М.Ниязов: Биздин президент Атамбаев менен эч ким сүйлөшпөйт


- Мирослав Жумабекович, азыркы абалыбыз жөнүндө кеп салсаңыз, мындай абалга бизди ким алып келди?
 


- Мамлекетти азыркы башаламан, оор кырдаалга Утурумдук өкмөт алып келди. Кан төгүлүп, калкыбыз боздоп турган маалда эч кимди укпай, шашылыш түрдө парламентаризмди таңуулап киргизишти. Андан бери үч жылга жакындап калды, барган сайын ыдырап-сөгүлүп, жиктелип, талкалануунун гана үстүндө баратабыз. Жакшы жагын же үзүрүн көргөн жокпуз. Парламентти карасак, коалицияга бири кирип, экинчиси чыгып, өкмөткө өтүп, кайра оппозиция болуп, бийликтин туруктуулугун бузду. Президент кесилген укуктары менен тушалып отурат. Бул жерде парламент баардык бийликтен бийик турган амбициялык топтун уюгуна айланды. Өздөрүнө ылайык эрежелерди жазып, финансы булактарын буруп, комфорттук шартты түзүп алышты. Өкмөттү каалаган учурда кетирет, министрлери колунда калат. Бирок, элге жооп бербейт. Көйгөйлүү маселе көтөрүлсө комиссия түзүмүш болот, анысы аягына чыкпайт. Премьер-министрдин командасы жок. Коалициялар бөлүп алган кызматтарга ар кимиси өздөрүнүн адамын алып келгенге аракеттенүүдө. Булар мамлекеттик түзүлүштү башаламан кылып салды. Мамлекеттик машина иштебей калды. Чабал кадрлардын айынан бүт тармак ичинен чирип, мамлекет урап калар деңгээлге жетти. 


- Чындап эле парламенттик мамлекетте жашай албайбызбы? 


- Мен 2008-жылдан бери какшадым, парламентаризмге биздин даярдыгыбыз жок деп. Парламентаризм бут коюш үчүн өлкө өнүгүп, эл мамлекетке көз каранды болбой, чегаралары чечилип, базар экономикасы жогорку деңгээлге чыгышы керек. Мисалы, Италияда бир жылда он жолу премьер-министр алмашты. Бирок, экономикага, социалдык абалга таасири тийген жок. Мына Бельгияда бир жарым жыл болду премьер-министр жок. Бирок, элдин жашоо турмушу ошол бойдон турат, экономикасы көтөрүлүүдө. Бул нени билдирет? Элдин бийлик менен түздөн түз байланышы болбой, базар экономикасы өзүнчө иштегендигинин белгиси. Биз ага жете элекпиз. Биз жок дегенде мамлекетибиздин чегарасын тактай элекпиз. Экономикабыз өскөндү кой, бюджетибиз миллиарддаган сомго тешилип калган. Азык-түлүк коопсуздугу, отун-энергетика, медицина коопсуздугу жок. Милициянын абалын көрүп жатабыз. Элди эмес, керек болсо өздөрүн коргой албайт. Мындайча айтканда Кыргызстандын коопсуздук системасы түзүлө элек. Анан ушундай шартта парламентаризмди орнотуп, ачык болобуз дегени акылсыздык. Кыскасын айтканда, азыркы парламентаризм "бомба", бул мамлекетибизди жарат. 


- Биздин президенттин кадыры кандай? 


- Биздин президент менен эч ким сүйлөшпөйт. Бүгүн финансылык, экономикалык, инвестициялык, кредиттик изоляцияга түшүп калдык. Былтыр Европа мамлекеттери, Россия акчаларын жардам кылалы деген миллиондогон акчаларын бербей койгон. Азыр 100 миллион доллар беребиз деген казактар дагы баш тартты. Кыргызстанга эч ким жардам кылайын дебей калды. Анткени, бийлик туруктуу болбой калды. Стабилдүүлүк жок. Президентти ар нерсени сүйлөгөнү менен эч нерсени чеч албайт. Инвесторлорду кууп жатышат. Анан ким келип жардам берет? 


- Мына ушундай кырдаалды көрүп туруп жөн жата алган жоксузбу? 


- Көптөгөн топтор мага кайрылып, эмне кылабыз деп жатат. Азыр элдин, топтошкон уюмдардын маанайын көрүп турам, азыр бирөө башына турса эле, үчүнчү революцияны жасаганга даяр турушат. Бирок, революция кылгандан азыр натыйжа чыкпайт. Мына эки революцияны көрдүк, жакшы болгон жок да. Ошондуктан, азыр Конституциялык реформаны жүргүзүп, парламентти таркатыш керек. Анткени, баардык көрсөткүчтү карабайлы начар абалдабыз. 2012-жылы 23 миллиард сом дефицит деп, 10 миллиард сом 2013-жылдын эсебинен алган эле. Ошондо жалпысынан 33 миллиардга жетти. Тактап айтканда, 90 миллиард сом бюджет болсо, анын 33 миллиардды жок. Быйыл андан дагы чоңоет. Себеби, биз башка өлкөлөрдүн жардам бере турган акчасы менен жашап калдык. Тышкы соодабыз болсо 2012-жылы абдан начар абалга кептелди. 1 миллиард 400 миллион доллар экспорт болсо, 4 миллиард 800 миллион долларлык импорт болду. Сырттан бүт баарын алып кирдик. Тескери баланс үч жарым миллиардга жакындады. Бул мамлекеттин талкаланышы. Биз жоопкерчиликсиз системаны түзүп алып, ушундай абалга келдик. Азыркы абалга эч ким жооп бербейт. 


- Сиз түзгөн уюмдун талаптары аткарылбаса кандай чараларга барасыздар, анан азыркы начар абалга Атамбаевдин тиешеси жокпу? 


-Б из революция болбой турган жолду сунуштап жатабыз, эгер үнүбүз угулбаса эл бышып турат, 15-марттан баштап парламентти таркатуу акциясын баштайбыз. Ал эми азыркы абалга президент эмес, система күнөөлүү. Ошондуктан парламентаризмди талкалашыбыз керек. 


- Коомдун жоон тобу мамлекетти азыркы оор абалга үч жылдан бери өлкөнү түз жана кыйыр башкарып келе жаткан Атамбаев алып келди деп жатат. Муну танасызбы? Азыр ал кишинин айласы кеткенде сизди жалдап, парламентти таркатуу идеясын көтөргөнү ачык айтылууда. Муну жашырасызбы? 


- Мен жетеленме адам эмесмин. Мени эч ким торпоктой жетелеп ала албайт. Мен Кыргызстандын абалы оор болуп жатканын жүрөгүм менен сезип, жөн тура албаганымдан чыгып жатам. Ооба, азыр ортоңку катмардагы оппозициядагы саясатчылар революция кылабыз деп жатат. Мен ошого каршымын. Биз революция менен эч кайда барбайбыз. Тынчтык жолу менен чыгышыбыз керек. Ал эми ортодо сөздөр чыга берет. Мен ага терикпейм, сөздөн коркпойм. Кыргызстанда тынчтыкты сактап калганга мен дагы милдеттүүмүн. Бизге стабилдүүлүк керек!


- Эмне үчүн сиздер Акаев, Бакиевди кууган маалда стабилдүүлүк керек деген эмессиздер? Ушулар кетпесе мамлекет оңолбойт деген ураандар айтылган. Азыр Атамбаев өлкөнү абдан оор абалга алып келгенине карабай, эмнегедир стабилдүүлүк жөнүндө ойлоно калганыңыздар түшүнүксүз? 


- Туура. Ар ким ойлоно берсин. Бирок мен ичимден жарылып, күйүп жаткан учурум ушул. Мейли жаман болсун, бирок жоопкерчиликти ала турган адам келсин. Эгер адамдык сапаты калган болсо, үч, төрт айдын ичинде Конституцияны өзгөртүп, шайлоолорду өткөрсө, тарыхта аты калат. Жок, парламентаризм бойдон калат, парламент эки жыл калат десе, анда өз убалы өзүнө. Мен аралашпаган күндө да, оор жоготуулар менен башкалар түбүнө чыгат. Ошондуктан айтып жатам, акылыңарга келгиле, тез арада Конституцияны өзгөртүп, жаңы шайлоолорду дайындагыла деп. Мындан башка жеңил чыга турган жолу жок. Эгер президент менен парламент депутаттарынын буга эрки жетпесе, анда эл күтпөйт. Муну айтып коюу менин милдетим. Анткени, эл жарылганга аз калды. Жакынкы күндөрү селдей каптап, баардыгы кыян-жаян жууп кетет. Коркконум, андан аркысы кандай болоору белгисиз. 


Зулпукаар Сапанов,

"Учур" басылмасы