Сыртта жашап, иштеп жүрүшкѳн мигранттардын улуттук экономикадагы, элибиздин жашоо турмушундагы орду кандай экени айтпаса да белгилүү. Сырткы миграция элибиздин жашоосунун бир бѳлүгү болуп калды. Бүгүнкү күндѳ мигранттарсыз элибиздин тиричилигин элестетүү мүмкүн эмес.

Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери да миграция Азербайжан, Армения, Грузия, Кыргызстан, Тажикстан жана Ѳзбекстан ѳлкѳлѳрү үчүн жашоо турмуштун ажырагыс кѳрүнүшүнѳ айланып, экономикалык каатчылыкты алдын алууда орду чоң экендигин белгилешти.

Улуттук Банктын маалыматына таянсак, 2020-жылы мигранттардан келген которуулардын ѳлчѳмү 2 млрд. 377 млн. долларды түзүп, 2019-жылдагыдан 30 млн. долларга аз болгон. Эл аралык эмгек уюму “Эмгек миграциясы жана жумушсуздук” деген вебинарында Кыргызстанда 2019-жылы мигранттардын келген каражаттардын ѳлчѳмү жан башына 373 долларды түзгѳнүн айтышты. Бул кѳрсѳткүч 2018-жылы 425 долларды түзгѳн. Ошондой эле уюмдун материалында 2019-жылдагы которуулар ѳлкѳнүн ИДПсынын 28,5 %ын түзгѳнү белгиленген.

Булак: “Майдан. kg” гезити