“Мамлекеттин, бийликтин кадыры качан өз элинин түйшүгүн өз жонуна артканда кадырлуу болот”- деп айткан экен кытай даанышманы Шань Ян. Ал эми азыркы бийлик менен мамлекеттин кадыры канчалык деңгээлде экендигин айтуу кыйын.

 

Себеби жогорулдагы даанышмандын айткан кеби менен чечмелей турган болсок, элдин жеңилин жерден алмак түгүл, жонунан кайыш тилип жаткандыгын көрсөк да, көрмөксөнгө салып күн көрүп жаткан кыргыз эли кайраттуу эмей эмне. Кечээ жакында министрлерибиздин бири электроэнергия тууралуу кеп козгоп, “Кыргызстанда электроэнергия Орто Азия аймагында эң арзан сатылат”,- деп билдирди эле.  

 

Учурдагы оор абалдар тууралуу ооз ачсаң эле, мурунку Бакиев менен Акаевдин дооруна салыштырып, “ага караганда кудайга шүгүр дегиле” деген бийликтин оозунан экс-президенттердин үстөмдүгү кетпеди. Туура, эки президенттин өз күнөөсү бар, бирок учурдагы бийликтин той топурдан башы чыкпай, мамлекетти кокосуна жеткидей карызга батырып, “жыргап жашап жатасыңар го”- деген таризде барган жеринде кыйкырып келгенине баарыбыз эле күбө болуп эле жүрөбүз.

 

Бирок Атамбаевдин 2011-жылы президенттик шайлоо алдындагы убадаларынын сап башында дал ушул электр энергияны калкка арзан баада берип, камсыздоону тоту кушча кайталаган. Бирок эшеги суудан өткөндөн кийин, тескерисинче элди жаш баланы алдагандай 700 кВттан өткөндөн кийин 2 сом 16 тыйындан алып жатат. Болбосо дал ушул токтомду Кыргызстан өзүн-өзү электр энергия менен камсыз кыла албай калып, коңшулардан импорттоп жатканыбызга байланыштуу кабыл алган. Бирок кечээ “Кыргызстан өзүн өзү камсыздагандан тышкары чет өлкөлөргө да сата алат”- деп кыйкырган бийлик дагы эле ошол тариф менен жондон кайыш тилүүдө.

 

Орто Азия мамлекеттеринде арзан деп жалган айткан бийликтин калпын коңшу өлкөлөрдүн тарифин карап эле чыгарып койсок болот. Маселен Казакстанда күндүзгү жана түнкү тариф менен каражат чогулат, биздин сом менен алганда 1 кВТ энергия 1 сомду түзөт. Бирок, пайдалануучу миллион кВТ жакса дагы дал ушундай тариф. Өзгөчөлүгү катаал шарт жок аймактарда жеңилдиктер, ал эми борбор калаа ири шаарларда бир аз кымбатыраак. Өзбекстанда калк үчүн 80 тыйындан, ал эми ишканалар үчүн кымбатыраак.

 

Электр энергиясын бекер алган мамлекеттер  дүйнөдө көп эле: Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт, Венесуэла, Бутан сыяктуу мамлекеттердин катарын толуктап, кечээ Чыңгызхандын тукуму Монголия эли 2017-жылдан тартып электроэнергияны бекер кылаары тууралуу премьер-министри Жаргалтулгын Эрдэнэбат билдирди. Ал эми биздин президент менен премьер-министр жер кыдырып, тойлоп, айылчылагандын эле үстүндө.

 

Булак: “Каганат”