Кыргызстанда беш ай ичинде ички дүң өндүрүм 6,4 пайызга төмөндөдү


  Кыргызстанда беш ай ичинде ички дүң өндүрүм 6,4 пайызга төмөндөдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин ар айлык талдоосунда берилген.
 
2012-жылдын январь-май айларында ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 90 миллиард 607,7 миллион сомду түздү. Бул былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу 6,4 пайызга аз болду. 
 
Бирок ички дүң өндүрүм “Кумтөр” алтын кен ишканасын эсепке албаганда 3,6 пайызга өскөндүгү белгиленди. Аталган ишканадан түшкөн кирешеден тышкары анын көлөмү 84 миллиард 120,6 миллион сомду түздү. 
 
Эске сала кетсек, 2011-жылдын январь-май айларында республикада 3,5 пайыз экономикалык өсүш белгиленген болчу.
 
Кабар