У.Ормонов: Кремль кыргыз бийлигине нааразы
 
 
- Улукбек мырза, сиз Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын  депутаты болуп кыргыз саясатынын өйдө-төмөнүн түшүнгөн адамсыз. Бүгүнкү күндө  саясий бурулуш болгонун байкай алдыңызбы?
 
- Саясат  менен аралашып жүргөн инсандар кандай бурулуш болуп жатканын байкаса керек. Жеке мен олуттуу эч нерсе көрө элекмин. Парламенттик башкаруудагы өлкө деп жар салышканы гана болууда. Иш жүзүндө биз толугу менен Парламенттик мамлекетке өтө элекпиз. Азыркы Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков өзү “Биз Парламенттик башкаруудагы өлкө эмеспиз” деп айтып жатат. Бизге бул башкаруу туура келбей турганын убакыт көрсөтүп койду. Буга даяр эмес экенбиз. Партиялык система менен депутаттарды шайлаганыбыз менен кээ бир аймактардын көйгөйүн көтөрүп чыкчу эл өкүлдөрү болбой жатат. Тагыраагы айрым райондор өз чөлкөмүнөн шайланган депутаты жок, кимге кайрылаарын билбей калууда.
 
- Сиздер деле өз учурунда партиялык тизме менен келбедиңиздер беле?
 
- Ооба, бирок анда башкаруу формасы Парламенттик эмес болчу. Андан сырткары Конституцияда баары так жазылган болчу. “Азаматтар” жазган учурдагы Конституция  көптөгөн талаштарды жаратып жатпайбы. Партия менен депутаттык мандатка ээ болгондор, фракциядан чыгып эркин депутат болуп жүрөт. Алар шайлоо учурунда элге ошол партиянын программасы менен “жыргатабыз” деген сөз беришкен да. Азыр Жогорку Кеңеште абал кандай экенин баарыбыз эле көрүп турбайбызбы. Жакында эле “Ата-Мекен” партиясы 2 депутатын партиянын катарынан чыгарды эле, мандатын ала алышкан жок. Мыйзам боюнча алардан депутаттык мандатын ала алышпайт экен. Ушундай башаламан Конституция менен жашап келатабыз. Моралдык жактан партиянын катарынан чыккандан соң ал депутаттык мандатынан ажыратылышы керек болчу. 
 
- Мурунку чакырылыштагы Парламент менен азыркы Жогорку Кеңештин айырмасы ушундабы?
 
- Кайсыл гана партия болбосун бийликке жетүүнү көздөйт. Анткени, өзүнүн программасын иш жүзүнө ашыруу үчүн ага мүмкүнчүлүк керек. “Ак жол” партиясын эмне деп гана айтышкан жок. Бирок, бүгүнкү убакыт ал партияда кыргыздын мыкты адамдары чогулганын көрсөтүп жатат. Азыркы  депутаттардын көбү, Өкмөттүн курамында иштеп жаткан министрлер да учурунда “Ак жол” партиясында болчу. Айырма депутаттардын деңгээлинде деп айтсам туура болот болуш керек. Башка өзгөчөлүк жок. Мурунку иштер азыр деле иштеп жатат. Эски бийликти жамандап жатканы менен ошол учурдагы программаны колдонуп келатышат. Өздөрү жаңы эч нерсе ойлоп чыгыша элек.
 
- Өкмөттүн жасап жаткан иштери, реформасы мурунку бийликтин учурунда иштелип чыккан программанын уландысы деп айткыңыз келип турабы?
 
- Дал ошондой. Бүгүнкүлөрдүн айтып жатканы мурункулардын программасын көчүрүп алгандай. Өнүгүү банкы деп айтып жатканы ЦАРИИден эч айырмасы жок. Болгону атын гана өзгөртүп коюшту. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу да мурун эле сүйлөшүлгөн. Кемин-Даткан электр өткөрүүчү линиясы да 2009-жылы эле каралган. Жүргүзүп жаткан реформасы качан башталганын көпчүлүк жакшы билсе керек. Таң калганым – ушунун баарын жаңы иштелип чыккан программа деп айтып жатканы. Жаңы нерсе иштеп чыга албаса “Мурунку бийлик ушундай программаларды кабыл алган экен. Биз ошону улантып жатабыз” деп уялбай эле айтып коюшса деле болмок. Экономиканы көтөрөбүз деген креслого олтурган адамдын биринчи айта турган сөзү.
- Эмне азыркы бийликтин экономиканы көтөрөбүз дегени популизм деп айтсак болчудайбы?
 
- “Казанда болсо чөмүчкө илинет” дейт. Иштеп кетчү программасы жок кантип экономиканы көтөрөт? Экономика башка бир мамлекеттен карыз алуу менен эч качан өнүкпөйт. Ал убактылуу гана жамачу жерди бүтөй алат. Кийин аны кайтарып берүү деген бар. Азыркы бийлик бүгүнкүнү гана ойлоп жатат. Учурдагы аткарылып жаткан иштерге караганда айтылган курулай убадалар көп. Дыйкандарга беребиз деген 7 пайыздык кредитин жеткиликтүү кылып бере алган жок. Муну менен айыл чарбасын көтөрүүгө мүмкүн эмес. Бир тармакты алдыга жылдыруу үчүн комплекстүү программа керек. ЕврАзЭстин корунан 106 млн доллар бөлүнмөк болуп, андан такыр кабар болбоду. Бул деген азыркы Өкмөткө ЕврАзЭстин ишеними жок экенинен кабар берет.
 
- Экономика демекчи, Өкмөт өткөн жылы 21 млрд сом таңкыстык менен бюджетти кабыл алып, аны жаба албай калбадыбы?
 
- Бийликке  келген “СДПК” партиясы мурунку бийлик учурунда Жогорку Кеңеште оппозиция болчу. Ошондо бюджет 14 млрд таңкыстык менен кабыл алынганда айтпаган сөзү калган эмес. Өткөн жылы 21 млрд таңкыстык менен бюджет кабыл алынып жаткан кезде “Укмуш” деген сөздү айтышып, кабыл алып берди. Жыйынтыгында кандай болгонун көрбөдүкпү. Ал тургай Өкмөт башчысы өз күнөөсүн мойнуна албадыбы.
 
- Бюджет толбой калганы кылмыш ишине тете деп айтсак болобу?
 
- Өнүккөн өлкөлөрдө бюджет аткарылбай калганда Өкмөт токтоосуз отставкага кетет. Бизде болсо тескерисинче,  отставкага кеткендин ордуна “жакшы иштеп жатабыз. Бул эң узун убакыт иштеген Өкмөт болот” деп мактанып олтурат. Бюджет аткарылбай калды деген сөздүн өзү эле экономикабыз начарлады дегенди билдирет. Жыл башында каржы маселеси каралып жатканда киреше менен чыгаша эске алынып, ошонун негизинде иш жүрөт. Өкмөт киреше булактарын таба албагандан соң, чыгашаны сөзсүз кыскартууга аргасыз болот. Бул көп нерсеге терс таасирин тийгизет.
 
- Сиз сырттан келген акча менен экономикабыздагы тешикти жамап жатабыз дегендей сөздү айтып жатасыз. Ошол акчаны берип жаткан мамлекет дагы өз кызыкчылыгын көздөйт да. Кийин ошолордун барымтасында калып калбайбызбы?
 
- Эң коркунучтуусу ошол. Тыйын берген мамлекеттер сөзсүз өзүнүн кызыкчылыгын эске алышат. Ансыз акча бериши мүмкүн эмес. Ошондуктан тышкы саясатты жүргүзүүдө тактык керек. Тышкы саясат өтө кылдаттыкты талап кылат. Эмоцияга алдыруу, же болбосо жагынуу мамлекет үчүн аброй алып келбейт. Айрыкча экономикалык маселелер каралып жаткан кезде. Келишимдерге кол коюуда, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда акча алуунун жолун гана издебей, өлкөнүн келечегине кандай таасир бере алат деген суроону анализдеп көрүү керек.
 
- Тышкы саясат тууралуу сөз козголуп калбадыбы. Биз эгемендүү мамлекет болгонубуздан бери негизги стратегиялык өнөктөш мамлекет катары Россияны  айтып келебиз. Азыр биздин бийлик батышты колдогондой түр көрсөтүп жатат. Бул Россия менен болгон мамилебиздин начарлашына негизги себеп болуп берет десек болобу?
 
- Орустардын саясий аналитиги “Дүйнөлүк картадан Россия же Катар жок болот” деген пикирин интернет аркылуу айтып жатат. Бул Катар менен Россиянын тирешүүсү чыңалып баратат деген сөз. Ушундай абал болуп турганда биздин Өкмөт башчыбыз Катарга ырасмий иш сапар менен барганы сөзсүз Россия тарапка жакпайт. Негизги өнөктөш катары Россияны санап келгенден кийин алар менен болгон мамилени жакшы жолго салыш керек. Катар бизге инвестиция жумшаары күмөн. Бүгүнкү күндө миллионго жакын кыргыз жараны Россияда мигрант болуп иштеп, өздөрү менен кошо айылдагы үй бүлөсүн кошо багууда. Өкмөт ошол мигранттарга рахмат айтса болот. Эгер орус бийлиги ошол жарандарыбызды депортация кыла турган болсо, ансыз да алсыз болуп турган бийликти ошол жактан келгендер эле кууп жибериши мүмкүн. Россиянын аймагында иштеп жүргөндөр буга чейин ошол мамлекеттин атуулдугун кыйынчылыксыз эле алышса, жакынкы кезден баштап аларга да жарандык алуу кыйындап калды. Муну менен Кремль биздикилердин саясатына ынанбай жатканын билдирүүдө. Азыр биз анекдоттогу маймылдай болуп турабыз. Токойдун падышасы арстан жаныбарлардын баарын чакырып акылдуулар бир жакка, сулуулар бир жакка бөлүнгүлө десе, маймыл эки жакка секирип калат. Арстан сага не болду десе “Мен акылдуу да, сулуу да эмесмин. Кимге кошулушумду билбей турам” деп жооп бериптир. Биз дагы эки жакка секирип калбаш үчүн өзүбүзгө натыйжа алып келчү жолду эртерээк тандап алганыбыз туура болот.
 
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ким жүргүзөт деген маселе бүгүн курч бойдон калып жатпайбы. Бул маселе такталбай жатса тышкы алакага ким жооп бермек эле?
 
- Буга мен ушундай Конституцияны жазгандар күнөөлүү деп айтат элем. Себеби, ар бир үй бүлөнүн кожоюну болгон сыяктуу эле өлкө үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган адам болуш керек. Башчысы жок мамлекет менен башка өлкөлөр кантип сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Парламенттик өлкө болгонубуздан кийин аягына чейин ошол жол менен кетишибиз керек болчу. Чыныгы Парламенттик башкаруудагы өлкөлөрдө тышкы саясатты премьер-министр жүргүзөт. Кечээ жакында Жогорку Кеңеш ушул маселени талкуулаганда, президент жүргүзүшү керек деген сөздөр айтылды. Президент тышкы саясатты жүргүзгөнү мыйзамсыз болуп калат. Мейли, бүгүнкү Өкмөт башчысы “Мен каршы эмесмин, президент жүргүзө берсин” десе, кийинки келгени “Токтогула, тышкы саясатты жүргүзүү Өкмөттүн функциясы экен” деп чыгышы мүмкүн. Анда президент кайра премьер-министрге өткөрүп береби? Ошондуктан Конституциялык кеңешмени тезинен чакырып, карама-каршы келген жерлерин кайра башынан иштеп чыгуу зарыл.
 
- “Дастан” заводу тууралуу сизден мыкты билген киши жок болсо керек. Россиянын тышкы иштер министри С. Лавров Бишкекке жасаган иш сапарында “Дастан” заводу менен Нарын дарыясына курулчу ГЭСтердин 75 пайызын бербесеңер, күйүүчү майга болгон келишимди кайра карайбыз” деп кысым көрсөткөндөй түр калтырып кетти. Муну Кремль бизге кысым көрсөтүп жатат деп кабыл алсак болобу?
 
- “Дастан” заводун орустарга 100 пайыз берсек да болот. Биз андан эч нерсе уттурбайбыз. Алар заводду көчүрүп кетмек беле? Ушул жерде иштетет. Биздин жарандарыбызга да  жумуш орду түзүлөт. Ал эми ГЭСтердин 75 пайызын берүүгө мен дагы каршымын. Ал кыргыз элинин байлыгы. Аны бүгүн башка бирөөлөргө карматып жиберсек, кийинки муундун алдында жооп беришибиз керек болуп калат. Дүйнөлүк саясатты карасаңыз, акыркы учурда күчтүү державалар таза сууга бай өлкөлөргө кызыгып жатат. Бул жөн жерден болуп жаткан жок. Таза суу алтындан да кымбат болот деген түшүнүк жаралууда. Кыргызстан таза суунун мекени. Андыктан биз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн баарына даяр турушубуз кажет.
 
- Президент “Дастан” заводуна кызыгып жаткан мамлекеттер бар. Аларга сатып жиберсек болот” деп айтпадыбы.
 
- Россия менен Кыргызстандын ортосунда келишим түзүлгөн. Анда Россия биздин 190 млн доллар карызыбызды кечмек. Анда заводдун 48 пайызы делип көрсөтүлгөн болчу. 190 млн доллар карызды кечүү аябагандай чоң жардам да. Түрктөр 49 млн доллар карызыбызды кечти деп жар салып, КТР бүгүнкү күнгө чейин айтып бүтө албай жатпайбы. Сатып алууга кызыкдар болуп жаткан Түркия “Дастандан” чыккан торпедону колдонбойт.
 
- Келишим түзүлгөн болсо, эмне үчүн анда заводдун аймагына үй курулуп жатат? Келишимде бул маселе дагы каралганбы?
 
- Эл аралык келишимдерге кол коюлгандан кийин аны өзүм билемдикке салып өзгөртпөй туруу зарыл. “Дастандын” жетекчилиги өзүм билемдик кылып , заводдун аймагындагы 5 гектар жерге үй салабыз деген долбоор түзүп, котлаванын каза башташкан. Бул  эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылып коюшу мүмкүн. Анткени, 2009-жылы комиссия келип, бүт баарын жазып кеткен. Бул завод аскердик маанидеги ири стратегиялык объект катары тизмеге кирген. Мыйзам боюнча буга өзгөртүү киргизүү үчүн Өкмөттүн жыйыны менен Парламент тарабынан болушу керек. Директорлор кеңеши менен Мүлк министрлиги уруксат берди деп үй салганды баштап жиберишкен. Кийин Парламентте К. Талиева бул маселени көтөрүп чыкканда, шаардын архитектурасы уруксат бербегенин айтышты. Мындай ишти баштаган жетекчиликтин кетирген чоң катачылыгы.
 
Маектешкен
Наралы Асанбаев
"Жаңы Ордо"