Россиялык оппозиционер Алексей Навальный аэропорттон камакка алынды

Россиялык оппозиционер Алексей Навальныйды «Шереметьево» аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишти. Навальный Москвага Берлинден келген болчу.

«Алексейди чек арадан полиция кызматкерлери алып кетишти. Себебин түшүндүрүшкөн жок. Жактоочусуна аны менен барууга уруксат беришкен жок. Алексей менен эмне болуп жатканы, аны кайсы жакка алып кетишкени белгисиз», - деп жазган Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш.

Ошондой эле Навальныйды аэропорттон тосуп алууга барган тарапташтарын дагы кармап кетишти.

Булак: Баракелде