С.Муканбетов: "Коомчулук деле, Алмазбек Атамбаев: “Мага каршы чыкчулар билип алгыла, караларга салып берем, бандиттер мени менен бирге” деп эскертүү берип жаткандай кабыл алды"

 

2017-жылдын күзүндө президенттик шайлоо өтүп, бийлик алмаша турганынан уламбы (?), айтор, бүйүр кызыткан окуялар жыл башынан эле чуулгандуу камоолор, ар кандай кысым, куугунтуктоолор менен башталып, нааразычылыктар менен коштолуп кетти. Бийликтин ашкере чараларына нааразы болгон саясый күчтөр митинг, пикеттерди өткөрүп, ар кандай ураандар менен элге кайрылып, баштагыдай колдоо таба албай, аны сезгенсиген авторитардык режим күндөн-күнгө каарданып, баш көтөргөндүн баарын жайласа түбөөлүктүү калчудай болуп опурулуп барат. Чыңалуу кандай аяктап, эмне менен бүтөөрү бүдөмүктөнүп, көзү ачыктар менен билермандар да “арты жакшы болбойт” дегенден башка эч нерсе айта албай, элибиз деле “тынч эле болсо экен” деп элеңдеп турган чагы. Ушундайда, кырдаалга сереп салып, акыл калчап, калыс оюн айтып, мыйзамсыздыкка, зордук-зомбулукка ачык каршы чыккан жарандарыбыз, жаштарыбыз бардыгына “уучубуз куру эмес экен” деп, каниет кылып, келечектен үмүт этип келебиз. Ошондой, элге белгилүү агаларыбыздын бири, качан болсо калыстыктан тайбай, эл башына күн түшкөндө ар дайым топ жарып, алдыга чыгып төшүн тоскон, “Карышкыр” деген каймана ат менен таанымал Сабыр байкени издеп таап, учурдагы саясый кырдаал тууралу маек курдук.

 

- Сабыр байке, көрүнбөй кеттиңиз. Нааразычылыктар башталып, эл чайпалчудай болуп жатса сиз жок сыяктуусуз. Барсызбы?

 

- Бар элемин. Бир айча мурун эле сиздердин гезит аркылуу оюмду айткам. Айылда жүрүп калдым. Тууганчылык... Жоготуу болду. Башыбызга баш кошулду. Бир муун кетип, мен сакалдуусу болуп калыптырмын. Жүрүүгө туура келет экен. Бул жактагы окуялардан кабардармын. Жаштар менен байланыштамын, пикиримди, акыл кеңешимди айтып атам. Өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери, 2005, 2010-жылдары 25 жылдай көчөдө жүрүпмүн. Азыр биз деле алтымышка таяп, а кездегидей ал күч, дем жок. Чоңата башың менен тополоңдо жүргөндөн, бала-бакыра, неберелерден  да тартынат экенсин. Бирок, жарандык пикиримди, калыс сөзүмдү токтотоюн деген оюм жок. Адилетсиздикке каршы туруум башым менен кошо кетет болуш керек.

 

- Анда не дейбиз. Аза кайырлуу, арты майлуу-сүттү болсун, деп кебибизди уланталы. Сөзүбүздү акыркы окуядан баштасак, Садыр Жапаровдун келишине байланыштуу нааразычылыктар күчөп кеткендей. Туугандарын, бала-бакырасынан бери уруп-согуп, камап, артында кан тамыры кесилип түрмөнүн ооруканасына түшүп отурат. Коомчулук укук-коргоо органдарынын аша чаап кеткендигин айтышууда. Сиз кандай дейсиз?

 

- Садыр Жапаровго карата жасалган мамиле мени абдан чочутту. Бул башка саясатчылардын баарына болгон эскертүүдөй туюлду. Коомчулук деле, Алмазбек Атамбаев: “Мага каршы чыкчулар билип алгыла, караларга салып берем, бандиттер мени менен бирге” деп эскертүү берип жаткандай кабыл алды. Кечээ КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жыйынында, “тополоң жасайм дегендер билип алгыла, СИЗОго камаласыңар” дегенсип, кайра кайталаганын көргөндөн кийин, кылмыш дүйнөсүнүн кызматын пайдалануу аркылуу оппонентерин сындыруу ою бар экенинен көпчүлүк шектенбей деле калды окшойт. Бул эң жаман. Бийлик менен кылмышкерлер камыр-жумур боло баштады дегенди билдирет. Бакиевдин үй-бүлөлүк, криминалдык бийлиги да ушундай ыкмаларды колдонуп, Ишенбай Кадырбеков ж.б. саясатчыларды кылмышкерлердин колуна салып бергени белгилүү. Эми булар да ошол жолго түшсө кандай болот? Мындайга барбашы керек эле. Бул аргасы түгөнүп, айласы кетип бараткандардын жасаар иши.

 

Чынын айтсам, мен Садырдын келишин туура көргөн жокмун. Бул жактагы ахывалды толук аңдабай туруп, ар кимдин сөзүнө ишенип алып, жеке керт башынын, жакындарынын эле эмес, өлкөдөгү туруктуулукту да тобокелге салып салгандай болду. Соц. тармактагы дүүлүгүлөрдү реалдуу турмушка алып чыгуу аракети, “чет жерде эптеп күн көрүп жүргөндөрдөн кол курайм” деп кыялдануунун арты мындан башкача болушу мүмкүн эмес эле. Мен авторитаризмге каршы күрөшпөш керек дегенди айтып жаткан жокмун. Ыкмасын сынга алып жатам. Бул жакта оппозиция толук кандуу элдик колдоого ээ боло албай жатканын көрүп туруп, өзүн, жакындарын, элдин коопсуздугун тобокелчиликке салганы туура эмес болуп калды деп атам. Ушул позициядан алганда, эл башкарам деген саясатчылар биринчи кезекте өз  кызыкчылыгын эмес, эл кызыкчылыгын ойлоосу кажет экени талашсыз. 20-30 миң адам дуулдап Ошто аянтка чыкканда “элдин тынчтыгы менин жеке кызыкчылыгымдан жогору турат” деп элди таркоого үндөгөн Мелис Мырзакматовдун кадамынын баасын ушундайда аргасыз эске алууга туура келет. 

 

“Өмүрбек Текебаев баш болгон саясатчылар камалып, ондогон саясатчыларга кылмыш иши козголуп элдин нааразычылыгы чегине жетип калды, сен барып тарапташтарың менен жырып кирсең, эл көтөрүлүп, бийлик оодарылып түшөт”- деген, турмуш реалдуулугуна коошпогон план менен көкүткөндөргө ишенип алып балээге калды. Бийлик деле, “сен ошондой десең мен мындай кылам” деп колунан келген чараны көрдү. Ким болсо да жанын, бийлигин сакташ үчүн ошондой кадамга барат да.   

 

- Бийликтин чектен чыккан аракеттери күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Наараазы болгондор сөз жүзүндө арбын болгону менен оппозициялык митингдерди иш жүзүндө колдоп, каршылык көрсөтүү иш чараларына катышкандардын саны  көбөйбөй жаткандай. Элдин мындай пассивдүүлүгүн кандайча түшүндүрө аласыз? Бул эмне кайдыгерликтин белгисиби?

 

- Жок. Муну кайдыгерлик деп айтканга мен кошула албайм. Бул биздин элдин улукмандыгы. Эки ирет тополоң жолу менен бийликти кууп чыккандан эмне пайда көрдүк? Эми дагы ким үчүн сапырылалы (?) дегени... Азыр кайра кууп түшүп, кууп түшкөндөр менен алардын жакындары, дос-таанышы бийликке “убактылуу өкмөт” болуп илээшип, анан алар чогуу-чараан бийлигин бекемдеш учүн кайра шайлоо өткозүшүп, биздин БШК, ГРС аларга  ийкемдүү кызмат өтөп, баары кайра башынан башталганы кимге керек? Эч кимге керек эмес! Ошону биздин элибиз туура түшүнүп, пайдасыз иш чара катары кабылдап жатат. “Күтө туралы, өзүнөн өзү арка моюну астында калганга баратат, Кудай бар, акыры акыйкатчылык жеңет” дегенге баш уруп жатканы катары кабылдайм. Элибиздин мурдагы 2005, 2010-жылдагыдай жапырт көтөрүлбөй жатканынын негизги себеби катары мен, тополоңдун пайдасынан зыяны көп болооруна көзү жеткендиктин белгиси катары билээр элем. Элибиз: “Эсирген бийлик, акыры өзүн-өзү жутат” деген ишенимде болгондуктан күтүү режимин тандап алгандай. Ошондуктан биз дагы ачууга алдырбай, чыдамдуу болушубуз керек деп ойлойм. Анткени бийлик бизди убара кылбай эле, ич ара чабышы менен өзүнө өзү кедерги келтирүүдө. Кечээ КСДП фракциясы үчкө бөлүнүп жатса, бүгүн “мен мураскер болом” деген президенттин чукул айлана чөйросүндөгүлөрдүн төртөө чыгып, баш аягы жети тарап ич ара чабышып, ансыз деле чакчалекейи чыкканы калды. Андыктан “ашыкча чыгым кылбай күтө туралы” дегендердикинен аныгы жоктой.

 

- Негизи азыркы Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды чектен чыккандык, сөз эркиндигин, адам укугун басмырлоо, демократиялык нормаларды көзгө илбөө катары бааланып жатышына кандай баа берээр элеңиз? Биз эрежесиз эр уруш деңгээлине түшүп кеткен жокпузбу?

 

- “Эрежесиз эр уруш” деген мындай болбойт. “Бои без правил” деген таптакыр башкача. Ал жерде судья-калыс деген бар. Экөөнө тең тартпаган. А бизде кандай болуп атат? Судья, сотторуң бир жагына кошулуп алып, экөөлөп жатпайбы. Биз чектен чыгып кеттик.

 

- Демейде, акыйкатчылык үчүн жантыгынан жата калмайы бар элибиздин бу сапар ыкшоолук көрсөтүп, ычкынбай жатышын эмне менен түшүндүрөр элеңиз?

 

- Мен өйдөдө ушу тууралу кыскача токтоло кеттим. Биринчиден жалпыга пайдасы бар ийгиликтин жоктугуна толук көз жеткендиктен. Экинчиден эл тараптык, элдик саясатчылар калбагандыктан. Буга чейин 2005, 2010-жылдары оппозиция болуп жүргөн, ошол эле Текебаев, Атамбаевдер бүгүн башка. А кезде мурунку коммунистик, кийинки Акаевдик, Бакиевдик бийлик менен аралаша элек, эл тарабындагы саясатчылар катары кабылданып келсе, 2010-жылдан бери бийликке аралашып, тоюнуп, элден алыстап калган сыяктуу кабылданып калышты. Ошон үчүн көпчүлүк булардын тирешин эттенгенден эсиргендердин тебиши катары кабылдап, боор ачып, кошулгандар аз болууда. “Экөө бири бирин тезирээк жеп-жутса экен” дегендер бакиевдер эле эмес элдин ичинде да жетиштүү экени жалган эмес. Үчүнчүдөн биз какшап, көксөгөн көп партиялуулуктун үзүрү- баштагыдай эл бир тарап, бийлик бир тарап деген ыр эми жок. Ар ким көңүлүнө жаккан менен “танцыга” түшөт. Ошого даяр болбой туруп, музыка заказ берип салган бизде күнөө.  Эми мурдагыдай эки тарап болуп акыйнек айтышуу артта калды. Биз “өсүшкө” карай өрлөдүк. Азыр жүз партия, көп тараппыз. Ажылдайбыз.  Оюбузга келгенди оттогон заман, ошон үчүн он түркүн ырды угууга мажбурбуз. Парламенттик система, көп партиялуулук, көп пикирдүүлүк деген ушу. Биз буга көнүп, адекваттуу жооп кайтарганга үйрөнүшүбүз үчүн убакыт керек. Ага чейин фрак кийген шимпанзенин образында бир аз жүрүүгө туура келет. Башка арга жок. Бул эволюция!

 

- Президенттин мураскери тууралу сөз көп. Сооронбай Жээнбеков, Албек Ибраимов, Сапар Исаков, Калыкбек Султановдордун аты чыгып, “Атамбаев тигинисин, мунусун колдойт экен” деген сөздөр айтылууда. Мураскерлик темасындагы кептер тууралуу эмнени айтаар элеңиз?

 

- Алмазбек Атамбаев бул темада ар түркүн кептерди айтып, элдин башын айлантып салды. Бир туруп “эч кандай мураскер болбойт” деп, “мен билбейм, ким болсо ал болсун, эл чечсин” дегенсийт. Бир туруп, “КСДП президенттике талапкер чыгарат” дейт. Айтор эмне дээрин билбеген адам сыяктуу эле өзүнөн-өзү кыйналып жаткандай көрүнөт. “Мен ушу азаматты туура көрүп жатам”- десе эле бир кайталангыс каталык кетирип салчудай болуп өзүнөн өзү корунат. Бирок ошого карабастан, канчалык жаап жашырбасын, ал өз мураскерин ордуна калтырууга жандалбастаарынан эч ким деле шектенбейт. Элдин айтымында Сооронбай Жээнбековго беш жолу, Албек Ибраимовго үч жолу, Сапар Исаковго эки жолу, Калык Султановго бир жолу - “гарантия, сени койом!” деп айтып, акырында эч кимисине кыйбай, баарына бир сыйрадан “кимиң кыйын болсоң ошонуңу колдойм” деген сөзду айтып, тигилер бири бирине көр каза баштаганы айтылууда. Конуренттер арбып кетпей тынч тура турушсун таризинде фракция лидери Иса Өмүркуловго байланыштуу кылмыш ишин жаңыртуу аракети, буга чейин мураскер катары аты айтылып калган Сарпашевге карата чабуулдардын бардыгы баш прокуратура менен ымаласы ысык Сапар Исаковдун ишараты менен кыймылга келгенин ошол эле акүй тараптагы интригалардын айынан ажырым күч алып бара жатканын каңкуулап тургансыйт. Айрымдар, президенттин ит тытышка салбай Бабановду арбаган Машкевич, Алиджан Ибрагимов (“Граф Токмокский”) сыяктууларга, “өтсөңөр өттүңөр, өтпөсөңөр өзүңөрдөн көргүлө, мына силерден башканы түрткөн жокмун” деп, талапкерликти акчага соодалап жиберүү планы бардыгын айтышса, башкалары ишенбей, “жок, Алмаз Ельцинден кем эмес! Акчага сатылбайт. Эл деп күйгөн инсанды сунуштайт” деген ишенимде. Эл болсо, “Атамбаев Сооронбай Жээнбековду алып чыгып Маскөө колдоого алган Темир Сариев экөө тирешет, эгерде Атамбаев Сооронбайды кыйса Асылбек Жээнбеков өзүн өзү президенттике көрсөтүп, КСДП бир талапкерге токтой албай,  ит болоору”- эл оозунан түшпөй, ушул альтернативалуу план көпчүлүккө майдай жагып жатканы байкалууда.

 

Маектешкен

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

 

Булак: “Майдан.kg” гезити