Араван –Ак-буура каналындагы суу убактылуу токтотулат. Бул туурасында Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынан маалымдашты.

 

- 15-февралдан тартып Араван –Ак-буура каналы тазаланып, кеңейтилип жана капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Мунун натыйжасында  Ош шаарынын, Араван жана Кара-Суу райондорунун эгин талаалары жетиштүү сугат суулары менен камсыз этилип, мындан тышкары аталган каналдлын суу өткөрүү сыйымдуулугу дагы жогорулайт, - деди Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын өкүлү.

 

Баса, Араван –Ак-буура каналындагы оңдоп-түзөө жумуштары ушул жылдын 27-мартына дейре улантылат.

 

Алишер Токсонбаев,
өз кабарчы