- Жамин агай, энергетика тармагындагы ортомчу фирмалардын көпчүлүгү жоюлганы туура эле болдубу?
- Азыркы учурда электр энергиясы боюнча болуп жаткан орчундуу көйгөлөр биринчи кезекте ушул өтө маанилүү тармактагы коррупциянын эбегейсиз гүлдөп жатканы менен гана түшүндүрүлөт.
Светти бөлүштүргөн ортомчу алып сатарларды түп тамырынан жоюу – бул коррупция менен күрөшүүнүн алгачкы жана натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелет.
Энергетика тармагындагы 137 миллард сом өлчөмүндөгү олчойгон карыздар – бул "жети баштуу желмогуз" делген коррупция менен түздөн-түз байланышкан.