Соңку тапта каза тапкан чекарачынын аты-жөнү такташтырылды. Маркум 1992-жылы туулган Нурдин Абдыкайым уулу экен. 

 

Ош, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев. Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 104-чакырымы кар  көчкүдөн толук бойдон тазаланды. Ушул тапта эки тарапка каттам мурдагы нугуга түштү. Бул жөнүндө райондук жол тейлөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Аттокуров маалымдады.
    
- Чекарачылар бараткан “УАЗ” автоунаасы көчкүнүн алдында калып кеткен. Машина чыгарылды. Ал эми андан алысыраак жерден чекарачынын сөөгү табылды. Анын денеси мамлекеттик чекара кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди, - деп кошумчалады Кара-Кулжа райондук №26-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Бактыбек Аттокуров. 


Соңку тапта каза тапкан чекарачынын аты-жөнү такташтырылды. Маркум 1992-жылы туулган Нурдин Абдыкайым уулу экен. 


Эске салчу жагдай: ушул жылдын 4-февралына караган түнүн Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 104-чакырымында күтүүсүздөн көчкү жүрүп, 25  жаштагы чекарачыны дароо басып калган. Анын жанындагы 3 чекарачы автонуудан алысыраакта жүрүшкөндүктөн, кырсыктан качканга үлгүрүп калышкан.