Бишкек, "Саясат.kg". Өзбекстандык активисттер анын келиши өзбек жаштарынын аң-сезимине, психикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп тынчсызданууда.

Орусияда тартылган "Слово пацана. Кровь на асфальте" сериалынын сценаристи Андрей Золотаев 19-мартта Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография университетинин Ташкенттеги өкүлчүлүгүндө мастер-класс өтөт.

1980-жылдардын аягындагы Казан шаарындагы криминалдык көрүнүштөр жөнүндө тартылган тасма алгачкы серияларынан эле жаштардын арасында популярдуу болуп, айрым өлкөлөрдө көрсөтүүгө тыюу салынган. Казакстанда аткаминерлер криминалды романтизациялаштыргандан кооптонуп, сериалга тыюу салуу ыктымалдыгын талкуулашкан. Бирок Өзбекстанда аны көрсөтүүгө уруксат берилип, өзбек тилине да которулган.

Буга чейин "Медуза" басылмасы Орусиянын президенттик администрациясынын ачыкка чыгып кеткен документтерине шилтеме кылып, "Слово пацана. Кровь на асфальте" сериалы Владимир Путиндин шайлоо өнөктүгүнүн алкагында иштелип чыккан долбоорлордун бири болгонун жазган.

Сериал Интернетти өнүктүрүү институтунун, "НТВ" телеканалынын жана "НМГ Студиянын" колдоосу менен тартылганы белгилүү. "НМГ Студия" Путиндин жакын адамдарынын бири эсептелген Юрий Ковальчукка байланышы бар Улуттук медиагруппанын курамына кирет. 2014-жылдан бери "НМГ Студиянын" директорлор кеңешинде Путиндин бейрасмий жубайы экени айтылып келген Алина Кабаева төрайымдык кылат.

Өзбекстандык активисттер орусиялык драматург Андрей Золотаревдин Ташкентке келиши жана анын тасмасы өзбек жаштарынын аң-сезимине, психикасына жана руханий дүйнөсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп тынчсызданууда.

Ташкенттик саясат таануучу Анвар Назир негизги көңүл зомбулукка жана көчө мыйзамдарына бурулган тасманын авторунун Өзбекстанда мастер-класс өткөрүшүн орус пропагандасынын бир бөлүгү деп эсептейт.

"Бул орус пропагандасы үчүн жашыл жарык. Өзбекстан Кыргызстан менен Казакстанга салыштырмалуу жумшак позицияны карманып, Орусияны башына миңгизип алды. Путинчил пропагандачылар Ташкентке ээн-эркин келип жатышат. Орус пропагандасы менен кошо биздин өлкөгө зомбулук жана имперализм идеялары да кирүүдө. Буга Казакстан каршылык көрсөтүп жатат, Өзбекстан каршылык көрсөткөн жок. Бир жагынан Өзбекстан көчө бандаларын ооздуктады, экинчи жагынан өлкөгө ошол эле "көчөнү" күчөткөн Орусиянын зомбулук идеологиясы кирип жатат", – деди Назир.

Өзбекстандагы Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожа "өзбек коомчулугуна ГУЛАГдык түшүнүктөр кирбеши керектигин" билдирди.

"Биз бул сериалды пропагандалоону токтотушубуз керек. Көргүлө же көрбөгүлө дебейм. Бирок бул тасманы көргөндөн кийин мээңер, жүрөгүңөр эч нерсеге толбойт. Тасмада "Жигит кечирим сурабайт" деген фраза бар. Бирок биздин динде кечирим суроо эрдик болуп эсептелет. Биздин жашоого ГУЛАГ, көчө жана орус түрмөлөрүнүн түшүнүктөрү кирбеши керек", – деди Шерзодхон Кудратхожа соцтүйүндөргө жарыялаган видеокайрылуусунда.

Буга чейин Украинадагы согушту ачык колдогон Орусиянын "путинчил" ырчылары менен кинорежиссерлеру Өзбекстандагы өкмөттүк иш-чараларга катышканы да байкалган.

Орусиялык режиссер, Кремлдин пропагандачысы жана Крымдын аннекциясын колдогон Никита Михалков эки жыл мурда Ташкенттеги кинофестивалдын атайын коногу болсо, былтыр Театр фестивалына ардактуу мейман катары чакырылган.