Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу түшүндүрмө берип, бензин менен дизелдин баасы дагы кымбатташы мүмкүн экендигин билдирди.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатовдун айтуусунда, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турушса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда. Дизелдик отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет.

"Компаниялар азыр Орусияда келишим түзсө, куду ушул өскөн баалар менен түзүлүүдө. Алар алган күйүүчү майлар ошо менен эки аптадан кийин, башкача айтканда ноябрдын баштарында келет. Натыйжада бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9-10 сомго чейин көтөрүлөт. Ноябрдын баштарында аз-аздан кошулушу мүмкүн, бирок айдын аягында баа ушул көлөмдө өсөт", - деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мурдагы божомолунда күйүүчү-майлоочу майлар октябрда 1,-1,5 сомго чейин баа кошорун эскерткен эле. Соңку баалар көрсөткөндөй, бул жоромол туура болуп чыкты. Муну алдын алуу үчүн бул тармактагы ишкерлердин уюму бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну Министрлер кабинетинен суранган.

Президент С. Жапаров да журналисттер менен жолугушууда бул темага кайрылып, Кыргызстан Россиядан тышкары Түркмөнстандан электр энергиясынан тышкары күйүүчү майларды да сатып алып жаткандыгын, учурда алгачкы эшалондор Ошко келип калгандыгын айтты.

Азыр бензиндин А-95 үлгүсү 61,50 сом, А-92 үлгүсү 56,95 сом, А-80 үлгүсү 54,19 сом, дизел отуну 51,66 сомдон сатылууда.