Кыргызстанда бензиндин баасы 70-80 тыйынга арзандады”, - деп билдирди бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев.
 
Анын айтымында, Аи-80 бензини 70 тыйынга, Аи-92 жана Аи-95 майларынын баасы 80 тыйынга арзандады. Ж.Акенеев баалардын төмөндөшүнө күйүүчү май ташыгандар тарабынан баанын арзандатылышы негиз болгонун белгиледи.
“Бирок дизель майынын баасы мурдагыдай эле деңгээлде кармалууда. Өндүрүүчүлөр бизге майды арзан бере баштады. Эгер Өкмөт биздин унааларга жолдо жүрүүгө тыюу салбаганда, бааларды дагы арзандатууга аракет жасайт элек”, - деп айтты Ж.Акенеев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Өкмөтү 2012-жылдын 10-майында Кыргызстандын унаа жолдорун бузулуудан сактоо максатында токтом кабыл алган. Ага ылайык, өлкөнүн ички жолдорунда 44 тоннадан ашык салмактагы унааларга жүрүүгө тыюу салынган.
 
Кабар