Чечим 2020-жылдын 25-августунан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө мурдагыдай эле, тышкы экономикалык шарттар жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы аракеттенүү чараларынан улам орун алган факторлор көбүрөөк таасирин тийгизүүдө. Дүйнөдө экономикалык жигердүүлүк акырындап калыбына келе баштагандыгына карабастан, тышкы сектордогу жагдай белгисиз бойдон калууда. Экономиканын кризиске чейинки деңгээлге кайтып келүүсү буга чейин болжолдонгондон көбүрөөк убакытты талап кыла тургандыгы күтүлүүдө.

Пандемиянын жайылышы жана анын тийгизген терс кесепеттери Кыргыз Республикасындагы айыл чарба секторун жана “Кумтөр” ишканаларын эске албаганда, экономиканын дээрлик бардык секторлорунда экономикалык жигердүүлүктүн кескин төмөндөшүнө алып келген. Өлкө экономикасынын реалдуу секторунун көрсөткүчтөрү акыркы бир нече жылдардагы минималдуу мааниге жетүү менен терс зонада болуусун улантууда. Кыргыз Республикасына акча которуулар агымынын көлөмү өткөн жылдагы көрсөткүчтөн төмөн болуп, ички керектөөнүн бир калыпта кармалышын шарттаган.

Инфляцияны басаңдатуучу факторлор күчөгөндүгүнө байланыштуу, инфляция динамикасы төмөндөөсүн улантууда. Инфляциянын жылдык көрсөткүчү өтүп жаткан жылдын апрелинде жогорку чекке жетип, 2020-жылдын август айында (14-август) 4,9 пайызга чейин төмөндөгөн.

Инфляциянын төмөндөшүнө рыноктун сезондук товарлар менен камсыз болушу жана улуттук валютанын курсунун салыштырмалуу туруктуу сакталышы менен катар эле, азыраак ички суроо-талап өбөлгө түзгөн.

Булак: Кабар