Кыргызстанда мамлекеттин, элдин эртеңин таптакыр ойлобогондор, жеке өзүнүн гана капчыгын, бакубатчылыгын ойлошкондор көп. Андайлар жалпы элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган чечимдерге каршылыктарын көрсөтүшүп, өздөрү үчүн ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды жактап, колдошот. ККМ аппараттарын милдеттүү орнотууга каршы чыгып жатышкандар тууралуу ушуну айтса болот.

Аларга ашыкча төлөгүлө деген, же салыктын өлчөмүн жогорулаткан эч ким жок. ККМ аппараттарын тигил же бул ишкерден ашыкча салык чогултуу үчүн эмес, салык системасындагы калыстыкты орнотуу, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, контрабандага бөгөт коюу максатында орнотуу талап кылынууда. Ишкерлер каалашабы, жокпу, бирок бул жаатта калыстык, тартип болушу керек го. ККМ аппараттарын киргизбесе, көмүскө экономика гүлдөй берет, миллиондогон салыктарды төлөөчүлөр арзыбаган сумманы төлөшүп, капчыктарын кампайтышып, бюджеттин казынасын жукарта беришет.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун атын укканда  азыр ишкерлердин бир бөлүгүнүн итатайлары тутулууда. Бирок А.Жапаровдун ККМ апараттары боюнча чечими элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына туура келет. Нааразылык акцияларынан улам А.Жапаров ККМ аппараттарын орнотууга 10 күндүк мораторий киргизди. Бирок бул чечим убактылуу гана болуп, андан соң каршылыктарга, ызы-чууларга карабай, ККМ апараттарын ар бир ишкердин орнотуусуна жетишүү зарыл. Ансыз көмүскө экономикадан эч качан арыла албайбыз.

Булак:  “Майдан. kg” гезити