Каржы министринин орун басары Улан Даникеев өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда быйылкы жылдын алгачкы кварталында 12 миллиард 761,5 миллион сомго көп жыйналып, жалпы көлөмү 66,3 миллиард сомго жеткенин маалымдаган.  Республикалык  бюджеттин өсүшү 23,8 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Кварталдын 3/1 бөлүгүнө жакыны каникул, майрамдык дем алуулар менен өткөнүн эске алганда, бул аябагандай жакшы көрүнүш. Ошол эле мезгилде  Өкмөттүн 2023-жылга койгон планынан алып карганда, жупуну эле көрсөткүч болуп калат.  Бул өңүттөн алганда, “Өкмөт жыл аягына чейин бюджетти толтуруу боюнча планын аткара алабы?”- деген суроо берүүгө аргасызбыз. Себеби, быйыл өкмөт алдына аябагандай эле бийик чекти - өлкөнүн ички дүң жыйымынын жарымына барабар же жалпы көлөмү консолидацияланган 503,4 миллиард сомдук бюджетти аткарууну милдет кылып койгон. Бул өткөн жылдын консолидацияланган бюджетинен 100 миллиард сомго көп. Эгерде бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылуусу азыркыдай болсо,  аны аткарууга мүмкүнчүлүк бар. А эгерде киреше бөлүгүн аткаруу пландагандай болбой калсачы?

Экономикабыздын өткөн жылдагы өсүш темпи 7 пайыз гана болсо, бюджеттин биринчи кварталдагы 24 пайызга жакын өсүшү эмнелердин эсебинен жаралды? Каржынын көлөмүнүн абалы биринчи кезекте экономиканын көлөмүнө көз каранды. Товарлар көп болсо, андан түшкөн акчалар да көп болот. Мында бюджеттик жыйымдардын экономиканын өсүшүнөн үч эседен ашык көп болгонунун сыры эмнеде?

Мында Жапаровдор көмүскө экономикадагыларды ачыкка чыгаруу, салыктык базаны кеңейтүү, милдеттүү чегерүүлөрдү жана төлөмдөрдү өндүрүү, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө ж.б. боюнча активдүү жана натыйжалуу иштеп атышат.  Бажыканалардын баарын санариптештирүүгө өткөрүп, дүң соода жана тейлөө түйүндөрүнө милдеттүү түрдө кассалык аппараттарды койдуруу, жашыруун иштеп жаткан цехтерди, ишканаларды ачыкка чыгарып, байлардын  кыймылсыз мүлктөрүн аныктап, милдеттүү салыктарын өндүрүү, каржылык тартипти бекемдөө ж.б. өз натыйжаларын берүүдө. Бюджетти толтурууга Камчыбек Ташиев жетектеген УКМК да аябагандай чоң салым кошуп атканын айтпай коюуга болбойт.  Көп кабаттуу турак жайларды, өнөр жай жана жана энергетикалык обьектилерди, социалдык имараттарды куруу кескин көбөйдү. Өткөн жылы өнөр жайы тармагында 10 ишкана курулуп бүтүп пайдаланууга берилди. Президент  быйыл жыл аягына чейин 100 мектептин имараты курулуп бүтөрүнө ишендирүүдө.  Инвесторлор “Бишкек ситини”, чоң мечиттин курулушун ж.б. башташты. Курулуштар канчалык көбөйсө, бюджетти толтурууга ошончолук жакшы. Анткени, капиталдык курулушка  жумшалган каражаттардын 20-25 пайызы милдеттүү чегерүүлөр, салыктар ж.б. түрүндө кайра эле бюджетке келип түшөт.

Бюджеттик жыйымдардын 24 пайызга жакын жогорулагандыгына эмнелер себеп болууда? Баамыбызда, биринчи кезекте курулуштардын, өнөр жай продукцияларын чыгаруунун кескин өскөндүгүнөн улам болсо, экинчиден, салыктык базаны кеңейтүүнүн, тагыраак айтканда, ушул убакка чейин салыктан качып жүргөндөрдүн, патенттин шылтоосу менен символикалык суммаларды гана төлөп келгендердин сезилерлик бөлүгүнөн салыктар  толук өндүрүлө баштады. Бул багытта резервдер дагы деле көп. Мурда экономиканын 40-50 пайызы көмүскөдө деп айтылып жүрсө, азыр ашып кетсе анын жарымы гана ачыкка чыгарылды десек болот.  Кафе-ресторандык, курулуш, тигүү, туризм ж.б. тармактагылардын көпчүлүгүндө дагы деле кош бухгалтерия иштейт. Майда чекене соода, тиричиликтик тейлөө тармагындагылар тапкан кирешелерине жараша эмес, патент үчүн да колдорунан чыккандарын, оокаттуу фермерлер менен дыйкандар  реалдуу кирешелеринин 100/1ин гана төлөшөт. Өз автоунаалары менен жүргүнчүлөрдү ташыгандардын көпчүлүгү эч нерсе деле  төлөшпөйт. Эгерде андай ички резервдердин  баардыгы болбосо да 80-90 пайызы салыктык, төлөмдүк базаларга тартылса, консолидацияланган бюджет автоматтык түрдө дагы 100 миллиард сомго көбөйүшү толук мүмкүн. Бул белгиленген бюджетти аткарууга  резервдер, мүмкүнчүлүктөр бар дегенди билдирет. Калганы Өкмөттүн иш-аракетинен көз каранды.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: "Майдан.kg" гезити