Бул тууралуу келишимге экономикалык жөнгө салуу министри Учкунбек Ташпаев жана казакстандык “Kазына капитал менеджмент” ачык ационердик коомдук башкаруусунун төрагасы Абай Алпамысов бүгүн кол койду.

Фонддун уставы 15-июлга дейре бекип, баштапкы капиталы 100 млн. долларды түзмөкчү. Кыргыз-казак инвестициялык фондунун алкагында Кыргызстандагы энергетика, телекоммуникация, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, туризм жаатындагы бизнес долбоорлор колдоого алынат.
Азаттык