- Нарынбек агай, Масадыковдун коопсуздук кеңешине орун басар болуп барышы колдоого татыйбы?

- Албетте, татыйт. Анткени, бүгүнкү күндө жалпы элибизде үмүтүнөн бөлөк эч нерсе деле калган жок. Масадыковдун коопсуздук кеңешинин орун басары болгону күч органдарын карайт, калпыстыктарга жол бербейт деген  үмүттү пайда кылып, иштин өтөөсүнө чыгат деген ишенимди жаратты. Себеби, Масадыков билимдүү, такшалган, ички, тышкы саясатты жакшы түшүнгөн мыкты кадрлардан. Ал - Ооганстанда иштеген, талибдердин табиятын жакшы билген, көптү көргөн аялуу кадр. Ошон үчүн иш алдыга жылат деген үмүтүм зор.  Буга чейин өзүнүн атын жөндөп айталбаган  кадрлар деле коюлган. Ал турсун көкүрөгүн чапкылап, эч кандай иш кылбаган интригадан башы чыкпагандар да  бийликти тегеректеген. Буюрса,  президент акырындык менен андайлардын бир тобунан кутулуп, татыктуу кадрларды кызматка тарта баштады. 

- Баса, буга чейин президент ишкерлер менен жолуккан. Ага чейин мамлекетке зыян келтирген ишкерлер да УКМКнын кылтагына илинген. Генрих Балянга окшоп, калпыс иштер менен алек болгондор  мындан ары корголушу керекпи же жоопко тартылышы керекпи? 

- Алгач Кыргызстанды ким багып жатканын эске алышыбыз керек. Ошондой эле  министерликтерде иштеген канча миңдеген чиновниктерге, мугалимдерге, врачтарга, пенсионерлерге ишкерлер төлөгөн салыктын эсебинен колдоо болуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан ишкерлерге мамлекет колдоо көрсөтүшү зарыл.

Садыр Жапаров  “ишкерлердин  5 пайызы чиновниктер менен байланыш түзүп, коррупциялык схема түзүп алганы үчүн жоопко тартыш керек” деп Генрих Балян тууралуу оюн билдирди. Бирок, укук коргоочулар минтип отурса, бизнесмендердин баары кетип калаарын айтышты. Чынында бизнесмендерди  кетирбеш керек. Бизнести колдоп, кармап калыш керек. Инвестиция министри Алманбет Шыкмаматов “инвесторлорго өзгөчө статус беребиз” деп  туура маселени көтөрдү. Буюрса, ГЭСтерди курабыз. Өнөр жайды өнүктүрөбүз.  Кудай буюруп, машина чогулткан заводдор  курулуп,  баары ишке кирсе, миңдеген кишилер иш менен камсыз болуп, салык төлөнүп, экономика оңолот. Ошон үчүн инвесторлорго жана ишкерлерге жеңилдиктер берилип, мамлекет тарабынан шарттар түзүлүшү керек. Анткени, акча ишкерлерден гана түшөт. "Кумтөрдөн" түшкөн анча-мынча каражатты эске албаганда  бюджетке каражат салык менен  бажыканадан гана топтолот.  Ошон үчүн  ишкерлерге жеңилдик берилип,  инвестрлорго мамлекет тарабынан кепилдик берилиши керек.  Антпесек, эч бир инвестор келбейт. Кыргызстанга  эч ким завод да, фабрика да курбай коёт. Анткени, улам-улам революция кылган "жетишкендигибиз" менен көптөгөн инвесторлорду качырып алдык. Айрыкча  жогорку кызматта отурган коррупционерлер инвесторлордон “шапка” сурап отуруп, баарын качырып жиберишкен. Ошон үчүн заводдордун көпчүлүгү Өзбекстанга курулуп калган.  

Кыргызстанда деле  “голдстар” деген муздаткыч, южполиметалл деген микроволновка, радуга деген телвизор  чыкчу. Коркутуп, үркүтүп жатып баарынан айрылдык. Ошого карабай азыр да инвесторлор келгени жатат. Эми инвесторлорго шарт түзүп, мыйзамдарды өзгөртүп,  инвестициялык климат түзбөсөк Кыргызстан өнүп, өсүп кете албайт.

Ошондой эле чет мамлектетен келген эмес, кыргызстанда өзүнүн бизнеси бар ишкерлерди колдош керек. Аларды кыса берсе, өздөрү кетпесе да, бизнесин башка жакка алып чыгып кетип калышат.  Айтайын дегеним, кайда жеңилдик, тынчтык болсо, бизнес ошол жерге орун алат. Анткени, бизнес тынчтыкты сүйөт. Ошондуктан, бизнеске чоң жол ачыш керек.  Себеби, бизнеске аралашкандар жумуш орундарын түзүп, элди иш менен камсыздап  жатышат. Эгерде мамлекет башчысы бизнеске, ишкерлерге  чындап жеңилдик берүүгө  киришсе, бизнестин жолу ачылып,  мамлекетибиз оңолот. Ишкерлер да, мамлекет да чоң жетишкендикке жетишет.