- 1992- жылы, биздин Өкмөт, канадалык Камеко(Cameco Corporation) компаниясы менен биргеликте “Кумтөр Голд Компани” ЖАК (жабык акционердик коом) түзгөн. Негизи, жакшы идея эле. Анын үстүнө, алгачкы келишимге ылайык, бул ири ишкананын 3/2 бөлүгү же 67 пайызы Кыргызстанга таандык болгон. Ал эми канадалыктарга 33% гана энчиленген. Демек, баштапкы этапта, биздин өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынган. Андан сырткары, бул ишкананы башкаруу үчүн “Кумтөр Оперейтинг Компани” аттуу ишкана түзүлүп, жалпы чыгымдардын 4.5 пайызын түзгөн акы чегерилген. Чынында, ошол жерде да чоң маселе камтылган. Анткени, жумуш сааттар менен эмес, жалпы чыгымдарга байланыштуу акы төлөө ыкмасы эмненин негизинде жана ким тараптан сунушталганын да такташ керек. Себеби, мындай ыкма менен акы төлөнө турган болсо, анда аталган башкаруучу компания (Кумтор Оперейтинг Компани) өндүрүштөгү чыгымдарды азайтып, аларды жалдаган “Кумтор Голд Компани” шериктештик ишканансынын каражатын үнөмдөөнүн ордуна, тескерисинче – көбүрөөк коротууга аракеттенген эмес деп ким кепилдик бере алат?

Бирок 2003 жылдын 31-декабрында, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң ири афера орун алган. Бул, канадалык өнөктөштөрдөн жаңы жылдык белек болгон окшойт. Кантсе да, жыйынтыгында, “Кумтөр” долбоорундагы Кыргызстандын үлүшү азайгандан азайып бара жатты. Баалуу кагаздар менен манипуляция аркылуу, канадалык тарап өзүнүн үлүшүн дээрлик 85%га  (!)  чейин көбөйтүп алышкан. Камеко негедир 52.68 пайызына ээ болуп, ал эми башка акционерлер 31.66 %га ээ болуп калышкан. Ал эми Кыргыз Өкмөтү ошол кезде эшек такалап жатканбы?  Элестетсеңер? Кыргызстандын үлүшү болгону 15.66% ды түзүп калган. Бул кырдаал 2004 жылдын 30 июнундагы абал. Ошол келишимге кол койгон чиновниктерди мамлекеттүүлүккө кыянаттык кылуу беренеси менен соттош керек.

Кантип мындай афера ишке ашкан?

Мына ушул жерди дагы бир ирет айтып коюш керек. "Кумтөрдөгү" канадалыктардын 33 пайызын, башка ишкананын 67 пайызына алмаштырылып жатса, анда неге биздин 67% үлүшүбүз тескерисинче ошол эле ишкананын 33 эле пайызын түзүп калган? Ким кол койгон ошол келишимге? Атын атап, парламенттин трибунасынан ошол адамдардын бетин ачуу керек. Албетте, жоопко тартуу керек! Ушундай да чыккынчылык болобу??? Эгерде, биздин чиновниктер ушундай кадамдарга барбаса, чет өлкөлүк шылуундар элибиздин байлыгын таламандын так түшүндө уурдай алат беле? Баарына чиновниктер, бийлик, ошондон бери канадалыктардын “музыкасына бийлеп” жүргөн Өкмөттөр күнөөлүү!

Анысы аз келгенсип, 2004-жылдын 30 июнунда, Кыргыз Өкмөтүнүн үлүшү болгону 15.66% ды түзүп калган!!! Камеко болсо толук көзөмөл кылууга жетиштүү болгон 52.68% га ээ болуп алган. Ал эми 31.66% пайызы болсо башка акционерлерге таандык болуп калган. Ал акционерлер кимге таандык экени деле сыр эмес. Анткени, алар да чет өлкөлүктөр же кыргыз чиновниктери жана алардын туугандары.

Ошентип, биз тешик тепшиге олтуруп калган кезде, Центерра Гол Инк ишканасы татынакай болуп, Торондо Фонддук Биржасында “CG” символу менен катталып олтурат. Демек, баалуу кагаздарын эл аралык биржада кенен жайгаштырып, каалагандай сатып же насыяларга коюп, каалагандай тайраңдашты.

2009 жылдын, 24-апрелинде Кыргыз Өкмөтү, Камеко Корпорэйшн, Центерра Голд Инк, Кумтор Гол Инк жана Кумтор Оперейтинг Компани арасында жаңы келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, Кыргызстандын үлүшү кайрадан 32.7 пайызды түзүп калган. Бирок, ошол жерде да афералык(эмиссия) жол менен жасашкан. Башкача айтканда, Центерра голд ишканасы, жаңы акцияларды (18.2млн даана) чыгарып туруп эле бизге кармата беришкен. Реалдуу өндүрүштүк кубаттуулук менен чыңдалбаган акциялар неге жарамак эле? Акция же акчанын массасын көбөйткөндө сөзсүз инфляция болоорун студент деле билет го. Бирок, ал акциялар үчүн канадалык компания дагы кошумча 16.000 гектар болгон алтынга бай жерлерибизди алышкан. Андан сырткары, салыктардан бошотулган жана бүт зыяндар боюнча штрафтардан, претензиялардан, арбитраждык териштирүүлөрдөн, салыктык жана кылмыш иштеринен толук бошотулушкан.

Ал эми, жыл аяктаганда, 2009-жылдын 9-декабрында Камеко өзүнүн болгон акцияларын Центерра Голд ишканасына сатып жиберет.

2012-жылдын 5-июлунда Кыргыз Өкмөтү 16.3 миң гектар жерди берүү чечимин жокко чыгарат.

2013-жылдын 21-февралында Кыргыз тарап негедир, кайрадан Кумтор долбоорун реструктуризация кылууга барат. Парламент(чөнтөк) колдоп берген.

2013-жылдын 26-декабрында Центерре Голд тарабынан таратылган маалыматка таянсак, Кыргыз Өкмөтү жана Центерра Голд тең үлүштүү негизде кызматташууга келишишкен.

Бирок, 2015-жылдын 21-апрелинде Кыргыз тарап кызматташуудан баш тарткан. Анткени, Центерра Голд кен-казуу иштеринин жаңыланган планында Кумтөрөгү алтындын көлөмүн алда канча азайтып көрсөтүшкөн. Тагыраагы, 21% алтын көрсөтүлбөй калганы аныкталган.

Ушунун баарын эске алганда, 30 жылдан бери өндүрүлгөн 400 тонна алтындан жарытып пайда албаган Кыргызстан, өзүнө тийешелүү үлүшүн кандай жол менен болсо да кайтарып алуусу керек!