У.Маматаев: Чындыктын да чыга турган кези келет
 
- Улукбек мырза, коомчулук бийликке бир канча талап менен кайрылууда. Анын эн башкысы – Баш мыйзамды өзгөртүү болуп саналат. Буга кандай пикирдесиз?
 
- «Калк айтса, калп айтпайт»,- дегендей, элдин бийликке койгон бул талабынын чындыгы бар. Себеби, бул Баш мыйзамдын кабыл алынганына бир топ убакыт өтсө да, жакшы жакка карай өзгөрүүлөр байкалган жок. Тескерисинче, парламенттик система бизге анархиядан башканы берген жок. Башаламандык өкүм сүрүүдө. Эч кимде жоопкерчилик жок. Атамбаевдин, андан кийин Бабановдун өкмөтү иши тууралуу отчет бербей качып кетти. Азыркы өкмөт да «соодасы бүткөндө» ошол жолго түшөт го. Баш мыйзамга ылайык, парламент өз укугун толук пайдалана албай жатат. Бийликтин баары бир адамдын колуна топтолуп жатат. Баш мыйзамдын абалы ушундай болсо, калган мыйзамдар кайда барат? Өзү биздин коомдо мыйзам жашабай калган. Азыркы парламент деле канчалаган жаңы мыйзамдарды кабыл алып жатат, бирок, ошол мыйзамдардын иш жүзүндө кандай иштеп жатканын ойлонгон эч ким жок. Анан дагы депутаттарыбыздын кээ бири мыйзамдардын үтүр же чекиттин алмаштырып деле «мен мыйзам жазып койдум»,- деп кыйкырып атышат. Мейли жазышабы, алмаштырышабы - бул эми ар кимдин өз эрки го, бирок кагаз түрүндө калып кеткен мыйзамдар канча. Анан дагы бизде ар кимдин жазылбаган өз мыйзамы бар. Мисалы, алыс кетпей ушул эле Ак үйдү алалы, тосмосунда каза болгон адамдардын тизмеси илинип, маркумдарга коюлуучу гүл чалбарды илип коюшкан. Мыйзам боюнча бул туура эмес. Башка жактан келген коноктор эле эмес, акыл-эси соо адамга деле «Эмне, бул жер күмбөзбү» деген ой кетет. Кана, кайсыл мамлекетте тосмосуна көзү өткөн маркумдардын тизмесин жазып сүрөттүн илип коюп, а ичинде эл башкарган жогорку бийлик отурган көрүнүш кездешет.  Жок.  Бул биздин бийликтин алсыздыгынан, тартиптин жоктугунан кабар берет.
 
- 2010-жылкы бийлик алмашуудан бери Сиз эл ичинде жакшы өзгөрүүнү байкай алдыңызбы?
 
- Бизде эки жолу төңкөрүш болду. Мен муну уялбай эле, «төңкөрүш»,- деп баса белгилеп айтам. «Эки жолу ыңкылап болду»,- деп ооз көптүрүнүн кереги деле жок. Анткени революция болгондо коом өзгөрөт. Бийлик түп тамырынан бери алмашып, система өзгөрөт. А бизде эмне болду?  Чын эле өзгөрдүбү? Жок. Буга баарыбыз эле күбөбүз да. Анан «революция болду» деп калп эле сүйлөй бергендин кереги барбы?  Алыс барбай эле 1917-жылды алып көрөлү, В.И Ленин ак гвардияны түп тамыры менен жок кылып, Кызыл Армияны түзүү менен коом  капиталистик өлкөдөн социалисттик өлкөгө өткөн. Мына ушуну революция деп төш кагуу менен айтсак болот. Ал эми төңкөрүш болгондо биздегидей, бийликтин башкы бутагындагы адамдар алмашат да, система ошол бойдон калат. Туура, парламенттик башкарууга өттүк. А бирок, башында белгилегенимдей, көнгөн адатыбызча бийликтин баарын бир адамга берип коюп, карап олтурабыз. Баш мыйзам автору муну мыкты билет, бирок, эмнегедир унчукпайт.
 
- 7-апрелде курман болгондор алыс узабай жаңы бийликтин да эски кургуйга түшөөрүн билишкен жок да...
 
- Ал жигиттерде «коомдук системаны алмаштырабыз, элдин турмушун оңдойбуз»,- деген асыл ой, аруу максаттар болсо керек. Өз кандарын төгүп, туруп беришти, бирок, жыйынтыгында алар ойлогондой революция эмес, төңкөрүш болуп калды.  Биз бир нерсени билишибиз абзел - эч бир бийлик адам өмүрүнөн кымбат эмес. Азыркылар да бийликке кимдин арты менен жеткенин унутпай, таза иштесе болмок.
 
- Буга дагы бир далил - апрель, июнь окуяларына бийлик чекит кое элек...
 
- Кантип эле өз бармагын өзү кессин. Башкача айтканда кантип бийлик өзүнө-өзү душман болуп, каршы чыгат?.. Өз катасын баамдап, өзүнө душман болгон адам - ал чыныгы адилеттүү, айкөл адам. Бул окуяларды биз канчалык бурмалап, жаап-жашырбайлы баары бир мезгилдин мыйзамына жараша, тарых өз баасын берет. Чындыктын чыга турган кези келет.
 
- Бул иштер сотко жеткен күндө да, ал жактан эл күткөндөй чечим чыкпайт го...
 
- Эгерде чындап эле соттор таза иштеп, адилеттүү чечим чыгара турган болсо, анда азыркы бийлик башында турган аткаминерлердин арасында да камала тургандар бар. Бакиевден баштап Атамбаевге чейин апрель, июнь окуяларына жооп берүүсү тийиш. Кимдер бүгүн элди ээрчитип чыгып, төңкөрүш жасаган? Булар эмнеге элди алдап атышат? «Эки дөө кармашса, ортодо чымын өлөт»,- болуп, канчалаган энелер уулдарынан, канчалаган аялзаты өмүрлүк жарларынан айрылып, канчалаган наристелер «ата»  деген ыйык сөздү экинчи айта албай калышты. Ушунун баарына бүгүн ким жооп берип жатат. Жооп берген бирөөнү көрдүңөрбү?
 
- Ошол 7-апрелде булар бийликти курал менен басып алышкан да?
 
- Курал менен эле басып алышты. Колдоруна автоматтарды кармап алып атышканын көрдүк го. Булардын башка айласы жок болчу. Эгерде куралдуу жол менен басып албаганда, Бакиевдин системасы кетпегенде, булардын баарын камайт болчу. Азыр Ташиевди камап жатышпайбы, «бийликти басып алууга аракет жасаган»,- шылтоосу менен. «Жеңүүчүгө сот жок»,- деген принцип болуп атат да. Бирок, чындык эртеби-кеч ачыкка чыгат.
 
- Ташиевдин камалганы боюнча кандай ойдосуз?
 
- Ташиевдин жеке адамдык сапаттарынын бири – чынчылдыгы, оюнан кайтпагандыгы. Бул кишиде жыгылганды теппеген жигитчилик сапаты бар. Бабановду деле кандай сындап жүрдү, бирок, аны кетирип, бурчка такашканда Ташиев: «мен жыгылган адамды теппейм»,- деп, бийик сапатын көрсөткөн. А бирок, азыркы бийликте андай сапат жок экен. Чындыгында Ташиев кылмыш жасаган жок. Кайсы мыйзамда Ак үйдүн тосмосу өзгөчө мамлекеттик имаратка кирет? Бийликтегилерде деле таза анализдөөгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок, терең ойлонбой туруп, учурдан пайдаланып, саясий каршылаштарына курсактан ылдый тепти. Бул окуяга андай ызы-чуу эмес, жөн гана саясий баа берилиши керек болчу.  Ай үйгө кимдер гана кирип, кимдер гана тосмодон ашышкан жок, ошолордун бири камалдыбы? Далил катары бирөөн айтып бергилечи? Анда 7-апрелден башташ керек камаганды. Муну менен Ташиевдин күнү бүтүп калбайт. Анын жолу татаал болгону менен, эл үчүн жасай турган иштери алдыда.
 
Маектешкен
Айгүл Кенжеева