Жерүйдөгү алтын кени сатылып жатканын Ай үйдөгүлөр билеби, айтор, жарыбаган акчага лицензия сатып алган шылуундар казып алына элек  кыргыз алтынынын эсебинен акчага маарып эле жатышат. Орустардын «Полюс Золото» компаниясы ээлик кылган  «Талас Голд Майнинг Компани» ишканасын казактардын Асаубаевдердин үй бүлөсүнө таандык “AltynGroup” компаниясына 385 миллион долларга сатмак болууда. «Полюс Золото» буга чейин Жерүй алтын кенинин 67% үлүшүнө ээ болуп келген. Андан калса ал жерде соттук териштирүүлөр жүрүп, лицензия алууга жаңы машакаттар күтүп турганын угуп жүрөбүз.
 
Бул чыр жакында токтошу күмөн. Андан калса, орус компаниясы менен казак компаниясы илгертен эле иштешип келгени менен, акчанын азабынан чырлашып, Лондондогу эл аралык сотко чейин барышкан экен. Акыры жарашыптыр. Эми казып алына элек кыргыздын алтынынын үстүнөн соодалашып жатат. Мындан Кыргызстанга канча тыйын түшөт? Төш кагып айткан эч ким жок. Жерүйдөгү алтын кенинин 67% үлүшүнө 2007-жылы Англиянын «Oxus Gold» компаниясы ээлик кылган. Аталган компания өз үлүшүн дал ушул Асаубаевдердин менчиги болгон казакстандык «KazakhGold Group» компаниясы сатып алган. Казактар 2009-жылы орустардын «Полюс Золото» компаниясына сатып жатпайбы. Эми кайра сатып алып жатат десек болот. Ошентип, кыргыздын казынасын толтура турган алтын кенибиз колдон колго өткөн «товардын» кейпин кийип баратат. Эгемендүүлүк алгандан бери ушундай көрүнүш. Буга ар бир келген бийлик кайдыгер карайт. Анткени, Жерүй алтын кени Ак үйдүн, «Кыргызалтындын» алкымын майлап турган, «асыл жай».
ordo.in.kg