Карганбек Самаковдун кыргыз эли үчүн жасаган зор эмгегинин негизинде калк арасында кадыр-баркы өсүп баратканын көрө албаган ички душмандары жок жеринен жалаа жаап, ак жеринен каралап, карандай доомат артып жатканын байкоого болот

 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда, бир жылдан бери жүрүп жаткан Карганбек Самаковдун жер иштерине байланыштуу соттук териштирүүсүнө ММКнын өкүлү катары башынан аягына чейин катышып, күбө болгондугума байланыштуу калыс пикиримди коомчулукка маалымдап кетүүнү туура таптым. Учурда соттук териштирүү да соңуна чыгып калды. Бул соттук териштирүүдө КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан чакырылган 50 (элүү) дөн ашуун күбө суралды. Күбөлөрдүн дээрлик бардыгы (99%) Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Кара-Жыгач”, “Лебединовка”, “Байтик” айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерди, калктуу конуштар категориясына трансформациялоо учурунда мыйзам бузуулар болбогонун,  дегеле трансформация маселесине Карганбек Самаковдун тап-такыр тиешеси жок экенин, Кубанычбек Самаков (Карганбек Самаковдун уулу) трансформация болгон жерлерди жеке менчик жер ээлеринен мыйзам чегинде, бешене тер нак акчасына сатып алганын айтып, ташка тамга баскандай так көрсөтмө беришти...

 

Мына ушунун баарын саресептен өткөрүп, иликтеп карап отуруп: Карганбек Самаковдун кыргыз эли үчүн жасаган зор эмгегинин негизинде калк арасында кадыр-баркы өсүп баратканын көрө албаган ички душмандары жок жеринен жалаа жаап, ак жеринен каралап, карандай доомат артып жатканын байкоого болот. Маселен: КРнын экс-премьер-министри Темир Сариев КРнын Конституциясынын 12-беренесин, КЖКнын 304-беренесин, Жер кодексинин 222-беренесин бузуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, андагы өкмөт башчы И.Чудиновдун 11.10.2008-жылы чыгарган айыл чарба багытындагы жерди, калктуу конуштар категориясына трансформациялоо боюнча №574-токтомун,  03.09.2015-жылы №616-токтому менен жокко чыгарган. КРнын мыйзамдарына ылайык  премьер-министрдин токтомун сот гана жокко чыгарууга укуктуу. Кызматтык кылмыш ишин жасоо менен И.Чудиновдун токтомун жокко чыгарууга Темир Сариев эмнеге ашыкты?- деген жоопсуз суроо коомчулукту түйшөлтүп келет.

 

Темир Сариев бул мыйзамсыз иш-аракеттери менен “Байтик” айыл аймагына чоң эмгек менен келген  4 миллиард сомдук (50 млн. АКШ доллары) инвестициядан, “Биримдик-Кут” айылынын 1830 үй-бүлөөсүнүн турак үйлөрүнөн, “Биримдик-Кут” айылына 10 гектар жерге курула турган 45 000 (кырк беш миң) тонналык 450 (төрт жүз элүү) адам иштей турган 50 (элүү) млн. АКШ доллары  турган айыл чарба продукталарын дыйкандардан сатып алып, сактап чет мамлекеттерге жөнөтө турган ХАБ-терминал курулуш инвестициясынан, “Кара-Жыгач” айылынын 20 млн. сомдук инвестициясынан кол жуудурганын жергиликтүү эл айтып жатат. “Биримдик-Кут” айылына инвестициялык жол менен курулуп бүткөн ишкана да учурда кызыл китеби жок, мамлекет тарабынан кысымга алынып иштебей турганын маалымдап кайгырып отурат карапайым айыл тургундары.

 

Чындыгында бул соттук териштирүүдөн КРнын Президентине, карапайым калкына Карганбек Самаковду эл душманы көргөзүүгө  тымызын аракет жасап, ал-терге түшүп убара тартып жаткандардын караанын көрүүгө болот. К.Самаков 2000-жылы Ат-Башы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланып келип, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган күндөн баштап чет мамлекеттерден инвестиция тартып келүү иш чараларын колго алыптыр. Карганбек Самаков кыргыз элине каруусун казык кылып кызмат өтөп келе жатканын карапайым эл жер муштап отуруп, чын дилинен айтып берип жатканын угуп, элдин пейилине ыраазы болдум.

 

Карапайым элдин оозунан угуп, жазып алган маалымат боюнча: Карганбек Самаков турмуш шарты татаал, бийик тоолуу Нарын өрөөнүнө 2001-жылы “Ага-Хан” эл аралык фондунун чоң программасын алып келүүгө өбөлгө түзүп, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, №21-Ат-Башы шайлоо округунун депутаты катары “Эл аралык келишимдер мыйзамына” ылайык “Ага-Хан” эл аралык өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосундагы келишим түзүүдө жана аны ишке ашырууда башында турган. Анын натыйжасы менен бүгүн Нарында “Борбордук Азия Университети” курулуп бүтүп жатат. 2006-жылдан бери “Ага-Хандын” професионалдуу үзгултүксүз билим берүү мектебинен 12 200 (он эки миң эки жүз) кыргызстандын жараны билим алып, эл аралык жана башка ар тараптуу уюмдарда иштеп жатышат.

 

“Ага-Хан” өнүктүрүү жана билим берүү фонду менен 2010-2012-жылдар аралыгында түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Байтик” айылына Борбордук Азиядагы заманбап иновациялык технология менен билим берүүчү эң чоң мектеп-академиясынын курулушун тартып келген. Республикалык масштабда караганда бул абдан чоң инвестиция. Мындай эл аралык деңгээлдеги заманбап иновациялык технология менен билим берүүчү эң чоң мектеп-академиясы биздин айылга курулуп калса деген аруу тилек ар бир мекенчил кыргыз жаранынын жүрөгүндө катылып жатканы нагыз чындык...

 

Мындай ири өлчөмдөгү инвестицияны тартып келүү албетте оңой-олтоң иш эмес. Анүчүн дээрлик 2 (эки) жыл бою Париж (“Ага-Хан” фондунун борбордук кеңсеси Париж шаарында) менен “Ага-Хандын” Борбор Азиядагы бөлүмүнүн кеңсесине каттап, “Ага-Хан” элчилиги менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үй бетин көрбөй эмгектенүүгө туура келгенин иш-чаранын катышуучулары далилдеп беришти. “Ага-Хан” өнүктүрүү тармагынын программалары дүйнө жүзүнүн 8 (сегиз) аймагында, 34 (отуз төрт) мамлекетинде ири көлөмдөгү эл аралык агентстволору, институттары, банктары, мектептери, мейманканалары (ж.б.) бар. Ал тармактарда 80 000 (сексен миң) ден ашуун адамдар эмгектенишет. Биздин Кыргызстандагы бөлүмүндө эле 1100 (бир миң бир жүз) адам иштеп, жакшы эмгек акы менен камсыз болуп келүүдө.

 

Карганбек Самаковдун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында “Ага-Хан” фондунун тоолуу өрөөндөрдү өнүктүрүү программасы боюнча Ош, Нарын областтарынын тоолуу аймактарында 320 000 (үч жүз жыйырма миң) адам жашаган 185 (бир жүз сексен беш) айылдын негизги социалдык муктаждыктары болгон мектеп, бала-бакча, ФАП, мончо сыяктуу көйгөйлүү маселелери чечилип, 2000-жылдан бери талкаланып иштебей турган 110 (бир жүз он) бала-бакчаны оңдоп-түзөтүп, кайрадан ишке киргизип берген. Азыркы учурда ал бала-бакчаларда 10400 (он миң төрт жүз) бала тарбияланууда. Андан сырткары 43 000 (кырк үч миң) дыйкан чарбаны тейлей турган 142 (бир жүз кырк эки) ветеринардык пункт ачып берген. Республиканын айыл аймактарында таза суу, ирригация жана башка инфраструктуралары болуп 160 (бир жүз алтымыш) проектини ишке ашырышкан.

 

Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болгонун, Кыргыз Республикасынын экономикалык абалын жакшыртууга мыкты долбоорлорду түзүп, миллиарддаган сомдук инвестицияларды чет мамлекеттерден тартып келгенин, КРнын Президентинин саясатын колдоорун айтпаганда да, “Манас” эпосун менчиктеп алган 1,5 млрд. калкы бар Кытай Эл Республикасына каяша айтып, Кыргыз элинин руханий дөөлөтү болгон улуу эпос Кыргыз Республикасына, анын ичинде кыргызстандык кыргыздарга гана таандык экенин ЮНЕСКОнун борбордук штаб квартирасы жайгашкан Париж шаарына ондогон илимпоз тарыхчыларды, эксперттерди, журналисттерди өз эсебинен 100 (жүз) миңдеген доллар акча каражылап алып барып далилдеп, мындан ары бир дагы чет мамлекет, эч качан талаша албай тургандай акыркы чекитти коюп, эл наамысын коргоп мыйзам чегинде кайра кайтарып алып келгени үчүн Карганбек Самаковго жалпы Кыргыз Эли жабыла ыраазы болуп, алкыш айтып келет...

 

Жогорудагы опол тоодой эмгектерин, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан чакырылган күбөлөрдүн акыйкат көрсөтмөлөрүн эске алып, сот адилеттүү чечим чыгаруусун Самаковдордун үй-бүлөөсү менен бирдикте карапайым Кыргыз Эли да зарыгып күтүп жатат. Акыркы сөз адилеттүү сотто...

 

Бахпурбек Аленов

Булак: “Майдан.kg” гезити