Э иңиздерде болсо, мындан үч жыл мурда Дүйнөлүк Банктын каржылык колдоосу менен жарандардын интернетке жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен мамлекеттик кызмат көрөтүүлөрдүн санариптик түрүн өнүктүрүүгө багытталган Digital-CASA долбоору башталган. Тилекке каршы, долбоор ишке ашпай жатып ара жолдо кала турган болуп калды.

Буга чейин 25 млн. насыя түрүндө, 25 млн. долларын грант түрүндө каржы бөлгөн Дүйнөлүк Банк долбоордун ишке ашырылуусун текшерүүгө алып, анын жыйынтыгында кыргыз чиновниктери 3 жыл ичинде эч кандай жумуш аткарбаптыр деген бүтүмгө келишти. Анын негизинде долбоорду мындан ары каржылоону токтото турганы белгилүү болду. Кыргыз өкмөтү долбоорду мындан ары кантип, кайсы каражат менен аягына чыгарары белгисиз. Бирок кыргыз өкмөтү 25 млн. доллар насыянын үстөк пайыздарын төлөй башташы керек. Эч кандай иш кылынбай, акчанын оң, сол чөнтөккө солонуп кеткени үчүн долбоорго жооптуу аткаминерлер жооп береби? Эмне үчүн айрым чиновниктердин шалаакылыктары үчүн насыя акча жалпы элдин эсебинен төлөнүшү керек?

УКМК бул долбоорду текшерүүгө алып, акчанын максатсыз сарпталгандыктарына күнөөлүү кызмат адамдарын аныктап, алардын мыйзам чегинде жоопкерчиликтери каралышы зарыл.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити