Б.Жетигенов: "Түндүк-түштүк" маселеси - айрым саясатчылардын амалы түгөнгөндө пайдаланып жүрүшкөн саясий куралы
 
- Бакыт Жеңишбекович, саясатты “ыплас, кир” дешет. Мындай булганган чөйрөгө аралашып калууңузга эмне  түрткү болду?
 
- Мурда чынын айтсам, «саясатка аралашам» деген деле ой жок болчу. Менин бул чөйрөгө аралашып калуума 2010-жылда бөлүп өткөн 7-апрель окуясы, түштүк коогалаңы сыяктуу өлкөбүздөгү курч-саясий кырдаалдар түрткү болду десем болот. Өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карап тура алган жокмун. Анан “шайлоого катышып көрбөйсүңбү?”- деген сунуштар түшүп, ошонун негизинде саясатка аралашып кеттим.
 
- Сиз кумар оюндары ойнолуучу жайларды жабуу керектигин баарынан катуу демилгеледиңиз. Бул меселени көтөрүп-чыгууга эмне себеп түрткү болгон?
 
- Бул маселе мени эл өкүлү боло электе эле түйшүккө салып келчү. Шаардагы жайнаган кумар оюндары ойнотулуп жаткан жерлердеги башаламандык жана ошондой эле ар кандай кумар оюндарынын кулу болуп, жашоосундагы болгон нерселерин утуруп жаткан адамдарды көргөндө чындап эле зээним кейичү. Ушундай көйгөйлөрдү көрүп жакшы, санаалаш адамдарым менен кандай чара көрүүгө болот деп акыл калчап, ой толготуп калчубуз. Анан жараткандын буйругу экен, минтип эл өкүлү болуп шайлангандан кийин баягы жакын санаалаш адамдарым «кумар оюндарын ойнотуучу жайларды жабуу маселесин эми көтөрүп чыгып көрбөйсүңбү» деп сунуштап калышты. Кээ бир кесиптештериме айтсам, андай-мындай дешет, анан «кой бул көйгөйдү чечпесек болбойт» деп билек түрүнө кириштим. Кудайга шүгүр, жыйынтыгы жаман болгон жок. Бул маселени депутаттар туура түшүнүп колдоп беришти.
 
- Негизи эле мындай кумар оюндары ойнотулуучу жайларга саясатчылар, анан акчасы көп күркүлдөр барат дешет го…
 
- Бул сөздүн да кандайдыр бир чындыгы бар.  Мурдагы, азыркы  саясатчылардын көбү эле казинолорго барчу экен. Жадагалса  мындай кумар оюндары ойнотулуучу жайларга барып жүргөн мамлекеттик чоң кызматты аркалаган бир топ чиновниктерди билем. Азыр деле кээ бир аттуу-баштуу чиновниктерибиздин жашыруун иштетилип жаткан мындай жайлардын коногу болуп жүргөндөрү туралуу маалыматтар бар.  Өздөрү эл башында туруп алып, ушундай мыйзамсыз кадамдарга барып жатышса анан өлкө өнүгүп, жашоо оңолмок беле.
 
- Бир эле партиянын эки өкүлүнүн пикири эки ача чыккан учурлар сейрек кездешет. Айтайын дегеним сиз кумар ойнотулуучу жайларды жабуу туралуу айтып жатсаңыз, сиздин эле партиялаш кесиптешиңиз «мындай жайлардын болушу зарыл» деп чыкты. Сиздин пикириңиз?
 
- Эми алар өз кызыкчылыкчылыктарын ойлоп алып чыгышты да. Кыргызстанды  өнүктүрүп-жыргатып ийели деп алып чыгышты дейсиңерби?.. Өз чөнтөктөрүн ойлоп, майда-барат кызыкчылыктардын негизинде ушундай кадамдарга барышты. Мындан башка вариант жок. Болушу да мүмкүн эмес!
 
- “Казынага акча түшмөк. Борбор каалабыздын абалы, жолдору оңолмок”,- деген себептерди айтышты го?
 
- Эмне азыр борбор каалабыздын жолдору оңдолбой, жумуш жүрбөй калды дейсиңерби? Кумар ойнотуулучу жайлар жок эле шаарыбыздын көчөлөрүндө оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатат. Казинолор менен өлкө казынасын толтурабыз деген бул эми жөн эле кур шылтоо. Биздин өзүбүздүн бюджет 103 млрд. сом,  ушул каражат кенен жетет. Эгерде орто жолдон жыра тартышып уурдап кетишпесе. Мына канча деген акчалар бөлүнүп жатат бирок, ошол каражаттар максаттуу жумшалып жатабы? Ара жолдо эле көздөгөн жерине жетпей жок болууда. Жөнөкөй эле мисал, муну курабыз, тигини курабыз дешет, мамлекет тарабынан каражат бөлүнөт, бирок, акча казынадан чыгары менен эле уурдалып жок болот.
 
- Ж.Сатыбалдиев: “Алтын казып алуудан экологияга зыян болууда дегендер өтө эле аша чаап кеткендер жана бул саясий оюндар”- деп айтты. Сиз кандай ойлойсуз?
 
- Туура эмес айтты. Экология бузулат. Кантип бузулбасын? Курамында цианид сыяктуу ар кандай химикаттар кушулган улуу заттар менен кен казылып алынып, иштетилип жатса. Инвесторлор келгенде эң биринчи “экология зыян келтирбейбиз”,- деп келишим түзүшүп, кепилдик беришет да. Мисалы, Чаткал районундагы кытайлар иштетип жаткан алтын кенин алып көрөлү. Жөн эле урдуруп атышат эч нерсени карабай эле. Алтынды иштеткенде кошулуучу уулуу заттар түздөн-түз эле жергиликтүү калк ичкен сууга кошулуп жатат. Муну көрүп туруп кантип танабыз? Ушулардын баарына өкмөт  көзөмөл жүргүзүш керек да. Эколог, геолог өңдүү ушул тармактын ээлерине тапшырма берсин, алар изилдеп чыгышсын.
 
Биз биринчиден кандай болбосун экология жагын карашыбыз керек. Талап коюшубуз керек, сактайсыңбы иште, сактабайсыңбы жок деген өңдүү. Биздикилер мындай талаптарды коюшкан эмес да. Тескерисинче, «бар, иштей бер, тыт, жайла өзүң бил» деген өңдүү алардын өзүн хан, өзүн бий кылып коюшкан. Туурабы? Эл деле келесоо эмес да жөндөн жөн эле ызы-чуу  чыгаргандай. Мамлекет биринчиден инвесторордун  мындай кылуусуна жол бербеши керек. Анан калса алтын чайкалган жерде экология тап-таза деп эч ким кепилдик бере албайт. Бузулат. Буздубу, анда  ошол бузган адамдар компенсация төлөп берүүгө милдеттүү. «Экология бузулат деген, саясий оюн, бул куру сөз» деп  өкмөт башчысы жөн эле туура эмес сүйлөп койду.
 
- Түндүк-түштүк деп бөлүнүү адатыбыздан арыла албай келебиз. Ушул терс көрүнүштөрдөн канткенде арылууга болот?
 
- Эл эч качан бөлүнбөйт! Карапайым калктын аң сезиминде мындай терс ойлор жашабайт. Бул айрым бир саясатчылардын амалы түгөнгөндө чыгарган жана ошондой эле айласы кеткенде пайдаланып жүрүшкөн саясий куралы деп ойлойм. Мурда мындай бөлүнүү-жарылуулар болгон эмес. Эл башында турган лидерлер түндүкбү-түштүкбү айырмасы жок эле кыдырып иштей беришкен. Балким ошондуктан  бүтүндөй кыргыз элине барктуу болушкан. Буга жөнөкөй эле мисал, кыргыздын чыгаан, кыраакы саясатчысы Султан Ибраимовду алып көрөлү. Кимдер гана  билбейт. Түндүк-түштүк дебей бул киши менен бүт кыргыз эли сыймыктанат эмеспи.
 
Ошондой эле дагы бир нерсени баса белгилеп айткым келет. Мындай бөлүнүп-жарылуу спорт чөйрөсүндө кездешпейт. Спортчулардын мамлекетке, өлкөгө болгон көз карашы, сезими башкачаарак. Бул майдачыл саясатчылардын чыгарып жаткан интиригасы. Эгерде кудреттери, саясий эрктери жетсе муну ошол эле саясатчылар өздөрү чекит коюп тыйып коюууга болот.
 
- Кошуна” өзбек жана “баурдас” казактардын окумуштуулар чөйрөсүндө кыргызды экиге бөлүп алып, автономиялуу облус кылгысы келген жандар да чыгышты.  Өзбек академиги Р.Абдуллаев, казак окумуштуусу Данияр Ашимбаев бул ойлорун ачык эле бөлүшө баштады. Сиздин пикириңиз?
 
- Чынын айтсам казак, өзбек кошуналарыбыздын Кыргызстан жакшы жашап, өнүгүп кетсин деген жакшы ойлору жок го дейм. Качан болбосун «бөлүп-жарып алалы» деген гана кур үмүт менен жашап келишет. Мына ажайып кооз, Манастан калган Каркырабызды алышты, азыркы учурда Көк-Сай талашка түшүп жатат. Казакстандын өзүлөрүнүн деле канча деген жерлери, канча деген чөлдөрү жатат. Анан “алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык”,- десе эле, кошуна туруп көз арткандары туура эмес да. Бул жерде биздин бийликтегилердин да күнөөсү бар. Тарыхта аты калган, татынакай жерин карматып ийген. Негизи эле жер саткан бул туура эмес. Жер сатуу бул - мекенди сатуу болуп эсептелинет. Карасаң Кыргызстан алакандай эле өлкө, анан анын эмнесин сатышат, билбейм.  Мына Көк-Сайды да мурун чечилип калган экен деп атышат. Ал эми Өзбекстан жакшы эле кутурду. Ошондой эле Тажикстан менен болгон талаш жерлерди чек ара маселелерин кечиктирбей чечиш керек эле. Бул нерселер да дагы эле чечилбей, бул маселелердин аягына дагы эле чекит коюлбай келүүдө.
 
- Өзбек чек арачылары кыргыз жарандарын кандай атса да эч ким унчукпайт. Тескерисинче өз бийлигинен сыйлык алат. Ал эми кыргыз чек арачысы өз мекенин коргоп мыйзамсыз кирген өзбек чек арачысына сес көрсөтсө, биздин чек арачыларга мыйзам иштеп, убактылууча деген шылтоо менен жумуштан чететилип калат. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?
 
- Туура кылган. Мен бул жерде адам өлтүрүүнү колдоп жаткан жерим жок. Болгону эле мыйзам негизинде айтып жатам. Ал мыйзамды бузуп уруксатсыз биздин чек арага аттап кирдиби атыш керек. Ал өз Мекенин, өз жерин, өз элин  коргоп атат. Мына канча жылдан бери эле Өзбекстандын чек арачылары биздин жарандарды ит аткандай эле атып келишүүдө. Жадагалса үйлөрүнө чейин кууп келип атышып, канча деген мал-жандарын суроо-сопкутсуз эле айдап кетишкен фактылар ондоп саналса да биздин чек арачылар татыктуу жооп бере алышпай эле жүрүшчү да. Кудай кечирсин. Адам өлтүргөн жанды эч ким азамат деп айтпайт бирок, бул жигит «азамат» деген атка татыктуу. Анткени, анын милдети чек араны сактоо болчу, ал ошон үчүн ант берген. Ошондуктан ал өз милдетин татыктуу аткарды десек болот. Ушундай чек арачы жигиттерибиз көбүрөөк болсо жанагыдай үйлөрүнө чейин кууп келип аткан көрүнүштөр кездешпейт эле.
 
Мына Ыссык-Көлдөгү малчыларды казак тарап камап койду. Дагы эле камалып жатышат. Бул көрүнүштөр бийликтин алсыздыгынан кабар берет. Эмнеге эле кошоматтанып «силер кыйынсыңар, биз бир тууган элбиз» деп жалпактай беришет. Кайдагы бир тууган эл? Жайлап атышпайбы бизди. А биз болсо дале ар кимдин өзүнө жараша жооп бергенге үйрөнө албай келебиз. Биз качан татыктуу жооп бергенге үйрөнөбүз, мына ошондо гана алар да «ии» деп биз менен эсептешкенге үйрөнүшөт. Анан ата беришсе, ата беришсе, жетекчилик, бийлик төбөлдөрү үн чыгарышпаса, анда биз бийлик башында эл башкарып эмнеге отурабыз? Чек араны татыктуу коргоп атабы, колдош керек! Азамат! Мындай жигиттердин чинин жогорулатып, сыйлык берүү зарыл. Мына ошол чек арачыны үлгү кылып «мына чек араны ушул жигиттей кайтаргыла» деп айтуу абзел.
 
- Акыркы учурда өкмөт кесипкөй адамдардан, өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу адистерден аксап жаткандай сезилет. Сиздин оюңуз?
 
- Мындай көрүнүштөр жок эмес. Болуп атат. Эми ар кандай учурлар кездешүүдө. Кээ бир адамдар билимине, тажрыйбасына карабай эле кайсы тармак болбосун өз кишисин коюга далалат кылып келет. Мен өтө тереңден кеп салбай эле, бир нерсеге эле токтоло кетейин. Биздин кээ бир вице-премьерлер да мындай көрүнүштөрдөн сырта калышпай, эптеп эле бир интиргаларды чыгарышып, жогорку кызмат тепкичтерине билимдүү, тажрыйбалуу кесипкөй адистерди эмес, өз кишилерин коюшууда. Мына ошондуктан өкмөт мүчөлөрү, министрликтер кандай адамдардан куралып жатканына баарыбыз эле күбөбүз. Анан калса бул нерселер өкмөттүн, вице-премьерлердин жеткечилиги астында түзүлүп атпайбы? Мен ойлойм ким кимди жооптуу кызматка койсо, ошол койгон адамга керт башы менен жооп бергендей бир чара көрбөсөк болбойт. Антпесек мына дайындап атышат, кайра эле ой бул жарабай калды деп, башка бир аферистти алып келишүүдө ,анан көп өтпөй эле бул да болбой калды деп кайдагы бир алдым-жуттумду алып келишет. Бирок, жоопкерчиликти моюнуна алган эч ким жок. Ким ошол министрди туура эмес дайындады. Ошол адам жооп берсин. Бул көрүнүшкө премьер, вице-премьерлер баары тең  жооп берүүгө милдеттүү кылышыбыз керек. Мындай кылбасак баш аламандык өкүм сүрүп, тартип болбойт.
 
Маектешкен Алтынай Ормотоева
Булак: “Майдан.kg”, №029,14.08.2013-ж.