Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстандагы коррупцияга АКШда көңүл бурган.

Россиянын "Независимая газета" басылмасы Кыргызстанда Райымбек Матраимовдун камакка алынышы боюнча кеңири макала жарыялап, аны "мафияга сокку" деп атаган. 

"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкөнүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде Райим-миллион деген атка ээ болгон Райымбек Матраимов камакка алынды. Аны менен чогуу үч бир тууганы да камалды. Мурдагы бажычы бир нече беренелер: кылмыштуу кирешелерди адалдоо, улуттар аралык кылмыштуу топтор менен байланыш боюнча айыпталып жатат. Республикада биринчи жолу бүтүн кланды жоопкерчиликке тартуу окуясы катталды", - деп жазган басылма.

Анда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган учурда башталып, бирок ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кланын териштирүү менен гана чектелгени белгиленген. 

"Так ошол Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын өлкөдөн 700 миллион доллардан кем эмес каражатты чыгарып кеткен бажы коррупциясына катыштыгы бардыгы айтылган. Ал  өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, жүз миллиондогон долларларды тапкан жана Кыргызстандагы эң бай адам болуп эсептелинген, Райым-миллион деген каймана атын ошентип алган.

Коомдук уюмдардын, ММК өкүлдөрү жана кайдыгер эмес жарандар митинг өткөрүшүп, Матраимовду камоону талап кылышкан. Бирок Сооронбай Жээнбеков далил жоктугун айтып кутулуп кеткен.

"Новые лица" басылмасына милициянын генералы Өмүрбек Суваналиев "Жээнбеков Матраимовдордун кланынын барымтасында калган" деп билдиргендей, Матраимов жөн гана коррупционер эмес, ал партия түзүп, бийлик үчүн күрөшүп баштаган. Анын максаты биринчи вице-премьер кызматына келип, бардык күч түзүмдөрүн башкаруу болгон.

Кыргызстандагы коррупцияга АКШда көңүл бурган. Кыргыз бийлигинин аракетсиздиги Матраимов жана анын жубайына катталган көп сандаган мүлктөрдү Магнитский тизмесине киргизүүгө себеп болгон.

Садыр Жапаров бийликке келээри менен коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабын жарыялаган, жалпысынан үч этапка бөлгөн. Биринчи этаптын алкагында Райымбек Матраимов бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинин фигурантына айланган. Бирок ал тергөө менен кызматташууга келишим түзүп, мамлекетке келтирген зыяндарынын ордуна 2 миллиард сом төлөп чыккан. Андан соң Кыргызстандан чыгып кеткен.

УКМК муну менен эле тынчып калган жок, ал жаңы дүйнөлүк кутумдун бетин ачууга киришти. 2023-жылдын ноябрь айында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн 3-этабынын алкагында, Райымбек Матраимов менен Камчыбек Көлбаевди "Кыргызстанда мафия түзүүгө" айыптаган. 2023-жылдын октябрь айында жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында, Көлбаев жок кылынган. УКМК Матраимовго издөө жарыялаган жана анын Бишкек менен Ош шаарларындагы жалпы суммасы 80 миллион долларды чапчыган мүлкүн камакка алган. Ташиев ошондой эле, Матраимов менен байланышы бар 200дөн ашуун мамкызматкер кызматтан кеткенин билдирген. Андан тышкары парламенттин айрым депутаттары, Матраимовдун санаалаштары мандатын тапшырган.

Райымбек Матраимов бажы тармагында 1997-жылдан тартып иштеген. 2015-2017-жылдары мекеменин төрагасынын орун басары болгон. Мурдагы бажычыны Азербейжандын атайын кызматынын жардамы менен таап, кармашкан. 26-мартта Бакудан Бишкекке эстрадицияланган", - деп жазган басылма. 

Андан ары "Ой Ордо" эксперттик демилгелер Борборунун директору Игорь Шестаковдун пикирине орун берилген. 

"Кыргызстанда жогорку даражалуу аткаминерлер кармалып келген, ал турмак президент Атамбаев түрмөдө отурууга да жетишти. Бирок толук бир кланды, мүчөлөрү жогорку мамлекеттик кызматтарда отурган, аны менен мыйзам чыгаруу бийлигинин калыптанышына чоң таасири бар кланды кармоо болгон эмес. Өлкөнүн коомдук-саясий жашоосунда көп нерсени чечкен кланды... Албетте, тергөө аяктаганга чейин күтүп, андан кийин кандайдыр бир корутунду чыгарууга болот. Бирок кандай болгон учурда дагы бул окуянын өзү кол тийбестер болбой турганын айгинелейт.

Бийликтин бардык түзүмүн сормо саздай тартып бараткан коррупциянын айынан Кыргызстанда эмгек мигранттарынын саны өскөн. Коррупциялык схемалар көмүскө экономиканын, контрабанданын, тар чөйрөнүн байышын шарттады. Калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү, айрыкча түштүк тарапта эмгек миграциясы, Россиядан которулган акчалардын эсебинен гана жашоого аргасыз болушту.

Учурда бийлик коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттардын эсебин элге берүүдө. Акча социалдык тармакка кетип жатат. Жаңы ишканалар, жаңы жумушчу орундары түзүлсө, бул өлкөнүн "ак" экономика өткөнүнүн кабары болмок", - деген Шестаков.