Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кен иштетүү укугу үчүн 100 миллион доллар чегерип, өзүнүн ак ниеттүү инвестор экенин далилдеген “Альянс Алтын” компаниясы өткөн ай этегинде, тагыраагы 25-апрелде “Жерүй” алтын кени жайгашкан аймакта курулуш иштеринин башталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чара өткөздү. Ага КР Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Сапаралиев баштаган облустук, райондук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттары, “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги жана кызматкерлери, курулуш ишин жүзөгө ашыра турган компания башчылары жана жергиликтүү калк катышты.

 

Кыргызстандын туусун көтөрүү жана гимнин аткаруу менен ачылган иш-чарада алгы сөз КР Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Сапаралиевге берилип, ал “Жерүй” өлкө тарыхындагы эң ийгиликтүү экономикалык долбоорго айланарынан күмөн санабастыгын айтып өттү. Андан соң сөз алган КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Б.Турсуналиев, Талас районунун акиминин орун басары К.Табышов, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобеков ж.б. “Жерүйдүн” ишке кириши аймактын гана эмес, жалпы өлкөнүн экономикасы үчүн өтө зарыл экенин белгилеп өтүштү. Алар андан тышкары, кен ишке кире элек жатып жергиликтүү калк “Альянс Алтындын” конкреттүү жардамдарын алып жатканына токтолушту. “Биздин эл компаниянын ишин колдойт жана анын ишке киришин чыдамсыздык менен күтүп жатат”,- дешти алар. Эске сала кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан, 2015-жылы “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугу үчүн Кыргыз өкмөтүнө 100 миллион АКШ доллары төлөнүп берилген. Анын эсебинен КР Президентинин тапшырмасы менен республика боюнча 100 жаңы мектеп салуу жана 100 мектепти капиталдык оңдоп-түзөө иштери каралса, алардын алды курулуп бүтүп, ишке берилди. Талас облусунда дагы 6 мектептин курулушу жүрүп жатат. Андан тышкары, 170 миллион сом Талас облусуна, 170 миллион сому Талас районуна, 170 миллион сому “Жерүй” кени жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Мунун негизинде атайын Өнүктүрүү фонду түзүлүп, ал аркылуу айыл аймактарынан түшкөн социалдык- экономикалык  долбоорлор каржыланууда.  Айыл жаштарын спорттук жактан колдоо максатында бир катар айылдарда кичи футболдук талаалары салынып жатса, Көк-Ой жана Кууганды айыл өкмөтүндө  курулуш иштери аяктап, футбол талаачалары толук кандуу иштөөдө. И.Осмонкулов айыл өкмөтүндө да спорт комплекси курулуп бүтүп, ишке берилген. Ошондой эле, облустагы бир катар айылдарга айыл-чарба техникалары сатылып алынып, анын негизинде Талас районунда 4 МТС ишке кирди.

 

“Жерүйгө” караштуу инфраструктура (кызматкерлерге керектүү бардык зарыл нерселер, мисалы жатак үй, спорттук зал ж.б.) жана жолдорду “Жолчу” жана “Жагалмай” компаниялары жүзөгө ашыра турган болушту. “Альянс Алтын” компаниясынын баш директору М.Шубиндин айтуусунда, 31-мартта Талас облусунун активисттери жана эли менен болгон жолугушууда, апрель айынын аягында курулуш иштерин баштоого убада беришкен. Ошонун негизинде тендер жарыяланып, жогоруда аты аталган кыргызстандык компаниялар жеңүүчү аталган. Жакын арада буларга дагы эки компания кошулуп, иш ыргагы тездетилет. М.Шубин атайын премиум-класстагы оор техникалар – германиялык 10 тонналык экскаваторлор, бульдозерлор алынып келингенин билдирди. Ал эми май айынын башында энергетикалык камсыздоо иш-чаралары башталат: подстанциялар коюлуп, электр зымдары тартылып, вахталык айылча курулат. Мунун баары “Жерүйдө” масштабтуу курулуш иштери башталганынан кабар берет.

 

Салтанаттуу иш-чарага келгендер атайын техникаларды, “Альянс Алтындын” инженердик-техникалык персоналы үчүн пайдаланууга жаңыдан берилип жаткан жатакана жана офистик имараттарды да көрүп кайтышты.

 

Иш-чара соңунда жашыл көчөттөрдү олтургузуу аземи болду. Муну менен компания өз ишмердүүлүгүндө табиятты сактоону биринчи орунга коёрун билгизгендей болду. Ооба, чынында эле кен иштетүү тармагында, дегеле жалпы өндүрүш долбоорлорун ишке ашырууда экологиялык кесепеттер ар дайым көңүл чордонунда турат жана өзгөчө мамилени талап кылат. Талапка жараша, учурда коопсуздук технологиялары дагы өнүгүп, өндүрүш процесстеринин айлана-чөйрөгө болгон терс  таасирин алдын алууга жана минималдаштырууга  толук мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, атайын тармактык мыйзамдар аркылуу бир катар мамлекеттик мекемелер өндүрүшчүлөрдүн ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алган.

 

Өз кезегинде, “Альянс Алтын” да ишин Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына жана эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзөт. Бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарынын теңсалмактуулугун сактоо менен өндүрүштөгү  жана экологиялык тобокелдерди максималдуу төмөндөтүү максатында иш алып бармакчы.

 

2016-жылы “Жерүй” кенин казып алуунун техникалык долбоору иштелип чыккан. Анын ичинде бир топ экологиялык документация даярдалып,  ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемелер менен макулдашылган. Мисалы, долбоорду аткаруу аймагындагы учурдагы экологиялык жана социалдык-экономикалык абалын баалоо жүргүзүлгөн. Бул   потенциалдык кесепеттердин, тобокелчилик жана долбоордун ар бир циклында аларды жумшартуунун жолдорун аныктоодо баштапкы чекит болду. Техникалык долбоорлордун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бөлүмдөрү жана “Жерүй” кенин иштетүүнүн Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо (ОВОС) аткарылган. Андан тышкары, бузулган жерлерди кайра калыбына келтирүү иш-чаралары иштелип чыкты.

 

Талас элинин жана кызыктар тараптардын катышуусу менен өткөн кеңири коомдук талкуудардан кийин, долбоорлор КР Өкмөтүнүн  Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде экспертизадан өткөрүлүп, экологиялык коопсуздук боюнча оң тыянак алган.

 

Кенди иштетүүдө жер ресурстарына, абага, флора жана фауна, суу ресурстарына терс таасирин төмөндөтүү максатында бир катар чаралар аткарылат.  Мисалы, иштерди долбоорлонгон аянтчалардын чегинде гана аткаруу; жолдордун жана катуу минералдык үймөктөрдүн чаңын басуу; кызыл китеп өсүмдүктөрүн изилдөө жана зарыл болсо аларды кайра которуп отургузуу же жаныбарларды кокустуктан сактоо үчүн өнөр-жай аянттарын тосмолоо жана башка аракеттер көрүлөт.

 

Ошондой эле,  ичүүчү, жер үстүндөгү  жана астынкы суулардын химиялык, бактериологиялык жана радиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча, абанын сапаты, флора, фауна жана топурактын абалына жана андагы өзгөрүүлөргө, метеорологиялык жана радиациялык кырдаалга тынымсыз байкоо жүргүзүлөт.

 

Айтор, “Жерүй” кенин иштетүүдө коомчулук чочулай турган деле эч кандай коркунуч жок. Тескерисинче, кен иштетүүнүн заманбап технологиясы колдонулат, кен казылып бүткөндөн кийин бул аймакты мурдагыдай эле жапжашыл ажайып паркка айлантса болот. Ал эми “Жерүйдүн” экономикалык оң пайдасын айтпасак деле сезип турасыздар. Бул Кыргызстандын келечектеги өнүгүп өсүүсүнө жакындан салым кошо турган баарыбызга керектүү долбоор...

 

Булак: “Майдан kg” гезити