19-майда Майлы-Суу шаарындагы №552 «Майлы-Су IV” кенинен суткасына 100 тонна мунай кени чыккан кен табылды. Мындай ийгилик жакында “Кыргызнефтегаз” ишканасы тарабынан Кытайдан сатылып алынган жаңы техникаларды иштетүүдөн улам жаралды. Себеби мурдагы эскилиги жеткен бургулоочу станоктордон айырмаланып, заманбап техника 2108 метр тереңдикке чейин мунай соруп алууга кубаты жетет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызнефтегаз” ишканасынын коомчулук менен байланышуу кызматынын адиси А. Мустапакулов билдирди.
 
Учурда күйүүчү жана майлоочу майлардын дүйнөлүк баасы кымбаттап жаткан учурда мунай казуучулардын бул ийгилиги республикабыздын экономикасына чоң салым кошору талашсыз. Ошондуктан “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жамааты бул сүйүнүчтүү окуяны КР президенти Р. Отунбаевага, парламент спикери А. Келдибековго, премьер-министр А. Атамбаевге кабарлашкан. Анда мындай деп айтылат: “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун эмгек жамааты Сиздерди жана бүтүндөй Кыргызстандын элин нефти фонтанынын чыгышы менен куттуктайт. Бул “Кыргызнефтегаздын башкармалыгынын төрагасы Каныбек Масиров башында турган ишкананын жетекчилери менен кызматкерлеринин чымырканган эмгегинин жана иштин көзүн билгендигинин жемиши деп түшүнөбүз. Мунайга дүйнөлүк баа күн сайын жогорулап, республикабыздын экономикасы алсырап турганда мунайдын күтүлбөгөн чоң агымынын пайда болушу бензин жана дизелге импорттун көлөмүн азайтып, элибиздин турмушунун жакшырышына шарт түзөт деп ойлойбуз”.
 
А. Мустапакуловдун айтуусунда, эгер заманбап мунай кендерин бургулоочу техникаларды билгичтик менен иштетсе, мындан да көп көлөмдөгү мунай кендери табылышы мүмкүн. Себеби Жалал-Абад облусунда изилденген жана изилдене элек көптөгөн газ, мунай кендери бар. Ал эми Баткен облусунун аймагындагы газ менен мунай продукцияларын өзбекстан бир нече жылдардан бери бекер пайдаланып, бир тыйын да салык же ижара акысын төлөбөй келет.