Ө.Суваналиев: Иш жүзүндө бийликтин баары президентте. Атамбаев өзү жалгыз каалаганындай башкарууда
 
- Өмүрбек Исакович, президенттин ишке киришкенине бир жыл болду деп жатышат. Иш жүзүндө Атамбаевдин бийликке келгенине 3 жыл болбодубу. Ушул мезгилдин ичинде мамлекетибизде кандай өзгөрүүлөр болду?
 
- Туура, азыр бийликке жагалданган саясатчылар “Атамбаевдин Кыргызстанды президент катары башкарганына 1 жыл болду” деп айтып жатышат. Сен туура айтып жатасың. Атамбаев эки тизгин бир чылбырды колго алып, оппозицияда жүргөн кездеги убадаларын аткарам деп жатканына 3 жыл болду. Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрү Атамбаевдин оозун карап турганын бүгүнкү күндөгү жүрүп жаткан саясат аныктап койду. Мен башынан эле Атамбаевдин колунан эч нерсе келбейт, ал популист, бүлдүргүч деп айтчумун. Ошондой болуп жатканын өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал тастыктады. Жакында эле президент болуп олтурганына 1 жыл болду. 1 жылдын ичинде кандай жетишкендиктерге жеткени жөнүндө бир дагы сөз айта албай, болгону Россиянын бир телеканалын чакырып алып, ошого интервью берди. Анда деле жарытылуу сөз болгон жок. Мурункудай болуп “муну, тигини кылабыз” деп элди жоошутуп жатат. Кечээ жакында “Жол картасы” деген программасын алып чыгып, ушунун негизинде иш кылалы деди. Түшүнгөн адамга бул популисттик кадам. Себеби, бүгүнкү Конституция боюнча андай программаны президент эмес Өкмөт алып чыгышы керек. Атамбаев өлкөнүн ички саясатына аралашканга укугу жок. “КСДП” партиясынын лидери катары ошол программаны алып чыгып жатам десе, партия лидерлигин эбак эле тапшырып койгон. Көтөрүп чыккан программасын карап көрсөң “Эртең боло турган, кийин келе турган акча” деген сөздөр. Бул Атамбаев 3 жылдан бери эч нерсе жасаган жок, мындан ары да эч кандай өзгөрүүгө алып бара албайт дегендик. Бул кишиден үмүтүбүздү үзсөк деле болот.
 
- Атамбаев баш болгон Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бийликке төңкөрүш жолу менен келбедиби. Сиз дагы учурунда ушул адамдар менен бирге жүргөнсүз. Ошол эле мезгилде булардын бийликти басып алуу планы болгон деген сөздөр айтылууда. Сизге дагы бийликти басып алабыз деп айтышкан эмес беле?
 
- Баарын ачык айтыш керек. Атамбаев биз менен чогуу жүргөн кезде баарыбызга “Конституциялык жол менен бийликти алалбайбыз. Ак үйдү басып алалы” деп ачык эле айтчу. Буга Текебаев, Сариев 2005-жылы депутат болуп шайланып келген адамдардын көпчүлүгү күбө. Мисал катары бир окуяны айтып берейин. 2005-жылы 29-октябрда Феликс Куловдун үйүндө баарыбыз чогулганбыз. Ошол күнү Куловдун туулган күнү эле. Ал кезде Кулов премьер-министр, Текебаев Парламенттин төрагасы, мен шаарда Ички иштер башкармалыгынын башчысы элем. Атамбаев өндүрүш тармагына жооп бере турган министр болуп, кетем деп аткан кези эле. Ал жерде Сариев, Бабанов, ыраматылык Эшимканов, бүгүнкү атка минерлердин көпчүлүгү бар болчу. Элдин көзүнчө эле Атамбаев бийликти басып алабыз дегенде Кулов болбой койгон. Башынан эле бүгүнкү президент Конституциялык жол менен бийликти алмаштырганга каршы болгон. Эми болсо тынчтыкка чакырып жатканын көрүп күлкүң келет. Кош стандарттуулук деген ушул.
 
- Бийликтин алмашышына бирден-бир себеп болгон бул шайлоолордун жыйынтыгы. Кечээ эле жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолор дагы мурунку бийлик калтырып кеткен бурмалоо жолу менен өттү. Ушул көрүнүш бүгүнкү бийликти алып түшпөйбү?
 
- Бул сурооңо Атамбаевди мисал катары келтирип жооп берейин. Ал оппозицияда жүргөндө шайлоолордо такыр жеңишке жетишпей, жеңилип келген. Анткени, бийлик таза шайлоо өткөрчү эмес. Эми Атамбаев төңкөрүш жолу менен бийликке келип, бир дагы шайлоону таза өткөрө алган жок. Буга элдин баары күбө. Ал тургай элдин нааразычылыгы күндөн-күнгө күчөп, бийликке болгон ишеними өчүп “Кыргызстан бул жүрүштө эч качан өнүкпөйт, таза шайлоо болбойт” деген сөздөр айтыла баштады. Бүгүнкүлөрдү бийликке эл алып келгенден кийин таза иштеши керек болчу. Булар, тескерисинче эски тонду кийип алышты. Азыр өлкөдө аябай оор кырдаал түзүлдү. Ушундай эле кырдаал 2007-жылы түзүлгөндө Атамбаев “Бакиев саясий өлүк” деп айткан. Кийин премьер-министр кылып койгондо “Бакиев алтын киши турбайбы” деген сөздү айтпады беле. Мына азыр 1 жылга жетпей Атамбаев өзү “саясий өлүккө” айланып калды. Себеби, Конституцияны иштете албады, берген убадаларын аткарбады, мамлекеттин казынасы бош, тыш жактан келе турган кредиттер келбеди. Мындай учурда “саясий өлүк” эмей эмне болот?
 
- Сиз “Ар-намыс” партиясынын тизмесин жетектеп шаардык кеңешке болгон шайлоого бардыңыз. 2010-жылы Парламенттик шайлоодо “Ар-намыс” шаардан эң көп добуш алган эле. Бул жолкусунда 7 пайыздык тосмону да аша алган жок. Бийлик сизден корккондуктан ушундай оюнду ойноду деп айтса туура болчудайбы?
 
- Шаардык Кеңешке болгон шайлоодо массалык бурмалоо болду. Азыр бийлик өзүнүн келечегине балта чаап жатат. Бишкек шаарынын тургундары Парламенттик, президенттик шайлоолорго 50 пайыздан ашыгы катышкан. Парламенттик шайлоодо 200 миң шайлоочу катышып, андан 59 миң добуш менен “Ар-намыс” шаардан биринчи болуп чыккан. Ал эми президенттик шайлоодо болсо дагы деле 200 миң шайлоочу катышты, Атамбаев 16 талапкердин арасынан 62 пайыз добуш алды деген жыйынтык чыгарышкан. Шаардын тургундары “Ким мэр болот? Биздин маселебизди ким чечет?” деп турганда 90 миң шайлоочу катышып жатат. “Ар-намыс” Парламенттик шайлоодо 59 миң добуш алса, азыр 6 миң добуш деген бийликтин ыплас ишине күлкүң келет. Мен өзүм президенттик шайлоого катышканымда бурмалоодон кийин шаардыктар 6 миңден көп добуш беришкен. Мунун баарын анализдеп бийликтин көздөгөнү эмнеде экенин билсе болот.
 
- Биздеги саясий абалга көз салып турган коңшу өлкөлөрдүн аналитиктери “Кыргызстанда төңкөрүш болуп кетүү коркунучу бар” деген сөздөрдү айтып жатышат. Айтылган сөздөр негиздүүбү?
 
- Эксперттер мурун эле “Бийликке кандай жол менен келсе, ошондой болуп кетет” деп айтышкан. Бул сөз туура экенин көрбөдүкпү. Акаев “Мен самолёттон парашют менен секирип түшүп калгандай болгом” дечү эле, самолёт менен кайра учуп кетти. Революциялык жол менен келген Бакиев революциялык жол менен кетти. Атамбаев кандуу жол менен келди кырдаал андан да жаман болот дешти эле, ошондой болуп жатат. Кандуу төңкөрүштөн кийин элдин үмүтү орундалбаса, бийликке жеткендер “Ата-Бейитте” берген анттарын аткарбаса, элди түндүк-түштүк деп бөлүү күч алып жатса жер-жерлерде элдин нааразычылыгы күчөп жатат да. Эксперттердин айтып жаткандарында негиз бар.
 
- Бүгүнкү бийлик алсыз деген сөздөрдү угуп эле жүрөбүз. Ошол эле учурда бүгүнкүлөр өз бийлигин сактап калууга аракети күч деген сөз да бар. Эгер бийлик алсыз болсо өз бийлигин кантип сактап калат?
 
- Бийликти алам деген киши алгач элдин күчү менен күч структураларын талкалап, андан кийин бийликти алат. Бийликке жетип алган соң элден алыстап, кайрадан күч структураларын бекемдеп “ушулар мени сактап калат” деген туура эмес жолго түшүп алат. Жанында жүргөн кошоматчылары “Туура багытты тандап алдыңыз” деген сөздөрүн айтышат. Азыр Атамбаевдин эки сөзүнүн бири “Мен гезит окубайм, өзүмдү билем. 2 жолу революция жасагам. Эч кимден коркпойм. Керек болсо элди көтөрөм” деген болуп жатат. Египеттин президенти Мурсини “Бир тууган мусулмандарды көтөрөм” деп жатпайбы. Атамбаев дагы “Чүйдүн элин көтөрөм” деп келген саясатчыларды коркутуп олтурат. Бул президенттин айта турган сөзү эмес. Президент элди бөлүп жарбай, мамлекет үчүн күйүшү керек. Кыска аралыкта элге үмүт берсе, эл “Ушул адам бизди жакшы жашоого ээрчите алат. Чыдай туралы” демек. Бүгүн президент Атамбаевге “Ушул Кыргызстанды оңдойт” деп эч ким ишенбейт. Тескерисинче, анын элди түндүк-түштүк кылып кыйын кырдаалга алып барганы, күч структуралары менен коррупцияга каршы күрөшүп жатам деп коюп, туура эмес жолго түшүп алганы көрүнүп эле турбайбы. “Ушундай абал түзүлгөнүнө мен күнөөлүүмүн деп” өзү отставкага кетип калса өзүнө, элге жакшы болмок.
 
- Бийликке жараша оппозиция болот да. Бийликти алсыз десек, анда оппозиция дагы алсызбы?
 
- 1995-жылдары биз Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында депутат болуп жүргөндө Адахан Мадумаров “Аскар Акаевич, эски карталарды эле тешилгиче колдоно бересизби? Жаңы кадрлар өспөйбү?” деп трибунадан айтчу. Ошондон бери саясий чөйрөдө баягы эле кадрлар келе жатат. Алар бири-бирин аябай жакшы билет. Оппозиция алсызбы деп жатасың. Жакында эле оппозициянын жыйыны болуп өттү. Жыйынга катышкандардын көбү Атамбаев менен бийликке чогуу келип, Убактылуу Өкмөттү колдоп жүргөндөр. Ошолор бүгүн Атамбаевге оппозиция болуп жатышат. Экинчи оппозициялык күч азыр чогулуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бүгүнкү кырдаал 2005-жылдагыдай болуп жатат. Ошондо дагы 2 оппозициялык блок болчу. Бирөөсү “Ата Журт”, экинчиси “БЭК”. Азыр Азимбек Бекназаров баштаган бир топ, экинчиси саясий партиялар биригип бир блок болуп чыгат. Бүгүнкү күндө элде президенттен, Өкмөттөн, Парламенттен үмүт жок. Жазында оппозиция күчөйт.
 
- “Ар-намыс” партиясынын Жогорку Кеңештеги кээ бир депутаттары коалициядан чыгуу демилгесин көтөрүп чыккан менен ошол эле фракциянын ичиндеги кээ бир депутаттар тескери маанайда экенин билдиришти. Бул бөлүнүүчүлүк партияда биримдик жок экенин, саясий позициясы ар башка экенин көрсөтөбү?
 
- “Ар-намыс” фракциясындагы Кулов баштаган топтун “коалициядан чыгабыз” дегени туура кадам. Азыр “КСДП” бийликтин баардык бутактарын ээлеп, бийлик узурпация болуп жатат. Мындай болбошу үчүн “КСДП” Жогорку Кеңеште оппозицияда калышы керек. Ошондо Парламенттик башкаруу формасы, Конституция иштей баштамак. Эч кандай өзгөрүү болгон жок дегендин бирден-бир себеби да “КСДПнын” бийликтин 3 бутагын тең колуна алып алганында. Кошомат кылгандар ар убак болуп келген, боло берет. Өз кызыкчылыгы, туугандары, жакындары үчүн кызмат кылабыз дегендер коалицияны сактап калабыз деп аракет жасап жатканын ачык эле айтышы керек. Бул жолку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш коммерциялык Парламент болуп калды. Муну депутаттардын өздөрү деле айтып жатышат. Баары акча менен келишкен. Ошол үчүн партиялык идеология жок. Мындан тышкары коалицияга кирген партиялар мамлекеттик структуралардын баарын бөлүп алышып, ошондон акча жасашууда. Коррупция менен күрөшүү жүрбөй жаткандыгы да ушул себептен. Өздөрү акча чыкчу жерлерди бөлүп алышып, коррупциялык схемаларды колдонуп жатышса ким күрөшмөк эле? Эгер “Ар-намыс” коалициядан чыкпай турган болсо Парламент тарашы керек. Мындай Жогорку Кеңештин кереги жок.
 
- Билесиз азыр бийлик Жогорку Кеңеште. Аны таратып жиберсек келечеги көрүнбөгөн саясий кризис андан бетер күчөп кетпейби?
 
— Бийликтин баары Парламентте деген кагаз түрүндө гана болууда. Иш жүзүндө бийликтин баары президентте. Атамбаев өзү жалгыз каалаганындай башкарууда. Баардык маселелер президент менен “КСДПсыз” чечилбей калган дегендер жаңылышпайт. “Ата-Мекен” болсо өзүнүн принциптеринен тайып, морадёрчулук иштери боюнча Атамбаевден коркуп, анын сөздөрүнөн чыкпай калды. Бүгүнкү Конституция иштебесин, өлкөбүз өнүкпөсүн десек Парламент тура бериши керек. Бирок, саясий кризис күчөй берет. Элдин чыдамы кеткенде топтолуп келип кууп чыгат.
 
- Бийлик бюджеттин тешигин жаба албай, көрүнгөн мамлекеттен акча сурап жатат. Бул биздин көз карандысыздыгыбызга доо кетирбейби?
 
- 1995-жылы Акаевге “Сиз келечегибизге балта чаап жатасыз. Тышкы карызыбыз 600 млн доллар болуп калды” деп кыйкырчубуз. Бүгүн тышкы карызыбыз 3 млрд доллардан ашты. Ушундай карыз менен биздин көз карандысыздыгыбыз жок болуп баратат. Ким акча берсе, ошонун ырын ырдайт.
 
- Бийлик лөктөрү өздөрүнө жакпаган адамдарды бийликке жолотпош үчүн аларга кылмыш ишин козгоп, саясий куугунтуктун жаңы формасын ачкандай болду. Бул өздөрүнө жайылган тор болуп калышы мүмкүнбү?
 
- Алсыз бийлик элди коркутуп, камай баштайт. Мунусу өздөрүнүн аброю, эртеңки келечеги жок экенин билгизгени. Убагында мени, Кулов, жана башка бир топ саясатчыларды камашкан. Баарыбыз эле эч нерсе болбой-этпей саясатта жүрөбүз. Булар дагы камаган жигиттерине саясий куугунтукту токтотпосо, өздөрү ушул торго илинет. Анткени, Кыргызстанда бийлик көп убакытка созулбай алмашат. Түбөлүк эч кимде бийлик болбосун, мурунку президенттерден көрбөдүкпү.
 
- 7-апрелдеги кандуу окуя боюнча талаш-тартыш дагы деле токтой элек. Бул окуяга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү да жооп бериши керекпи?
 
- Бул окуя боюнча соттук иште эч кандай туура чечим кабыл алынбайт. Эл аралык сот карамайынча бул маселе чечилбейт деп башында эле айткам. Мыйзамсыз төңкөрүш болуп мыйзамсыз бийлик келсе, мыйзамсыз сот иши жүрүп жатса кайдагы мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылабыз? Атамбаевди президент кылып шайлабайлы, башка адам шайлансын. Ошол аталган иштин аягына чыксын дегенбиз. Төңкөрүш менен келген адамдар бийликте олтурса, ошолордун ырын ырдашат да. 3 жылга жакындап баратса да соттун чечими чыкпай жатканы, ар бир тараптын өз чындыгы бар. Соттор чоң жоопкерчиликти алышып, чечим чыгара албаганы, эртең бийлик алмашып кетсе алар да жооп берүүдөн коркушат. Бир эле мисал, эки курсант бала ошол кезде эл тараптан ыргытылган гранатадан каза болду. ИИМде канча министр алмашканы менен бирөөсү дагы ушул кылмышты караган жок. Жаңы барган министр Ш. Атаханов дагы ошол эки курсант тууралуу бир да жолу сөз козгой элек. Бул Атамбаев баштаган бийликтегилер кетмейинче адилеттүү чечим болбойт деген сөз.
 
- Атаханов тууралуу сөз козголуп кетпедиби. Ал киши министр болуп келгенден кийин эле “Ата-Мекен” партиясынын депутаттарына морадёрчулук боюнча козголгон кылмыш иши жабылды. Ошондуктан аны ушул ишти жабыш үчүн барган министр болуп калды деген сөздөр айтылууда. Сиз дагы ушундай пикирге кошуласызбы?
 
- Министрлер өз функциясын так аткара албай жатканынын биринчи себеби, партиялардын министрликтерди бөлүп алышы. Экинчиси, министрлер Жогорку Кеңештен корккону. Туура, элдин арасында Атахановду морадёрчулук боюнча козголгон ишти жабыш үчүн алып барышты деген сөздөр аз эмес. Мурунку министр Рысалиев “Бул иштин 80 пайызы далилденди” деп айткандан кийин кызматтан кетиши, жаңы министр келери менен иш жабылып калса, шайлоодон кийин прокуратура “Бул иш эрте жабылып калыптыр” деп айтып жатса, саясий оюн болуп жатат деп ойлойт экенсиң. 
 
Маектешкен Наралы Асанбаев
"Жаңы Ордо"