Өкмөт менчиктештирип сата турган объекттердин саны 22. Алардын катарында Буланды-Сөгөттө жайгашкан үч кабаттуу курулушу бүтө элек үй, 6.5 гектар жери менен “Достук” эс алуу үйү, “Каприз” эс алуу борборундагы бир коттедж, Жалал-Абаддагы чакан эки-үч жер тилкелери бар.

Өкмөткө ошондой эле “Пирамида”, “25 кадр” телекомпаниялары,  бир нече унааларды менчиктештирүү буйрулган. Өкмөт эми ушул объекттерди ачык аукциондо сатышы мүмкүн. Бирок аларды сатуу менен 4 млрд. сомдон ашык каражат алышы күмөндүү.

Белгилүү болгондой, өкмөт мамлекетке кайтарылган мүлктөрдү сатуу менен бюджет тартыштыгына 4 млрд. сомдон ашуу каражат алууну пландаштырып жаткан.
Азаттык