“Газпром-мунай Азия” ишканасы 2011-жылдын 6-июлунда дизелдик отундун баасын 50 тыйынга төмөндөттү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйнында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, акыркы айда 4 жолу солярка менен дизелдик отунга баа арзандатылган. “Натыйжада баа 2 сомго чейин төмөндөдү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дизель отунуна, бензинге, соляркага тартыштык жок”, - деди ал.

Ж. Акенеев жазгы жана күзгү жыйып-оруу кампаниясында да тартыштык болбой тургандыгын айтты. “Биз өкмөткө бүгүнкү күндө дагы кошумча дизель отунун жана солярканы сатып алуу боюнча сунуштарды айттык”, - деп билдирди Ж. Акенеев.

Ал министрликтин ишин жогору баалап, быйылкы жазгы айдап себүү кампаниясы ийгиликтүү өткөндүгүн баса белгиледи.
 
Кабар