Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында КР айрым мыйзам актыларына (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 3- окууда каралды.

 

Аталган маселе боюнча КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамда атмосфералык абага физикалык таасирлер жана атмосфералык кубулуштардын  жасалма өзгөрүүлөрү боюнча иш-аракетти жүргүзүүгө берилүүчү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу бул мыйзамдын 21 жана 36-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталган. Ошону менен катар ЕАЭБдин стандарттарына ылайык келтирүү максатында бир катар түзөтүүлөр белгиленген. Башкача айтканда, атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган өзгөртүүлөр сунушталган. Ага ылайык, Кыргызстанга К2, К3 экологиялык класстагы автомобиль бензиндери менен дизельь майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу киргизилүүдө. Бул экологиялык класстагы күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык сера газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарын бара-бара ракка чалдыгышын шарттайт.

 

Талкууда Өкмөт өкүлдөрү өлкө аймагына К4 экологиялык класстагы бензин жана дизель майларынан сырткары сапаты төмөн күйүүчү майларды сатууга чыгаруу, пайдалануу мөөнөтүн 2019-жылдын 1-январынан эмес, 2019-жылдын 12 августунан тарта тыюу салуу, башкача айтканда, дагы узартууну өз жүйөөлөрүн келирүү менен өтүнүштү. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнөн өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдордон бир топ жумуш орундары кыскарып, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө бир топ каражаттар келбей калуу сыяктуу тобоколчиликтерди келтирип, мыйзам долбооруна дыкат жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүү сунушталган каты келген.

Комитет мүчөлөрү КР Президенти менен КР Өкмөтүнүн Аппараттарынын ортосунда мыйзам долбоору боюнча орток пикир табылганга чейин маселени күн тартибинен алып туруу чечимин кабыл алышты.