыйынтык чыгарып койду деп алдап аларды соттордун имаратынын алдына митингге чыгарып, сотторго басым кылып, сыртта турган элди  аларга тиешеси жок чечим чыгартып алууга аракет  кылышып жатышат.

 

- Айтканыңызга ынаналы, бирок өздөрүн инвестор деп тааныштырган кытайлар ал нерсени кантип ишке ашырып жатышат? Же аларга жол көрсөтүп, кол-кабыш кылган адамдар барбы?

 

- Туура. Алардын Кыргызстанда тааныштары жок. Ошондой эле кыргыз, орус тилдерин да билишпейт. Өкүнүчтүүсү, алардын жаман оюн ишке ашышына “Баткен Майнинг” компаниясынын ээси болгон Кани Мандын котормочусу кытайча эркин сүйлөгөн Абдысайит Каримбеков деген адам жардам берип жатат деген ойго келем. Себеби, ал  котормочу кийин Кани Мандын ишенчектигин пайдаланып, Чен Мао Чун тарапка өтүп кетет. Кыскасы, Чен Мао Чун менен Гао Жин Вейдин  Кыргызстандагы бардык ыплас иштери Керимбеков  аркылуу ишке ашат. Анткени, алар алдамчылык жол менен тартып алган мүлктөрдө Керимбеков башында котормочу болсо, жыйынтыгында алардын бирге иштеген портнёруна айланып, аты көбүрөөк атала баштайт.  Алар бир эле “Баткен Майнинг” компаниясын эле эмес, дагы бир ресторанды тартып алууга үлгүрүшөт. Ошондой эле жасалма документ менен  БЛС курулуш компаниясын да сызга отургузушат. БЛС курулуш  компаниясынын жетекчисинин ишенимине кирип, “биз Кытайдан каражат алып келиш үчүн компания 100 пайыз биздин карамагыбызга өтүшү керек экен” дешет. БЛС курулуш компаниясынын ээси алардын сөзүнө ишенип, чыныгы кытай инвесторлору экен деп аларга каттатып берет. Жыйынтыгында ал таптакыр акцияга ээ болбой калып, джанагы котормочу болуп жүргөн Керимбеков 80 пайыз акциясына ээ болуп, аларга тиешелүү мүлктөргө жана курулуп бүтө элек имараттарга ээлик кылып калышат. БЛС компаниясынын ээси алданып калганын билип, алар да сотторго кайрылып, чындык издей башташат. Биз да алар менен чындык, адилеттик издеп жүрүп, сотто таанышып калып, окшош тагдырга туш болгонубузду билдик. Менимче алардан биз эле эмес, башка дагы фирмалар жабыр тартса керек. Бул тегерек үстөлдөн кийин алданып калдым деп биздин катарды толуктап калгандар болот го деп ойлойм.  

 

- Бир эле Керимбековдун жардамы менен жогоруда аты аталган эки кытай  ушунча фирманы тартып алууга үлгүрдүбү же  жогору жактан көз салып, аларга жан тарткан бирөө барбы?

 

- Менин оюмча Керимбековдун жардамы менен эле алар мынчалыкка жетишмек эмес. Аларды жогору жактан колдоп тургандар да болду. Айтайын дегеним, Жылдыз Мамбеталиева Юстиция министринин орун басары, министр болуп турган мезгилинде алар жазган арыздар ошол замат каралып, биз жазган арыздар башкача айтканда, “Баткен Майнинг” компаниясынын мурдагы ээси сотто жеңип чыкканына карабай анын укуктарын калыбына келтирүүдө ар кандай шылтоо менен убакытты чоюп жүрүштү. Айтайын дегеним, Жылдыз Мамбеталиева Юстиция министри болгон мезгилде  “Баткен Майнинг” компаниясы боюнча 18 жолу кайрылып, мурунку ээлерин каттоодон өткөрө албай койдук. 2016-жылы гана мурунку базага өзгөртүүлөр киргизилип, мүлктөр мурунку кожоюндарына берилди. Ушул жагдайлардан улам аларды Жылдыз Мамбеталиева да тымызын колдоого алганбы деген ойго кептелем.

 

- Жогоруда аты аталган өзүн инвестормун деп тааныштырып, кыргызстанда алдамчылык иш менен алек болгон Чен Мао Чун менен Гао Жин деген кытайдын жарандары “Баткен Майнинг” компаниясын тартып алуу менен эле чектелиштиби же дагы кыйнатчылык иштерди кошо жасаштыбы?

 

- Кыянатчылык иштерди кошо жасашты. Айтайын дегеним, Кани Манга карызга акча беришип,  карызын сурабай туруп, карызымды алып, бербей жатат деп сотко кайрылышып, 7 жылга соттотуп жиберишкен. Жогорку сотко келгенде гана карыз алып, карыз берүү кылмыш эмес экенин жабыркады деген  Гао Жин Вей эч кандай жабыркабаганы билинди.  Кани Ман дагы жогорку Сотто “эгер алар карызымды бер десе, мен сотко кайрылтпай эле берет болчумун. Булар менден карызды бер деп бир да жолу сурашкан жок”- деди. Кыскасы, жогоруда алдамчылык менен алек болгон кытайлык эки жаран Кани Манды каматып, “Баткен Майнинг” компаниясына таандын “Алтын жылга” кенине биротоло ээлик кылып алууну көздөшкөн. Булардын кыянатчылыгы мунун менен эле токтоп калган жок. Башкача айтканда,  соттор мүлктөр ээсине берилсин деген чечим чыгарып  койгондон бери эмгектери күйүп кетскенсип, “Баткен Майнинг” компаниясын “Чзин Чен” деген башка компания аркылуу карызга батыруунун айласын жасап жатышат. Айтайын дегеним, кымындай да иш кылышпай туруп, “Баткен Майнинг” компаниясы 400 миң доллар “Чзин Чен” деген компаниядан карыз алган. Ошону төлөп бргиле деп жатышат. Бул ишти тескөөгө алган комиссиянын эксперттик курамы андай каражт карызга алынгыдай иш жалабаганын, эч канча акча зарташпаганны айтып жатышат. Кыскасы, мыйзамдын талаптарына жооп бербей турган жараксыз келишимди калыбына келтирип бергиле деп жогоруда айткандай жаңы жагдайлар жок экенине карабай  сотко кайрылып жатышат.   

 

Өкүнүчтүүсү, алдамчылык жол менен инвестор деген масканы кийип алып, ар кимдин мүлктөрүн тартып алган алдамчы адамдарды “Дело №” гезити колдоого алып, аларды жабыркаган адамдай көрсөтүп, Кыргызстандын укук коргоо органдарын жаман атты кылып, сотторго тил тийгизип, бул сот мындай, тигил сот тигиндей дедирип жатышат. Медалдын да экинчи жагы бар дегендей урматуу окурмандар, урматтуу кыргызстандын жарандары биздин чындыкты да көз жаздымда калтырбай окуп, туура кабыл алат деп ойлойбуз.

 

Ошондой эле, ушундай ыплас иштер менен алек болгону үчүн, кыргыз жарандарын алдап, сызга отургузууга аракеттенгени үчүн сот жообуна тартылып, өз жазасын алышын талап кылабыз. “Жамандын коногу бийлейт” дегизбейли. 

 

Алымбай Нуралиев

Булак: “Де факто” гезити, №5 (308), 10-февраль 2017-жыл