Кыргызстанда “Кумтөр” алтын кен ишканасында өндүрүштүн басаңдашы менен өнөр жай тармагында өсүш 31,2 пайызга төмөндөдү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин январь-май айлары боюнча талдоосунда берилген. 
 
Беш ай ичинде өнөр жай тармагында 44 миллиард 791,1 миллион сомдук продукция өндүрүлдү. “Кумтөрдү” эсепке албаганда ал 29 миллиард 235,1 миллион сомду түзүп, 8 пайыз өсүш болду. Мында кайра иштетүү өнөр жайында 42,8 пайыз төмөндөө байкалды. Ал эми тоо кен өндүрүшүндө 1,2 пайыз, электр энергиясы, газ менен сууну өндүрүү жана бөлүштүрүүдө 14,5 пайыз өсүш болду. 
 
Белгилей кетсек, 2011-жылдын январь-май айларында өнөр жай тармагында 10 пайыз өсүш белгиленген болчу. 
 
Кабар