ЕАЭБдин алкагындагы расмий статистика ушундай. Евразия экономикалык биримдигинин статистика департаментинин маалыматына ишенсек, 2021-жылдын июлуна карата ЕАЭБ ѳлкѳлѳрүндѳгү жарандарды жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий катталган жумушсуздардын саны 1,45 млн. адамды түздү. Бул ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 60,3 %га аздык кылат. Жалпы жумушчу күчтѳрүнүн санына салыштырып айтканда, жумушсуздар 1,5 %ды түзѳт, бул кѳрсѳткүч ѳткѳн 2020-жылы 3,9 %ды түзгѳн эле.

Тилекке каршы, ЕАЭБ ѳлкѳлѳрүнүн ичинде жумушсуздук кѳрсѳткүчү боюнча Кыргызстан алдыда келатат. Ѳткѳн жылдын июлунда 79,3 миң адам жумушсуз эсептелсе, бул жылы кѳрсѳткүч 80,5 миң адамга жетти. Бул жумушчу күчтѳр рыногунун 3,1 %ын түзѳт.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити