2021-2032-жылдарга учурдагы тышкы карызды тейлөө жана төлөө боюнча бардык төлөмдөрдүн 83% туура келет.

Анын 50%ын Кытай Эл Республикасынын Эксим банкынан алынган насыяларды тейлөө жана төлөө түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгилге кирип жатканыбызды, 2023-жылга тышкы карыздын көпчүлүк бөлүгүн төлөөгө туура келерин кошумчалады.

«Мен эч кимди коркутпайм, бирок карызды төлөй албасак, Кытайдын Экспорт-импорттук банкы башкаруучу компанияны киргизип, ага стратегиялык объектилерибиз өтөт. Биз ушундай моюнга илинген жиптен кутулушубуз керек. Кудай сактасын деп отура бербей, баарыбыз бир туунун астында биригип, бир багытта иштешибиз керек! Көз карандысыздыгыбызды сактап калалы! Мен экономикалык көз-караштан алып караганда туруштук бере алабыз деп ишенем", — деди Акылбек Жапаров жана кытай компаниялары башка мамлекеттердеги объектилерди башкарууну көзөмөлгө алган мисалдар бар экендигин кошумчалады.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить