Кытайдын банкы Кыргызстанга 389 млн доллар берип жатып, өзүнүн экономикасына 900 млн доллар инвестиция алып келгени жатат, деп билдирет 11-июнда Жогорку Кеңештин Экономика жана бюджет комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков.
 
Анын айтымында, «Датка-Кемин» электр подстанциясын куруу кытай тараптан болууда. «Алар подстанцияны курууда өзүлөрүнүн техникасын жана жумушчу күчүн жумшашат. Бардык тетиктер Кытайдан алынып келинет. Келген акчалар кайра эле Кытайга кетет. 20 жылдан кийин биз кайра эле Кытайга проценттерди кошкондо 512 долларды төлөп беришибиз керек. «Датка-Кемин» подстанциясын курууга насыя алуу менен биз Кыргызстанды 900 млн доллардык карызга отургузганы жатабыз. Мен жалпысынан бул долбоорду колдойм, бирок аны кайра карап чыгыш керек», - деди депутат.
 
Натыйжада бул насыялык макулдашуу жактырылды. Бирок комитет жумушчу күчү Кыргызстан тараптан болсун, пайыздык бааны төмөндөсүн деген сунуштар өкмөткө жолдонду.
 
Булак: Баракелде, "Вечерний Бишкек"