Кочкор-Ата шаарында 26-майда «Кыргызнефегаз» ишканасынын жумушчулары митинг өткөрүүнү кайрадан улантышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы Орозалы Карасартов билдирүүдө.
 
Ишкана мекемесинин аянтында эртең менен 1000ден 1500гө чейин чогулган адамдар соттун жоопкерсиздигине нааразылыгын билдиришип, 25-майда өз алдынча шайлап алышкан К.Масировду мыйзамдаштырып берүү талабын коюшуп, эгерде чечим кабыл алынбаса, Ноокен районунун борбору Масы айылына карата жөө жүрүш жасайбыз деп жатышты.
 
Алардын талабына жараша Ноокен районунун акими Улан Өсөров, аксакалдарды, укук коргоо органдарынын жетекчилерин баштап келип активи менен жолугушуп талкуулашты.
 
Нефтичилер У.Өсөровго ишканадагы нааразылыктарды чечүү үчүн аракет көрбөй жаткандыгына нааразылыгын билдиришти. Улан Өсөров 25-майда кабыл алган чечимиди колдоорун айтып, Каныбек Масировдун иштей беришине каршы эмес экендигин билгизди.
 
К.Масиров эл бийликтин интригаларынан чарчап, кырдаал оорлошуп бараткандыгын кабарчы Орозалы Карасартовго билдирди.
 
Актив менен өткөрүлгөн жыйындан кийин алар митинг өткөрүп жаткан аянтка чыгышып, У.Өсөров көз карашын эл алдында жарыялап, «Мен ишкананын жамааты кабыл алган чечимди колдоймун» деп ачык жарыя кылды.
 
Митингке катышкандар Бишкектен чечим кабыл алынышын жана анын маалымдалышын күтүп жатканын айтышты. Митингке катышкандардын айтымында, областтын губернатору Б.Асанов «Кыргызнефтегаз» ишканасынын меселесин чечүү үчүн Бишкекте жүрөт.
Митигке чыккандар мүлк министри Н.Илебаевди анын орун басары Аяркуловдун кызматтан кетишин талап кылууда.
 
26-апрелден бери бир айдын ичинде бир да жолу кабар алып, бир жарым миң адамдын арызына көңүл бөлбөгөн КРдин премьер-министри А.Атамбаевге нааразы экенин айтышты. Митинг уланууда, К.Масиров абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин жашырган жок.
 
Баракелде