Жакында “Дыйкан-Дордой” базарынын соодагерлери митинг өткөрүшүп, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТК) милдеттендириле турган болсо, товарлардын наркы да көтөрүлө турганын билдиришти. Алардын айтканы канчалык деңгээлде туура? Өлкө экономикасына бул жаңычылдык кандай пайда алып келиши мүмкүн? Бул суроо менен саясат талдоочу Марс Сариевге кайрылдык.

- ЭТТКны ишке киргизүү чындыгында, бюджетти толтурууга жардам берет. Айрым маалыматтарга караганда, каржы агымдарынын дээрлик 80 пайызы көмүскөдө экен. Бул көмүскө бизнес деп аталат. Баары көмүскөгө кете берсе, казынага каражат түшпөйт, анда социалдык тармактын маселеси чечилбейт, пенсия, пособие, маяналарды төлөөдө кыйынчылык жаралат. Ушуну билип туруу каршы чыгуу- экинчи тараптын кызыкчылыгы деген түшүнүктү жаратат. Ачык – айкын иштөөдөн баш тартуу – мамлекетке каршылык көрсөтүүгө тете. Анткени, салык төлөмдөрү бюджетти сактайт, бюджет жетиштүү болсо, элдин да турмушу жакшырат. Ошондуктан, абдан жакшы маалыматтык саясат керектелет, түшүндүрүү иштерин терең жүргүзүү зарыл. Түшүнүктүү эмеспи, өзгөчө ири бизнесте гиганттык суммадагы акчалар көмүскөдө жатат. Анын баарын суу үстүнө калкытып чыгарууга көп убакыт, көп күч жана көп аракет керек.