Үстүбүздөгү жылдын 13-февралынан тартып паспортторду шашылыш жасатууну каалагандарга жаңы баалардын тартиби киргизилди.

 

Маалыматка таянсак, мамлекеттик кызматтар үчүн тарифтер монополияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан бекитилди. Мындан ары ID-картаны эки күндө 1107, төрт күндө 1007 жана сегиз күндө 906 сомго жасатууга мүмкүнчүлүнү бар. Ал эми жалпы жарандык паспортту эки күндө 2013, төрт күндө 1762 жана сегиз күндө 1510 сомго жасатса болот.

 

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчы