(Ф.Гүлендин Өзбекстан менен Кыргызстандагы мектептеринде Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) 130 агенти англис тил мугалими болуп иштешкен...)

 

(Башы өткөн сандарда)

 

Эски достун айрылышы

 

Өлкөдө жалгыз жана өтө кубаттуу күчкө айлануу менен Эрдоган жана Гүлен аңгыча бири-бирине карама-каршы багытка бурулушту. 2012-жылы гүленчи-шакирттер кокустан эле премьер-министрге жакын адамдарды тынчсыздандыра башташты. Аналитиктер эсептегендей, Эрдоган үчүн бул согуш жарыялаганга барабар эле. Ал гүленчил мектептерди жабуу менен жооп кайтарды – “Хизметтин” кирешесинин негизги булагын.

 

2013-жылдан кийин саясатчы менен клериктин мамилеси дагы оорлошуп кетти.  Ырайымсыз сынга кабылган Эрдоган өзүн да ырайымсыз көрсөтө баштады. 2013-жылы жазында Стамбулдун Таксим аянтындагы Гези паркындагы демонстрация басылгандан кийин бүткүл өлкөнү кучагына алган каршылык акциялары башталды. Бул толкундоолор басылбай жатып ири коррупциялык чыр-чатак ачыкка чыгып кетти, мамлекеттик Halkbank акчаны адалдоого аралашкан болуп чыкты. Анда Эрдогандын министрлер кабинетинин бир нече министрлерине паракорлук боюнча шек жаралды, полиция алардын балдарын камай баштады. Өкмөт башчы өзү да көлөкөдө калды: коомчулукка сыягы, Эрдоган уулу Билал менен кокус тинтүү жүрүп калса жашыруу керек болгон ондогон миллион доллардын тегерегиндеги телефондук сүйлөшүүлөр жарыяланып кетти (Эрдоган бул телефон сүйлөшүүнү жасалма деп атап, бирок түрктөр премьердин сөзүн пленкадан тааный тургандыгын тастыкташты).

 

Батыш  дипломаттары бул кырдаалды гүленчилердин Эрдогандын өкмөтүн кулатуу аракети катары баалашкандыгын  Филкинс жазган. Министрлер кабинетинин башчысы өзү күтүлбөгөндөй кадам жасады. Ал отставкага кеткен кол астындагы министрлеринен айырмаланып, Эрдоган кылмыш укугу тармагын толук бойдон текшерип, коррупцияга аралашкан миңдеген соттор, полиция жана тергөөчүлөр кызматынан алынды. Коррупция тууралуу тергөөнүн өзү курчуй баштады. Гүленге тиешелүү мекемелердин имараттарында тинтүү жүрүп, жогорку кызматтагы чиновниктер өлкө аймагынан кача башташты. Өз сөзүндө саясатчы мурдагы досун сындаганга өттү.

 

Төңкөрүш

 

2016-жылы майда июлдагы төңкөрүш аракетине чейин эки ай калганда түркиялык өкмөт кырк миңдей мамлекеттик кызматкерлердин аты-жөнүн аныктап, алардын Гүлен менен байланышы бардыгын жана кызматтан кете тургандыктарын жарыялаган болчу. Алардын көпчүлүгү сот системасында жана полицияда иштеше турган. Андан соң, июлда чалгын кызматы алты жүз аскер кызматкерлерин, анын ичинде жогорку кызматкерлеринин жакында кызматтан алына тургандыктарын кабарлаган эле. Эрдогандын кеңешчилеринин пикиринде, дал ушул “суук кабар” Түркиянын аскер кызматкерлеринин мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, шашылыш түрдө ишке ашырууну көздөгөндүгү да өз тагдырына байланышкан. Бирок бир да түркиялык армиянын жогорку кызматтагы жетекчилери төңкөрүшчүлөргө кошулууга макул болушкан эмес. Бир чети ушул себептен улам бирдиктүү лидер тандалган эмес жана өкмөттү кулатуу аракети бир нече сааттан соң үзгүлтүккө учураган.

 

Гүленчилер тарабынан төңкөрүш аракети болгонбу?

 

New Yorker жазуусунда, бир нече батыштык дипломаттардын пикиринде, алар албетте, маанилүү ролду аткарышкан. Анткен менен байкоочулардын баамында, түрк армиясында Гүлендин жактоочуларысыз эле Эрдогандын авторитаризмине нааразылар аз эмес болчу жана тобокелчиликке барышкан. Анткен менен камалган төңкөрүшчүлөр гүленчилер катарында экендигин ондогон миң документтер менен көрсөтүшкөнүнө карабастан, Эрдогандын өкмөтү АКШга жөнөткөн Гүленди өткөрүп берүү талабы аткарылган жок: америкалык чиновниктер динаятчынын төңкөрүшкө катышкандыгын айныксыз далилдеген фактыны көрө алышкан эмес.

 

Ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен үч жума өтүп Эрдоган Гүлен менен мурда кызматташкандыгы үчүн эл алдында кечирим сурап, анын уюмунун түпкү максатын билбегендигин билдирди. Күнөөлүүлөр менен шектүүлөрдү издөө процессинде бийлик 40 миң адамды камады. Ошентип эбегейсиз сандагы адамдар жумушунан айрылышты, анын ичинде 21 миң полиция, 3000 сот жана прокурорлор, 21 миң мамлекеттик мектептердин кызматкерлери, 1500 университеттердин декандары, 1500 каржы министрлигинин кызматкерлери. Алты миң солдат кызмат өтөөдөн бошотулду. Миңдеген Гүлен менен байланышкан мектептер жабылып, мугалимдери жумуштан четтетилди. Бийликтеги президентти ачык сындоо дегеле мүмкүн болбой калды, бийлик 130 медиа-каражаттарын жаап, аз дегенде 43 журналистти камады.

 

Баарынан да таң каларлык жагдай, мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин Эрдогандын бийлиги мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү болуп калды. “Бул окуянын натыйжасы Эрдоганга жана анын партиясына канча кааласа, ошончо башкаруу мүмкүнчүлүгүн берди”- деп жазат батыштык дипломаттардын бири. Түркиянын президенти үчүн жазалоо дайыма кечирим сурагандан оңой болгондугун айтат макаланын автору жана бул айтканыбызга камалгандар менен кызматтан бошотулгандардын саны өзүнөн өзү жооп берип турат. Азыркыга чейин күчүн жогото элек төңкөрүштөн кийинки бийлик тарабынан киргизилген өзгөчө кырдаал жакында дагы узартылды жана президентке өзгөчө бийлик укугун берди. Бул деген ага гүленчилерди да, баардык компанияга жакпагандарды да куугунтуктоого укук берет. Гүлен тууралуу айта турган болсок, ал карыды, алсыз жана ооруулуу. Өткөн жылы аны менен баарлашкан Филкинс мындай деп сүрөттөгөн: “Ал глобалдык уюмдун патриархына караганда түштөнүүдөн кийин уйкусунан чочуп ойгонуп кеткен пенсионерди элестетти”. Ал ушул абалында узак убакыт өзүнүн күрөшүн көпкө уланта аларынан шек бар.

 

Төңкөрүш аракетинин эртеси Гүлен маалымат жыйын өткөрүп, ага өзүнүн катыштыгы бар экендигин толук жокко чыгарган. Ал шакирттерине төңкөрүштү Эрдоган өзү уюштургандыгын айтты. Бир нече күндөн соң жазган осуяттарында мындай деген: “Көк мээлердин тобу ийгиликке жеттик деп ойлой беришсин, майрамдашсын, бирок дүйнө мунун баарына күлүп карап турат”. “Чыдап тургула,- деп айткан ал шакирттерине,- жеңиш келет!”.

 

Автор ошондой эле Гүлен менен төңкөрүшкө чейин бир жыл мурдагы маектешүүсүн жарыялаган. “Мен андан артындагылар эмне деп ойлошо тургандыгын сураганымда мурда эч кайсы саясый жана диний айтпаган мындай жоопту берди”, - деп жазат макаланын автору.

 

“Бул балким, Сизге таң каларлыктай көрүнүшү мүмкүн, бирок мен өлгөнүмдөн кийин унутулуп калышымды каалаймын”, - деген ал. “Мен мүрзөм белгисиз болушун каалаймын. Мен жалгыздыкта өлүүнү каалаймын жана эч кимге менин өлгөндүгүм билинбей, эч ким денемди мүрзөгө алып барбашын каалаймын. Мен эч ким мени эстебешин каалаймын”, - деген Гүлен.

 

Которгон: “Майдан.kg” гезити

Булак: CA-NEWS