А.Келдибеков: “Мен дүйнө баштан кечирип жаткан жугуштуу илдетке кенебес мамиле кылбоого чакырам. Коронавирус – баарыбыз үчүн сыноо”

Жогорку Кеңештин экс-спикери, “Ата-Журт” мекенчил партиясынын тең-төрагасы Ахматбек Келдибековдун маалымат-аналитикалык “Саясат.kg”  порталы үчүн эксклюзивдүү маеги.

- Ахматбек Келдибекович, акыркы учурда Кыргызстанда коронавируска байланыштуу экономикадагы жоготуу өкмөт эсептегенден да көп болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда сиз кандай деп ойлойсуз?

- Экономикалык жоготуулар өтө чоң болору эч кимге жашыруун эмес. Себеби чек аралар жабык, биздин ички өндүрүшкө иштетилүүчү Кытайдан келчү товарлардын жолун пандемия алда качан бууган. Ошондой эле салык төлөмдөрү, бажыдан түшчү акча каражаттары да жокко эсе. Бирок, биз эле эмес, дүйнө азыр ушундай кырдаалды башынан кечирүүдө. Мисалы, Эл аралык валюта Фонду (орусча абривеватурасы - МВФ) “пандемиядан улам дүйнөлүк экономика 3 пайызга чейин төмөндөйт”- деди. Ал гана эмес “Улуу депрессиядан” бери дүйнө экономикасы туш болгон эң терең рецессия деп сүрөттөп, азыркы кырдаалга “Улуу карантин” деп мүнөздөмө берди.

Ал эми биздин чама-чаркыбыз белгилүү, ошондуктан дүйнөдө болуп жаткан экономикалык оор жоготуулардын кесепети өлкөбүзгө да кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондой эле чек арадагы чектөөлөр да мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруусуна бир топ кыйынчылыктардын жаралышына кошумча болду. Ал гана эмес  бюджеттин киреше бөлүгү илдеттин кесепеттеринен бир топ пайызга азайды. Ошондуктан өкмөт кечиктирбестен тез арада кырдаалды  анализдеп, бюджеттин кайра башынан карап чыгуулары керек. Тактап айтканда кечиктирбестен бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү кажет.  Мамлекетке, элдин турмушуна өтө зарыл болбогон чыгашаларды кыскартуу зарыл.

- Айрым саясатчылар өкмөттүн так антикризистик программасы жок экенин сынга алууда. Өзгөчө абалдагы өкмөттүн ишмердүүлүгүн Сиз кандай баалайт элеңиз? Маселени чечиш үчүн ар тараптан жардам сураганыбыз туура элеби?

- Чындыгында дүйнөнү дүрбөлөңгө салган бул тумоо биздин мамлекетке, өлкө казынасына оор таасирин тийгизет деп эч кимдин оюна келбесе керек. Анан калса өкүнүчтүүсү биздин өлкөнүн казынасында ашыкча акча каражаты жок. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз ишеним арта турган бул эл аралык каржы институттары болуп эсептелинет. Анткени, азыр 200дөн ашык өлкөдө коронавирус тарап, бардык мамлекеттер эл аралык институттардын жардамдарына муктаж болууда. Бирок, алынган насыялар, гранттар кайда жумшалат, бул боюнча өзүбүздүн так планыбыз, алган багытыбыз болушу зарыл. Ошондой эле өкмөт “Мегаком” өңдүү мамлекеттик ири ишканалардан түшкөн кирешелерди максатуу, туура колдонуусу абзел.

Бүгүнкү күндө өкмөт стратегиялык көрөгөчтүк менен иш алып барышы керек. Анткени антикризистик программаны чукул, бир жылга эле түзө коюу өз жемишин бербейт. Мисалы, биз бүгүнкү күндөгү экономикалык жоготуунун ордун үч жылдан кем эмес убакытта толтурушубуз мүмкүн. Ошондуктан антикризистик программалар кеминде 3 жылдан ашуун убакытты камтышы кажет. Эң негизигиси биз өндүрүштү күчөтмөйүн, сатып алып, сатуу менен экономиканы көтөрө албайбыз.

- Өзгөчө абалдын узарганы туура эле болдубу? Айрым саясатчылар” эл узакка созулган карантинге туруштук бере албайт”- деген пикирлерин айтышууда.  Мындай пикирлер канчалык деңгээлде жөндүү?

- Өзгөчө абалды узартуу бул күндүн талабы болууда. Ансыз пандемияны жеңүү мүмкүнчүлүгү жок десек да болот. Айрым саясатчылар “өзгөчө абал” эмес, “өзгөчө кырдаалды киргизгенибиз туура болот”- деген дагы пикирлерди айтып жатышат.

Бирок, мен дүйнө баштан кечирип жаткан жугуштуу илдетке кенебес мамиле кылбоого чакырам. Коронавирус – баарыбыз үчүн сыноо.

Азыр биздин ар бирибиздин моюнубузда баарынан мурун жалпы коомдун саламаттыгын сактоо керек деген чоң жоопкерчилик, атуулдук милдетибиз турат. Биз канча адам өмүрүн алган бул тумоону “көчөдө” жүрүп деле жеңебиз деген чолок акыл менен  кенебестикке жол берүүгө укугубуз жок. Анткени мындай кадамдар жалпы элге жасалган кыянатчылыкка барабар.

Өлкө башчысы да өз кайрылуусунда: “Адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок”- деп баса белгиледи. Ошондуктан эл башына оор күн түшүп турганда саясий мүдөө менен өзүн-өзү арзан пиарлоону токтотуу кажет! Колдон келеби, бир муштумдай түйүлүп, элге жардам берели. Колубуздан келбейби көп сөздү токтотуп, тоскоол болбой, тынч отуруу керек!

- Эмне себептен оору жугузган бейтаптардын саны акыркы учурда улам көбөйүүдө деп ойлойсуз? Ал эми иш учурунда дарт жугузуп алган дарыгерлердин абалына ким жооп бериши керек?

- Мен жогоруда айтып кеттим, “өзгөчө абалды узартуу - бул күндүн талабы болду”- деп. Анткени, биз саламаттыкты сактоо тармагыбыздын абалын, дараметин көрдүк. Алдын алуу иштери жасалмак тургай эң жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Мисалы, коопсуздук формалары жетиштүү эмес, коронавирусту жугузуп алган адамдар менен иштечү дарыгерлер атайын даярдыктан өткөн эмес. Мына ушул өңдүү жөнөкөй бирок, маанилүү иштерди жасабаган министрдин кенебестигинин кесепети бүгүн дарыгерлерге тийүүдө.

Ошондой эле дартты иликтеген анализдердин жыйынтыгын ыкчам чыгара турган лабораториялар даяр болбогондугуна байланыштуу алынган анализдер тоңдурулуп коюлушу дагы тумоонун жайылышына өбөлгө болуп берди деп ойлойм.

“Сөз чынынан бузулбайт”,- дейбиз андай болсо ачыгын айталы. Саламаттыкты сактоо министринин ишти жөндөп алып бара албаган шалаакылыгынын айынан, бүтүндөй мамлекет жапа чекти! Бир жетекчинин жоопкерчиликсиз мамилесинен бүтүндөй эл анын ичинде дарыгерлер да бүгүн кыйналып жатат. Үч ай ичинде дарыгерлерге беткап, атайын форма бейтаптарга, жасалма дем алдыруучу аппарат даярдай албаган адам кантип саламаттыкты сактоо министри болуп отурду мен түшүнбөйм! Бул чыккынчылыкбы? Чыккынчылык! Жөн гана күпүлдөп куру сөз менен элди алдай бергендин аягы кандай болорун бүгүн көрүп жатабыз.

Ал эми иш учурунда дарт жугузуп алган дарыгерлердин жоопкерчилиги керектүү шарт түзүп бере албаган жектекчиликтин анан “керт башым менен жооп берем” деген адамдын моюнунда.

- Коомчулукта жалпыга маалымдоо каражаттарына анын ичинде  КТР, ЭлТР өңдүү мамлекеттик телеканалдардын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон жарандарыбыз көп. Акыркы учурда коронавирус тууралуу дагы мамлекеттик  маалымат каражаттары элди жетиштүү деңгээлде маалымат менен камсыздай алган жок деген сындар байма-бай айтылууда.

- Мамлекеттик телеканалдардын ишмердүүлүгүнө жалпы коомчулук нааразы экени бүгүн эле ачыкка чыгып жаткан жок. Мисалы, ошол эле КТРКда миңдеген кызматкерлер иштеп, миллиондогон акча каражаттары жумшалат. Бирок мына ушундай оор кырдаалда КТРК өз ишин так аткара алдыбы? Калктын калың катмарына коронавирус тууралуу маалыматтарды так жеткире алдыбы? Жок!

Бул илдет боюнча жаңы бир ачылыш жасоонун деле кереги жок болчу. Биз азыр техника, интернет жетишкен заманда жашап жатабыз. Мына өзгөчө абалдын тартиптерине баш ийбеген, өзүм билемдик, кенебестиктин кесепеттерин бүгүн Италия, Испания өңдүү мамлекеттер кантип тартып жатканын, экономикасы кубаттуу АКШ, Россия өңдүү бир катар өлкөлөргө да бул илдет кандай залакасын тийгизгендигин анализдеп элге өз убагында туура маалымат жеткире алган жок. Бүткүл дүйнө дарысы табылбаган, али толук изилденип бүтө элек илдет менен алпурушуп жатканда КТРКнын “көңүл ачмай” саясатынын кимге кереги бар эле? Мисалы, Италияда миңдеген адамдар ооруу жугузуп, ооруканаларда орун жетпей, бир күндө жүздөгөн жарандар каза таап, алардын табытты жакындарысыз көрүстөндөргө коюлуп жатканын калың элдин катмарына, ар бир адамдын жүрөгүнө жеткирүү керек болчу. Мына ошондо бул ооруудан саясат издегендердин саны азыраак болмок.

Элибиздин саламаттыгы - улуттук мүдөөлөрдүн башкы маселелеринин бири. Ал эми мамлекеттик телеканалдар “бөрк ал десе баш алып”, кимдир-бирөөгө жагыныш үчүн ар кимге жугунду куймай адаттан арылып, мамлекеттин саясаттын, улуттун кызыкчылыгын колдошу керек.

Эгерде, мамлекеттик телеканалдар мындай оор кырдаалда мамлекеттин саясаттын маалыматтык жактан колдой албаса анда мындай жетекчилердин жоопкерчилиги сөзсүз түрдө каралышы керек.

- “Күз күрөш, жаз жарыш” дешет, жазгы талаа жумуштары карантин менен чектелүүдө, мындай учурда азык-түлүк коопсуздугу кандай болот?

- “Бүгүнкү күндөгү кырдаал айыл чарба тармагына эч кандай тоскоолдук түзбөшү керек”,- деп өкмөт тынбай маалымат берип жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жалган статистика менен кагаз түрүндө гана иш кылбастан, жазгы талаа жумуштарын жеринен көзөмөлдөп, дыйкандарга мүмкүн болушунча шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Анткени, азыркы күндө бардык мамлекеттер үчүн өтө маанилүү маселе - бул өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болуп саналууда. Ошондуктан ар бир мамлекет өз жарандарынын саламаттыгына жана жашоосуна кам көрүүгө далалат жасап жатат. Бул маселеге айыл-чарба министрлиги өзгөчө көңүл бурушу керек деп ойлойм.

- Өзгөчө абалда Жогорку Кеңешке сын айткандар дагы арбыды. Эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча сиз кандай ойдосуз?

- Жогорку Кеңеш бүгүнкү кырдаалда керек болсо күнү-түнү иштөөгө милдеттүү.

Жоопкерчилик жалгыз гана өкмөттө эмес. Анткени ошол өкмөттүн тандаган, өкмөттүн пайдубалын куюп, курамын түзүп-бекиткен бул Жогорку Кеңеш. Демек эл өкүлдөрүндө жоопкерчилик өкмөткө караганда эки эсеге көп.

Ошондой эле айрым  ишканалардан салыктан кечип туруу же мөөнөтүн узартуу, жеңилдик берүү, же насыянын төлөө мөөнөтүн токтотуп турууга уруксат берүү өңдүү бир топ маселелерде Өкмөт парламенттин уруксаты жок эч кандай чечим кабыл ала албайт. Ошондуктан депутаттар керектүү мыйзамдар менен өкмөттү убагында камсыз кылуусу керек.

Ошондой эле дагы бир маселе - жакында газ кымбаттады. Ал эми “Кыргызгаз” боюнча келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялап берген. Бүгүн мына ушуга окшогон маселелерди депутаттар кайрадан карап чыгып, керек болсо өзгөчө абал бүткөнчө мурдагы каралган шарттардын баарын өзгөрткөнгө милдеттүү.

- Сиз да кимдир бирөөлөргө жардам бердинизби?

- Колумдан келишинче жардам берип жатам. Бул нерсени жар салып, жарнамалай берүү менин табиятыма туура келбейт.

- “Эл башына күн түшсө, элим дебеген эрендерден не пайда?”- деген сөз бар кыргызда. Коронавируска каршы ачылган эсепке акча котордуңузбу? Сыр болбосо суммасы канча? Азыр жардамга муктаж жарандарыбыз көп аларга кол суна алдыңызбы?

- Туура, элибизде ушундай сөз бар. Бирок, мен эл башына күн түшкөндө үйүндө башын катып жатып алып, түштөн кийин акылдуу сөздөрдү айткан адамдардын катарын толуктабайм. Биз качан болбосун калк ичинде, эл менен чогуу эл тарткан жүктү кошо тартканга аракет кылып келебиз. Бирок, бул нерселердин баарын жарнамалай берүүнүн кереги жок деп ойлойм.

Ооба. Бир миллион сом коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке котордум. Кыргызстанда эле эмес, баардык эле өлкөдө калктын аярлуу катмары бар. Мындай жарандарыбызга сөзсүз жардам беришибиз керек. Биздин алайлык “Чабендестер” деген атайын тобубуз бар. Мына ушул тобубуз менен биргеликте шаар ичиндеги  блокпостордо турган милиция кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылдык, 500дөн ашуун үй-бүлөнүн азык-түлүгүн камдап бердик.

- Акыркы учурда маалыматты далилсиз, бурмалап таркатуу көнүмүш адатка айланып бараткандай. Мындай учурга кандай чараларды көрүү зарыл деп ойлойсуз?

- Өмүр менен өлүм арбашып жаткан учурда социалдык тармактар болобу, күнүмдүк жашоодо болобу, элди экиге бөлүп, бирөөнү күнөөсүз жамандап, бирин-экинчисине тукуруу, ар кандай маалыматтарды камтыган далилсиз тасмаларды таркатуу, элди дүрбөлөңгө салган жалган маалыматтарды жайылтуу мамлекетке жасалган чыккынчылык деп билем. Бул нерселерге укук коргоо органдары сөзсүз баа бериши керек деп ойлойм.

Чынайым Кутманалиева