Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК Кеңеши) кеңеши өттү, анын ишине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышты.

Жыйындын күн тартибине 38 маселе коюлган.

Натыйжада, «Айрым айыл чарба продукцияларына 2023-жылга суроо-талаптын жана сунуштун биргелешкен индикативдик балансы жөнүндө» чечим кабыл алынды.

Бул чечимге ылайык, 2023-жылга айрым айыл чарба продукцияларына суроо-талап менен сунуштун биргелешкен индикативдик баланстары бекитилди, бул Биримдик өлкөлөрүндө өз ара жеткирүү потенциалын баалоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин башка чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында жана бажы чек арасында мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлгө алынуучу продукциянын (товарлардын) бирликтүү тизмегинин II бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Чечим Биримдикке мүчө мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн суроо-талаптарынын негизинде даярдалды жана идиш-аяктарды жана ашкана идиштерин, ашкана жабдууларын Бирдиктүү тизмектен чыгарууга мүмкүндүк берет, ошентип бул товарлар мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөйт.

Мындан тышкары, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин «Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукцияларын жана «Евразиялык агроэкспресс» азык-түлүктөрүн ыкчам темир жол жана мультимодальдык ташуулар аркылуу ишке ашыруу боюнча биргелешкен долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө» буйругу кабыл алынды.

Чечим мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрүн ички рынокто да, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна да Түркмөнстан, Иран Ислам Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары жана Индия Республикасы багыты боюнча «Түндүк-Түштүк» эл аралык транспорт коридору боюнча үзгүлтүксүз тездетилген жеткирүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган.  

Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө санариптик көзөмөл түзүлүштөрдүн (тахографтардын) басып чыгаруусун колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу чечим кабыл алынды.

Чечим ЕАЭБ аймагы аркылуу эл аралык ташууларды ишке ашырууда санариптик тахографтардын басып чыгаруусун өз ара негизде таанууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин дагы бир чечими менен контейнерлердин айрым түрлөрү үчүн Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын ставкалары белгиленген.

Көрсөтүлгөн бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы 2023-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин ЕАЭБ ВЭД 8609 00 900 9 коду боюнча классификацияланган контейнерлердин айрым түрлөрүнө карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын нөлдүк ставкасын белгилөөнү карайт. 

Андан соң Кеңеш ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына балдардын психикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген оюнчуктарды биримдиктин ички рыногуна жүгүртүүгө чыгарууну жокко чыгарууну камсыз кылуучу талаптарды белгилөө маселесин комплекстүү иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле ЕЭК Кеңеши «Туш кагаздарды өндүрүү үчүн пластмассаланган поливинилхлоридге ЕАЭБ бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө» чечимдин долбоорун жактырды (бажы наркынан 0% өлчөмүндө убактылуу негизде). 

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө 2023-жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин күн тартиби бекитилди.

Жыйындын соңунда ЕЭК Кеңешинин кезектеги отурумун 2023-жылдын 18-февралында Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүү чечими кабыл алынды.