Т.Тургуналиев: Бүгүнкү чиновниктердин 70-80 пайызы – Акаев менен Бакиевдин кадрлары
 
1. Кыргызстанда салтка айланып калгандай, климаттык сезон алмашкан сайын саясаттагы аба ырайы да өзгөрүлүп турат. Айрыкча, күзүндө коомдук-саясий кырдаал татаалдашат. Ошого байланыштуу, жакынкы айларда саясатта эмне өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?
 
2. Бийликтин, өкмөттүн экономика жаатында кандай жетишкендиктерин сезе алдыңыз?
 
Т.Тургуналиев, коомдук ишмер:
 
1. Жаз менен күз Кыргызстанда эле эмес, башка мамлекеттерде да ар кандай толундоолордун убагына айланып калган. Бүгүн да көпчүлүк күздүн келишин чыдамсыздык менен күтүүдө. Биздин бийлик башындагы аткаминерлерибиз адатынча оозу толо убадаларды беришип, бирин да тыңгылыктуу аткарышкан жок. Бардык нерсенин чеги болот. Эл деле күтө берип чарчады, нааразычылык жарылганы турат. Ошондуктан, бийлик башындагыларда эрк болсо, батыраак кадрлар маселесинде ревоюция жасоосу керек. Бул көчөдөгү революциядан сактап калышы мүмкүн. Анткени элди баарынан да катуу нааразы кылган маселе – бүгүнкү чиновниктердин, министрлердин, депутаттардын 70-80 пайызы – Акаев менен Бакиевдин кадрлары. А булар адатынча, жеп-ичкенди гана билишет, элди ойлобойт.
 
2. Эки ай мурун мен премьер-министрге баргам. Биз төртөө болчубуз. Анда да кадр маселеси тууралуу кеп жүрдү. Мен 20 жылдан бери бир да өкмөт элге пайдасын тийгизбегенин айттым. Жыл сайын тонналаган кагаздар кабинеттен кабинетке көчкөнү эле болбосо, реалдуу иш жок. Менин айтканым менен Жантөрө Сатыбалдиев макул болду, моюнга алганына ыраазы боло түштүм. Кыргызстандагы кыйынчылыктын баарына бир гана өкмөттү күнөөлүү атоого да болбойт. Коомчулуктагы оорулардын баары 90-жылдын башынан бери чогулуп калган. Ошондуктан, жаңы өкмөт келсе эле коммунизм куруп ийбейт. Анткен менен, өкүнүчтүү жагы – кайсы өкмөт болбосун, жакшылыктан үмүт эте турган агымы такыр байкалбайт. Жакшы жылыш жок. Кайсы тармакты албайлы, мен мактай турган жагын айтып бере албайм.