Учурда тамак-ашка кошулуп, кийим-кече жана башка чет жактан ташылып келген товарлардын да баасы кымбаттап жатат. Анткени бизге көпчүлүк товарлар Кытайдан ташылып келгендиктен, коронавирус пандемиясына байланыштуу чек ара жабылып, бир жылдан кийин ачылган менен көптөгөн чектөөлөр дале алынбай, кыргыз ишкерлери товарын Казакстан аркылуу жол чыгымына 2-3 эсе көп төлөп алып келишүүдө.

Алардын бул көйгөйү Жогорку Кеңештин депутаттарына да айтылып,  эл өкүлү  Мейкинбек Абдалиев “Дордой” базарындагы ишкерлер менен жолугушту.

“Дордой” ассоциациясына караштуу Профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөлөталива: " Торугарт, Эркештам чек аралары жабык болгондуктан, соодагерлер товарларын Казакстан аркылуу ташып келүүгө аргасыз болушууда. Бирок казак Бажычылары түрдүү себеп менен кыргызстандык ишкерлердин товарларын айлап-жылдап кармап жатат. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрине кат менен кайрылганбыз. Жооп жок болуп, натыйжада ишкерлер чыгымга учурап жатат. Мисалы: Тигүүчү цехтерге кездемелер  жетишпейт. Мадина базарына келген кездемелер Өзбекстанга кантрабанда жолу менен кетип жатат"-деди.

Ал эми жеке ишкер Мырзабек Асанов 50 миң долларлык товарларын Казакстандын Бажычылары кармап турганын айтты.

Жыйынга катышкан Кыргызстандын Бажы кызматынын кызматкери Пак Евгений: "Биз Казакстандык кесиптештерге кайрылдык. Алар Бажы мыйзамдары бузулгандыктан 80 контейнерге кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү иштери жүрүп жатат"- деди. Ал эми Бажы кызматынын дагы бир кызматкери Эркинбек Иманалиев көйгөйдүн баары ташылып келип жаткан товарлардын документтери Бажы мыйзамдарына туура келбей жаткандыгы менен байланыштырды.

Талкууда жеке ишкерлер менен Эл аралык жүк ташуучу компаниялардын ортосунда келишимдердин жоктугу да көйгөй алып келип жатканы белгилүү болду.