Ишкердин артынан бир нече күн аңдып, акыры өз үйүнөн чыгып келе жатканда жолун тороп, атып салышкан

 

Бишкек, “Саясат.kg”. 2017-жылдын 18-январында саат 17:00 чамасында Жалал-Абад ШИИБнун нөөмөт бөлүмүнө Индустриальная көчөсүндө мамлекеттик белгиси “Тойота” үлгүсүндөгү автомашинанын айдоочусу бети башы кан абалда, автомашинасынын ичинде отурган жеринен тез жардам кызматы алып кеткендиги жөнүндө кабар келип түшкөн.

 

Жалал-Абад шаарынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Индустриальная көчөсүндө жайгашкан “Кыргызтелеком” ишканасынын батыш тарабындагы автожолдо күмүш түстөгү, мамлекеттик белгиси D ---- АА сандуу “Тойота-ярис” үлгүсүндөгү автомашина жолдун чыгыш жээгинде токтоп тургандыгы аныкталган.

 

Окуя болгон жерге жана автоунаага кароо жүргүзүлгөн учурда автоунаанын эшиктери ачылган абалда, артыңкы сол тарабындагы фарасынын астындагы бампери жаңы чийилген абалда экендиги такталган. Ал эми автоунаанын алдынкы айдоочу орундугунун астындагы резина поликтин үстүндө белгисиз травматикалык ок атуучу пистолеттин бир даана гильзасы, алдыңкы жүргүнчү орундуктун үстүндөгү лобовой айнек менен эшигинин айнегинин ортосундагы кошумча айнектин астынан дагы бир даана белгисиз травматикалык ок атуучу пистолеттин гильзасы буюм далил катары табылып алынган. Автоунаага жана окуя болгон жерге толук кандуу кароо жүргүзүлүп, Жалал-Абад ОИИБнын Патрулдук милиция бөлүмүнүн автоунаалар коюулуучу короосуна токтотулган.

 

Аталган автоунаанын айдоочусу - Жалал-Абад шаарынын тургуну, үй-бүлөлүү, жеке ишкер (Б.Осмонов көчөсүндөгү “Таджи-Махал” кафесинин ээси) 1954-жылы туулган Азизов Абдусатар экендиги такталып, азыркы учурда Жалал-Абад областык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. А.Азизовтун оң тарап кулагынын астын кичи операция учурунда, травматикалык ок атуучу пистолеттин тоголок формадагы, каучукка окшош шариги алынган. Оор жаракатынан улам жабырлануучу өзүнө келбестен, 4 күндөн кийин каза болду.

 

Окуя боюнча топтолгон материалдар алынып, медициналык, баллистикалык, биологиялык экспертиазалар дайындалып, Кылмыш-Жаза кодексинин 28/97- беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышты “Мерседес-Бенц 600” үлгүсүндөгү автоунаада азият улутундагы, белгисиз жарандар жасагандыгы аныкталып, бул автоунааны аныктоо жана кылмышкеркерлерди кармоо боюнча “Тосмо” (“Перехват”) операциясы киргизилип, посттор коюлуп, багыттамалар берилген.

 

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изин суутпастан шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын тургуну 24 жаштагы Д.А , мурда соттолбогон, эч жерде иштебеген, бойдок жана анын досу, автоунаанын айдоочусу Сузак районунун тургуну 23 жаштагы Р.Н. кармалып, автоунаасы жана далил буюм катары атылган тапанча жана анын 4 даана октору менен табылган. Алар кылган ишин толук мойнуна алып учурда шектүү атуулдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Тергөөнүн жүрүшүндөгү алгачкы маалыматка караганда, кылмышка шектүү жабырлануучунун (каза болгон) артынан бир топ күн аңдып жүргөн. 18-январь күнү Д.А. саат 3:00 чамаларда досунун “Мерседес-Бенц 600” автоунаасына олтурушуп, “Таджи-Махал” кафенин жанында жайгашкан Новои көчөсүндө, өз үйүнөн автонаасы менен чыгып келе жаткан 63 жаштагы Азизов Абдусатардын артынан аңдып, жолун бууп (кысып) токтотот да түшүп барып жабырлануучу Азизов Абдусатарга карай эки ирет ок атып, изин жашырып качып кеткен.