Кыргызстанда шумдуктай долбоорлор жарнамаланып жатат. “Асман” өзүнчө эле   асмандан түшө калгандай ажайып, ага инвестор издегендер бир команда болуп түз эле  Парижге кетишти. Алар “Асманга” шаты боло алгыдай акча таап келишеби же Луврдагы   Рубенстин сүрөттөрүн көргөндөрүнө маашырланып келе беришеби, ал азырынча белгисиз.

Жакында “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” деген улуттук холдинг түзүлүп, анын алкагында тоо-кен, энергетика, курулуш жана өнөр жай, кайра иштетүү, көмүр өнөр жай ж.б.  тармактарында 32 ири долбоор ишке ашырыла тургандыгы маалымдалды. Алардын ичинде Ысык-Көл облусунда цемент заводун, Кавакка жыл сайын 5 миллион тонна көмүр (Кыргызстандын бир жылдык көмүр керектөөсү 2,5 миллион тонна) өндүрө турган шахта,  Андаш, Талды-Булак, Куттуу-Сай алтын кендерин, Кара-Көл, Орто-Токой чакан ГЭСтерин ж.б. өнөр жай обьектилерин куруу бар. Мында адегенде эле: “эгерде Кыргызстандын ушунчалык каржылык ресурстары болсо, эмне үчүн Камбар-Ата-2 ГЭСи  алигече курулуп бүтпөй, өлкөдө электр энергияларынын таңсыктыгы жылдан жылга көбөйүп баратат?”- деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.

Быйыл кышкы сезон жылуу болуп энергетиктердин гана эмес, бийликтегилердин да абийирлери жабылды. Сезон эң жеңил болгонуна карабастан сырттан 2 миллиард квт. сааттан ашык электр энергиялары сатылып алынды. Эми алдыдагы кышкы сезон оор келсе акыбалыбыз кандай болот?

Ошондуктан 32 долбоорду бир жараналабастан жакынкы 2-3 жылда энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууга гана артыкчылык берилиши керек. Алты коёндун артынан кууган анын бирине да жетпейт. Эгерде акча ашып-ашып жатса, эч нерсе демек эмеспиз. Бирок,Өкмөттүн инфляцияны индексациялаганга акыбалы жетпей жатканда 32 долбоордун ишке ашырылышына ким ишенет? Адегенде 2-3 долбоорду эле максат кылып коюп, аларды тезирээк куруп бүтүп, ишке киргизип, элде анча-мынча үмүт, ишенич пайда болгондон кийин  калган долбоорлор жөнүндө сөз кылса болмок.

Президент С. Жапаров 16-февралда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингдик компания” боюнча кеңешме өткөрүп, анын уставдык капиталы 282 миллион доллар боло турганын билдирди. Ал акчага Жогорку Нарын каскадындагы 5 чакан ГЭСтин жарымы курулуп бүтмөк. Ал акча нак колдо турса неге андай зарыл курулуштарга жумшалбады? Же алар азырынча кайда экени белгисиз, жакшы үмүт тилектерден жаралган эле суммаларбы? 

Улуттук холдингди башкаруу “Кумтөр” алтын фабрикасынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүковго тапшырылыптыр. Ал фабриканы жетектегенден бери Кыргызстанда алтын сатуу 4 эсе азайып кетти. Өз фабрикасын дурустап иштете, башкара албай жаткан ал инсан 32 ири долбоорду бириктирген Холдингди кантип башкарат болду экен? Элестүү айтканда, бөлтүрүктөргө кой кайтарткандай болуп калбас бекен?

Аталган улуттук холдингге “Аврора” пансионаты, Караколдогу  “Каприз” тоо лыжа курорту, “Карвен 4 сезон” пансионатынын 3/1 бөлүгү өткөрүлүп берилгени жатат. Же холдинг реалдуу күчү, мүмкүнчүлүктөрү жагынан өзүнчө чоң министрликке айланганы турат. Тенгиз Бөлтүрүков ар кайсыл өлкөлөрдөн кесипкөй 17 менеджерди таап, тоо кендерин иштетүү  боюнча 22 лицензия бергенин маалымдады. Же Холдинг тоо кендери боюнча агенттиктин негизги функцияларын да өзүнө алыптыр. Элге анын же лицензияны ким бергенинин ысык-суугу жок жок, “бука да болсо сүт берсе болду” дегендей, ал кендер тезирээк иштетилип, жаңы жумушчу орундар түзүлүп, бюджетке кошумча кирешелер түшө баштаса гана  болду. Бирок, алар ишке ашабы?

Өзүнүн айтуусу боюнча, Тенгиз Болтүрүков Иранга барып, Бандар-Абас портун ижарага алуу жөнүндө келишимге кол коюп келет экен. Бул макала жарыкка чыккыча кол коюлуп калышы да ыктымал. Бирок, биз ал портко кандай товарларыбызды кайсыл жолдор менен алып чыгабыз?

 Акылбек Жапаров министрлер Кабинетин жетектегенден бери жомоктогудай эле пландар, максаттар айтылууда. Ал быйыл бюджеттин киреше бөлүгүн 2 эсе көбөйтүүгө да убада берген. Астапурулла, “Асмандаган” Бөлтүрүковдорго ишенип жүрүп ала салып кетпесек  экен!

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити