Кыргызстандын экономикасы айдан айга начарлоодо, бирок өлкөнүн экономикалык блогуна керт башы менен жооп бере турган Акылбек Жапаровдун ансайын фантазиясы артып, рационалдуу акыл-эстин чегинен чыккан идеяларды сунуштап атат. Адамдын  фантазиясынан бир күндө жүз идея деле жаралышы мүмкүн, бирок мамлекетти жетектеп, анын эң негизги тармагына жооп берип жаткан чиновник оолукма акындардай оюна келгендердин бардыгын кагазга түшүрө бербестен адегенде адистер менен кеңешип, анализдеп, таразалап, негиздеп алып, анан жалпы элге алып чыкса туура болмок. Тилекке каршы, “мистер 10 пайыздын” иш-аракеттеринде андай рационалдуулук, так логика болбой жатат.

 Өзүңүздөр карап көрүңүздөр. Министрлер кабинети быйылкы жылдын 1-жарымында өлкөнүн экономикасынын айрым тармактарында сезилерлик өсүштөр болгондугун, дагы бир азыраак жылыштар болсо эле, экономикабыз ишенимдүү өнүгүү жолуна түшөрүн маалымдаган. Бирок, андан көп өтпөй Министрлер кабинети Кыргызстанда экономикалык чукул абал киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору менен чыкты. Бул иш жүзүндө Өкмөт иштей албай, банкроттукка учурагандыгынын далили болуп саналат. Экономикалык чукул абалдын Министрлер кабинети же анын каржылык жагын да башкарган А.Жапаров үчүн артыкчылыгы алар парламент менен макулдашпастан бюджеттин 20 пайызын өздөрү кааллагандай жумшаганга укук алышат экен. Азыр ал мыйзам долбоору эксперттик талдоодон өткөрүлүүдө. Талдоо бүткүчө жыл аяктайт. Аны көрүп, билип туруп анда эмне Акылбек Жапаров аталган мыйзам долбоору менен чыкты? Иштеп жаткандай түр көрсөтүү үчүн элеби?

Жапаровдун орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, эксперттердин сунуштары боюнча мыйзам долбооруна бир катар өзгөртүүлөр киргизилиптир. Бирок, ага ишкерлердин жана бизнесмендердин чөйрөсү дагы деле чоң шек менен карап, ишенбей жаткандыгын ачык айталы.

Жакында Акылбек Жапаров КРнын Салык Кодексине экономика министрлигине банктык бардык операциялар менен таанышуу укугун берү€ демилгеси менен чыкты. Дүйнөдө бардык банктардын ички маалыматтары жашыруун сыр катары сакталат. Эгерде каалагандын баары банктарга келген-кеткен акчалар менен тааныша берсе, анын эмнеси банк? Почталардын жөнөкөй түйүндөрүнөн айырмалары болбой калбайбы? Почталарда деле конфиденциалдуулук сакталат. Акылбек Жапаров да активиндегилерди башкаларга каттаткан чоң ишкерлерден экендигин элдин баары билет. Же жогорудагыдай жол менен атаандаштарынын активдерин көзөмөлдөп тургусу келип жатабы? Ошондой болушу да ыктымал.

Буларына  тилибизди тишибизге басып чыдамакпыз, бирок анын Ички иштер министрлигинин жер-жерлердеги участкалык инспекторлоруна экономикалык кылмыштарды аныктоо укугун берүү жөнүндө сунушу бизди биротоло таң калтырып, бул адам адекваттуу инсанбы же... деген ойлорду жарата баштады. Анткени, участкалык милиционерлердин вазийпалары коомдук тартипти сактоо же бейбаштарды кармап, опузалап, жакалашкандарды арачалап, мастарды үйлөрүнө жөнөтүп, чырдашкан эрди- катындарга заң-закүндөрдү айтып туруу. Участкалык инспекторлордун басымдуу көпчүлүгүнүн билимдери (эгерде болсо) педагогикалык, же ЖОЖдордо сырттан окуп жүрүшкөндөр. Алардын экономикалык кылмыштарды ачканга билимдери, даярдыктары жетпейт. Бул биринчиси. Экинчиден, президент ишкерлерди текшерүүнү азайтуу жөнүндө саясат жүргүзүп, бул багытта атайын  жарлыктарды  чыгарып жатканда Акылбек Жапаров участкалык инспекторлорго да экономикалык кылмыштарды иликтеп, ачуу укугун берүү жөнүндө сунуш киргизгендиги, эң эле жумшак айтканда, макоочулук. Мындай “экстраоригиналдуу” жетекчилерден арылмайынча Өкмөттүн иши илгерилебейт.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити