Бишкек, “Саясат. kg”. Америка-ислам мамилесинин кеңеши президент Трамптын мусулмандар тууралуу кабыл алган чечимине нааразычылыгын билдиришет.

 

Америка-ислам мамилелер кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын чечимин сотко берүүнү көздөшүүдө.

 

Трамп качкындарды жайгашьыоуу программасын 120 күнгө жана  мусулман калкы басымдуулук кылган бир катар өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүсүнө 90 күнгө чейин тыюу салган чечим чыгарган.

 

Интерфакстагы маалыматка караганда, эми АКШга Сириядан барган качкындар кире алышпайт. Алардын ордуна христиан дининдеги качкындарга мүмкүнчүлүк кеңири берилет.

 

Ошондуктан, америка-ислам мамилелер кеңеши Трамптын мындай кадамындагы конституциялык мыйзам сакталганын сот аркылуу аныктоого аракет жасашат. Бул боюнча доо арыз Виргиниянын сотуна бүгүн  берилет.