К.Байболов: Бийлик төбөлдөрү түптүз эле үчүнчү ыңкылапка алып бара жатышат
 
- Кыргызстанда акыркы кезде болуп өткөн шайлоолор менен мурунку режимдердин тушундагы добуш берүүлөрдүн эмне окшоштуктары бар?
 
- Окшоштуктары бар. Бирок, мен олуттуу ѳзгѳчѳлүгүн айтып өтөйүн. Ал кезде парламенттик шайлоо ирети башкача болгон. Адатта илимде парламенттик башкаруу -  шайлоо дизайны менен партиялык системанын дизайны шайкеш келмейинче иштебейт. Биз бул жерде партиялык тизме менен шайлоону киргизгенибиз менен, партиялардын жана шайлоонун табиятын ѳзгѳрткѳнүбүз жок. Бул маселенин баары ошол жакта жатат. Мына маселен, учурда кайсы кыргыз айта алат: “биздин Кыргызстанда таза шайлоо болду”,- деп. Айта албайт да. Айтып кѳрсүнчү, бетине түкүрѳт да, бетин тытат. Бизде шайлоо жүзү каралыктын эң жеткен жери болуп атпайбы.
 
- Кубатбек мырза, сиз азыр “башаламандык болуп калды, система иштебей жатат”.- деп атпайсызбы. Анан да, сиз азыр “Кыргызстанга үчүнчү ыңкылап керек”,- деген позицияда жүргѳнүңүз белгилүү.
 
- Жо-ок, эч кандай ыңкылап керек эмес. Ыңкылап - адамдардын кѳз жашы, ыйы менен катар жүрчү нерсе. Мен болгону: “урматтуу бийлик тѳбѳлдѳрү, сиздер үчүнчү тополоңго алып бара жатасыңар”,- дегенди айтып жатам. Азыр даңгыр жолго түшүп алып, түптүз эле тополоңго алып бара жатышат. Азыр элдин баары айтып атпайбы, үчүнчү революцияны айрым бир үчүнчү күчтѳр уюштураарын. Далайдан бери айтылып келатат, бирок, ал үчүнчү күчтѳр ким экенин билбейбиз. Аты же заты жок “үчүнчү күч” экен, айтор. А менин пикиримче, кандай тополоң болбосун, кайсы гана революция болбосун, муну бийлик гана даярдайт.
 
- Кубатбек мырза, мына сиз шайлоо жѳнүндѳ айттыңыз, “партиянын дизайны менен шайлоо дизайны бир келиши керек”,- деп. Азыр мына коомчулукта республиканы тогуз шайлоо окуругуна бѳлүү демилгеси кѳтѳрүлүп жатат. Ушундай эле демилгени сиз да айткан элеңиз. Бул идея биздин партиялык системаны ѳнүктүрүүгѳ алып келеби?
 
- Туура. Мен муну небак айткам, илгери.  Шайлоо системасы менен партиялык системанын анчейин деле, сиам эгиздери сыяктуу байланышы жок да. Маселен партиялык системаны алып келе турган болсок, 180ден ашуун партия бар. Бизге, Кыргызстанга анчалык партиянын кереги барбы? Жок да. Ар бир эле кыргыз он-он беш тууганын чогултуп алып эле биринчи адам болгусу келет. Бул биздин табиятыбызга, биздин ѳнүгүү деңгээлибизге байланыштуу. Бирок, мамлекеттин милдети - ошол партиялар ирилешип  келип, бир нече партия болушу керек да. Аны ким жасашы керек? Аны парламент жасашы керек. Мыйзам кабыл алышы керек. Парламентти тиги улак тарткандай, аламан байге кылбай, жеңип келген эки гана партия болгондо жакшы иштейт. Болуптур, биз эң жакшы добуш алган үч партия гана келет десек, партиянын реформасынын башы, тузу ошол жакта жатат. Ал эми шайлоо системасына келе турган болсок, 5%дык эмес 7%дык барьер коё турган болсок, жанагыл үч партиянын гана келишине шарт түзүп берет элек да. Бул биринчиси. Экинчиси, шайлоону таза жана акыйкат ѳткѳрѳ турган жагдайды түзүшүбүз керек. Аны ким түзѳт? Аны азыркы парламент, азыркы президент, азыркы премьер-министр  түзүшү керек. Ачык жана таза шайлоо эмнени билдирет? Акыркы үч жылдан бери эч нерсени чече албай жаткан бийликтин жаназасы окулат деген сѳз да. Демек, азыркы бийликтегилер таза шайлоого барабы, барбайбы деген сѳз да. Менимче барбайт.
 
- Шайлоо жѳнүндѳ айтып калдыңыз, азыркы президенттин аппарат башчысы партияларды ирилештирүү максатында, “ар бир партиянын кеминде 200дѳн ѳкүлү болушу керек. Аймактарда дагы”,- деген талапты коюп жатат...
 
- Туура талап. Жанагындай тогуз округ болгону бул эми ириңдеп эбак ѳзүн тапкан система да. Айрым демилгечилер таап аткан система эмес. Илимде, тарыхта кеңири орун алган система. Бул - улуттун мыктылары, улуттун накта кыйындары чыга турган система. Кемчилиги да бар, айтып атышпайбы, маселен “жер-жерлерден ошол жерликтер гана шайланып келет” деп. А азыркы система боюнча эмне башкалар шайланып келип атышабы? Мен маселен, башка жерге барып, эмне кѳп добуш алып келдимби? Бербейт эч убакта! Ошондуктан биз чындыкты түз карашыбыз керек. Мына маселен, мен кайсы жерде белгилүүмүн. Бишкекте белгилүүмүн. Бишкектегилер билип, тажрыйбаны карап, “а бул нечен жылдан бери ушул жерде, биз аны билебиз”,- деп шайлашы мүмкүн да. Маселен Ак-Талаада болобу, Алайда болобу, “телевизордон эки-үч ирет кѳрдүк эле”,- деп башкасын билбейт да.
 
- Сиз акыркы убактарда кѳп кѳрүнбѳй кеттиңиз. Бирок, эми кайсы бир деңгээлде активдеше баштаганыңыз сезилип турат. Азыр сиздин саясаттагы ролуңуз кандай жана шериктештериңиз кимдер? Мисалы эки жолу кѳңүлүм калды деп атасыз, азыр ким менен биригип, ким менен сүйлѳшүп жатасыз?
 
- Менин шериктештерим ошолор эле. Себеби башка шерик жок да Кыргызстанда. Анан унчукпай жүргѳнүмдүн себебин айтып берейин. Кыргызстанда кыргыздар ѳзүлѳрүнүн кѳзү жетмейинче оюн ѳзгѳртпѳйт. Жаманатты кылышка аракет кылышты, анан мен ошол жерде актана баштасам, эч бир жыйынтык чыкмак эмес. Ошон үчүн мен президенттик шайлоого катыштым, ѳз оюмду ошол жерден кенен айтып бердим. Муюган жоксуңар. Шайладыңар. Мен унчукпай жүрүп атам. Мына ѳзүңѳрдүн кѳзүңѳр жете баштады болуш керек. Жете элек болсо бир аздан кийин жетет.
 
- Сиз башкы прокурор болуп турган маалда Оруссиянын 198 миллион доллар насыясы жана 35 миллион доллар гранты, анан Социалдык фонддун акчалары  туралуу маалыматтар ачык эле айтылып  келе жаткан. Азыр сиз бул маселени кѳтѳрүп, “эмне үчүн ѳкмѳт бул маселени иликтебейт”,- деп жатпайсызбы? Ошол учурда эле кѳтѳрүп чыксаңыз болот беле же сѳзсүз кызматтан кеткенде айтыш керек беле?
 
- Мен тилекке каршы ошол банктагы болгон окуялар туралуу иш козгой коём деп ажыдаардын куйругун басып албадымбы. Андан башка дагы бир топ нерселер бар.
 
- Кеч болуп калган жокпу?
 
- Узак убактыт прокурор, министр, же башка бир жогорку деңгээлдеги чиновник болом деген адам Ак үй кандай десе, ошону кылып, оокат кылышы керек. Мага окшогондор ал жерде кѳп тура албайт. Себеби, менин өзүмдүн адамдык принциптерим бар, бирөөнун буйрутмасын аткарбаймын. Маселен, ошол учурда урматтуу президент Отунбаева “Усубалиевдин небересине иш козго”, “Американын Рестар деген компаниясын жайла”.- деди. Же болбосо, мына ушул эле депутат болуп жүргѳн Равшан Жээнбековго “мени сынга алып жатат, ошондуктан иш козго”,- дейт. Анан мен: “сотко арыз жазыңыз, иш козголот ошол жактан. Бул жакта болсо Бакиев түзүп кеткен келишим бар экен, парламент ратификациялап коюптур, мен барып Американын компаниясына кысым жасаганга акым жок”,- деп коём. Андай болгондон кийин мага окшогон прокурордун кереги жок болуп калат.
 
- Ал акчалар кайда кетти? Эмне болгон?
 
- Мен прокурор боло электен беш ай мурун Елисеевден кат келген экен. Ал каттын кѳчүрмѳсү азыр менде дале бар. “Мага саласал кылганы жатасыңар. Бул акчалар “Азия универсалбанкында” жаткан, азыр жок болуп кетти. Урматтуу прокурор, бул факты боюнча иш козгоңуз”,- деп кат келиптир. Мен сентябрда бардым. Ал катты мен дагы билбейм. Анан прокурорлуктан алынганда, жакында эле билип атпаймынбы, бул иштин жѳн жайын. А менин козогон ишим – банк кутучалары боюнча эле. Анан бийликтин каарына калдым. Кутучалардан алынган акчалардын дайыны жок болуп атпайбы бүгүнкү күнгѳ чейин. Атамбаев деле бул ишти аягына чыгарарын айткан. Азыркыга чейин тилекке каршы, бул иш жабылуу бойдон турат.
 
- Сиз акыркы маектериңизде: “Аида Салянова Юстиция министрлигинде статс-катчы кезинде, мурунку ѳкмѳт башчы Данияр Үcѳновдун катышуусу менен “Кумтѳрдѳн” 1,5 млрд. сомду кечип жиберген”.- деп айтып жатасыз.
 
- Салянова кечкен эмес. Кечкенге салым кошкон. Муну сотто Жапаровдор да айтып чыгышкан, бул кеңири белгилүү факт да. Салянова Юстиция министрлигинде иштеп турганда “жѳнѳкѳй гана буйрук менен кечип жиберсеңиз болот”,- деген катын жазып берген. Ошол каттагы берилген кеңеш менен “Кумтөрдүн” карызы кечилип кетип атпайбы.
 
- Акыркы маалыматтар боюнча, азыркы министр А.Шыкмаматов дагы, УКМК да текшерип, Салянованын мыйзам бузбаганын айтып чыгышты.
 
- Азыр албетте айтышпайт. “Болгон”.- деп Шыкмаматов эртең жумуштан кеткиси келип атыптырбы? Кеткиси келбейт да. Бул эртең айтылчу нерсе. Маселен Сариевге “Кумтѳр” боюнча парламентте бир депутат суроо берди. “Туура кечирилгенби?”- деп. “Туура эмес кечирилген”,- деп айтпадыбы Сариев.
 
- Сиз Ташиев баш болгон үч депутат акталгандан кийин: “бийлик Ташиевден коркпошу керек. Бийлик ичине аралашып кеткен кирминалдан коркушу керек. Акаев менен Бакиевдин убагына караганда азыр криминал бийлик менен кѳбүрѳѳк аралашып калган”,- деген ойду айттыңыз. Конкреттүү ысымдарды атай аласызбы, кимдер жѳнүндѳ сѳз болуп жатат?
 
- Криминал дегенибиз, мына Батукаевди чыгарып ийишпедиби?
 
- Жок, бийликтеги криминалды айтып жатам.
 
- Бийликтеги криминал болбосо Батукаев чыкмак беле?
 
- Конкреттүү ысымдарды айта аласызбы?
 
- Криминалдын баары тең бѳлүштүрүп алынган. Анын кайсы бирин айтып бүтѳсүң. Ошол жерде бийликте, бүткүл мамлекеттин күчүн пайдаланып жүргѳндѳр “үчүнчү күч” деп бир кишинин атын атай алышпай жатат. Анан бош жүргѳн мен кимисин айтып бермек элем.
 
Кагазга түшүргөн
Алтынай Ормотоева
(“Азаттыкка берген маегинен алынды)
 
Булак: “Майдан.kg”, №027, 31.07.2013-ж.